Залина Касымова кыргыз маданиятына жана музыкасына салым кошуп келген бирден-бир кыл кыякчы кызыбыз. Ал тууралуу сиз билбеген фактыларды жазалы дедик. Эң коркунучу эмне экенин, эң чоң сүйүү ким экенин билгиңиз келсе, макалага көз жүгүртүңүз.
1) Атыңыздын мааниси кандай чечмеленет? Залина деп ким койгон?
– Атым Залина – осетин тамырынан чыккан ысым. “Жаркыраган”, “нур чачкан” деген маанини берет. Атымды ата-энем койгон. Себеби мен төрөлөрдө "Залина" деген каарманы бар бир фильм абдан популярдуу болуп, экөө тең кызыгып көрүшкөн экен. Ошол тасмадагы актрисанын аты дагы, мүнөзү дагы жагып, таасирленишип, ошондон улам мага да ошол атты беришиптир.
2) Кайсы жерде, канча салмак жана бой менен төрөлгөнсүз?
– Бишкекте төрөлгөм. 3,6 килограмм салмакта, 52 сантиметр бой менен жарык дүйнөгө келген экем.
3) Жашооңуздагы эң бактылуу көз ирмемдер…
– Жашоодо бактылуу учурлар көп эле болуп келе жатат. Мисалы, үй-бүлөм менен чогуу өткөргөн мүнөттөр, биринчи жолу сахнага чыккан күнүм, өзүмдүн жана балдарымдын ийгиликтери, ата-энемдин ден соолугунун чыңдыгы... Айта берсем көп. Жашоону түшүнүп, баалай билген адамга тирүүлүктүн өзү, ар бир аткан таңды көрүшүң деле бактылуулуктун белгиси деп билем.
4) Бир адамга ачууңуз келгенде урушасызбы, же унчукпай жазалайсызбы, же аркасынан түшүп өз чындыгыңызды далилдейсизби?
– Жаш кезимде ачуум келчү эмес, бирөө таарынткан учур болсо ыйлап эле туруп берчүмүн. Азыр деле кээде болуп кетет дечи, бирок ошол учурда айта турчу сөз болсо, айтып коё алам. Көпчүлүк учурда эмоцияга алдырбай эле, унчукпай басып кетем же көңүл бурбайм. Анан ачуум өтүп кетип, тынчыгандан кийин, тынчтык жол менен баарын өз ордуна коюуга аракет кылам.
5) Жашоодо аябай көңүл калган учуруңуз… Кимге жана эмнеге?
– Эми андай учурлар баштан өткөн жок деп айтсам калп болот. Көңүлүм калса, экинчи ал адам менен байланыш түзбөйм. Андай адамдан сак дагы, алыс дагы болуп калам. Мындай нерселер турмушта мага чоң сабак болот.
6) Эң чоң жеңишиңиз?..
– Жеңиштин формасы, өңү-түсү, даамы ар башка адамда ар түрдүү болот экен. Жакшы чыгарма, концерт, элдин алкышы, өзүңчө үй куруп алсаң деле жеңиш экен. Бийик чокуга чыгуу да өзүнчө жеңиш. Кайсы бир адамдын сүйүүсүнө арзысаң, анан ал сага ыр жазса, махабатын арнаса, бул деле бир романтикалуу жеңиш. Былтыр мага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген мамлекеттик наам берилди, бул дагы сонун жеңиш.
Бирок, жеке пикиримде, жеңиштердин эң улуусу – өзүңдү жеңген, өзүңдү тааныган учуруң экен. Улам эле бир чокуга умтулуп, кыйналып, бактысыз боло бербей, “ушул жашоомо, өзүмө ыраазымын, мен өзүмө жагам” деп бирөөлөр үчүн эмес, өзүң үчүн жашай баштаган эң чоң жеңиш экен. Мен ошол эң чоң, түгөнбөгөн жеңишиме жеттим деп ойлойм.
7) Эң чоң коркууңуз?..
– Өзүмдү өзүм жоготуп алуудан корком. Анан курт-кумурска, жөргөмүш, келемиш, чычкан, жарганаттан, паркта жайбаракат эс алып бара жатканда бутума так секирип келип жабышып алчудай болгон чегирткеден корком. Дагы ошол курт-кумурскалардай болуп майдаланган, былжыраган, итиркейди келтирген адамдардан да корком.
8) Эң чоң сүйүүңүз?..
– Менимче, эң чоң жана чыныгы сүйүү – эне менен баланын ортосундагы сүйүү го дейм. Эч пафосу жок эле ушундай. Баштан өткөндү айтып жатам.
9) Канча тил билесиз?
– Албетте, эне тилим – кыргыз тили. Орусча жакшы билем. Азыр англис тилине өзгөчө көңүл бөлүп, курска барып жатам. Ал эми менин эң негизги тилим – дүйнөдө канча улут болсо, ошонун баары бирдей түшүнгөн музыка тилин эң жакшы билем. Мактангандай болбоюн (күлүп).
10) Канча өлкөгө баргансыз жана сизге таасир берген шаар кайсы?
– Болжол менен 30 өлкөдө болдум. Париж шаары маданияты, энергиясы менен өзгөчө таасир калтырды. Эң биринчи чет өлкөгө чыкканым Москва шаары болгон. Болгондо да туулган күнүмдө 7-сентябрда учуп кеттик. Концертте оркестрдин коштоосунда Саид Бекмуратовдун “Топ жылкы” күүсүн аткардым. Күндүз концерт, кечинде кесиптештерим менен туулган күнүмдү белгилегем. Ошондо ичимден "көп өлкөгө барып, өнөрүмдү көрсөтүп, концерт берсем экен деп" тилек кылгам. Кудайга шүгүр, жаштын тилегин берет экен, баары аткарылып келатат. Москвадан кийин эле Париж, Италияга учкам. Парижде бир кызыктуу окуя болду. Эйфел мунарасын көрөм деп эки көзүм төрт. Кесиптештер менен жөө барып, Эйфелге жеттик. Кезек узун. Бер жагы бир саат турабыз. Кесиптештерим айнышты: “Кой, шопинг кылалы, духи алабыз”, – деп кетип калышты. Мен болсо Париждин ортосунда, жалгыз кезекке туруп, анан Эйфелге көтөрүлдүм. Түшкөн соң отелге кайра жөө бара жатам. Коркуп да кеттим, жолду болжол менен эле эстеп калгам. Азыр эстесем, эч нерседен коркпогон кыз экем. Чоочун өлкөдө, жалгыз, көчө аралап жүрөм, ошол күн мен үчүн таасирлүү болгон.
11) Чыгармачылык жолуңузда ыраазы болгон адамыңыз, балким, устат?..
– Чыгармачылык жолумда эң ыраазы болгон адамдар – ата-энем. Кандай учур болбосун, ар дайым мени моралдык жактан да, материалдык жактан да колдоп келишет. Мага ишеним берип, дем-күч болуп турушат, бул колдоонун баасын сөз менен жеткирип айтуу кыйын.
Ошондой эле менин устаттарым. Алар менин өнөр жолумда эң чоң ролду ойногон, ар бир баскычымда таасир берген адамдар. Бакыт Чытырбаев, Бактыгүл Адышева, комуздан Самара Токтакунова, Руслан Жумабаев, ооз жана жыгач комуздардан Акылбек Касаболотов. Ошондой эле ар дайым өз ойлору менен бөлүшүп, кеңеш айтып, багыт берип турган агайларым: Нурак Абдрахманов, Бакыт Тилегенов, Сагынбек Акматалиев жана башка көптөгөн агай-эжейлерим, баарысы өзүнчө бир мектеп. Ар биринен үйрөнгөнүм, алган сабагым бар. Алардын аркасы менен бүгүн мен бармын деп ишенимдүү айта алам.
12) Канча жашта биринчи маянаңызды алгансыз?
– Эң алгач маянамды Европага бир жумалык гастролго чыкканда алган экенмин. Мындан болжол менен 20 жыл мурун. Болгондо дагы евро менен алып баштаптырмын (күлүп). Эң алгачкы маянам 900 евро болгон. Ал учурда бул абдан чоң акча эле. Мен үчүн чоң кубаныч болгон. Анткени бир эле учурда өнөр көрсөтүп, чет өлкөдө концерт берип, андан акча да табуу ошол маалда мага жомоктой эле сезилген.
13) Азыр кайсы жерде эмгектенесиз?
– Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Улуттук маданият жана искусство университетинде жана шаардагы жеке менчик мектептердин биринде устаттык кылам. Акыркы жылдары ушул багытка өзгөчө көңүл буруп, шакирттеримди тарбиялоого басым жасап келе жатам. Мына, жакында эле, 2-3 күн мурда университеттен бир кызымды «5+» деген баа менен уядан учурдум. Бул мен үчүн чоң сыймык жана устат катары бир баскычтын жемиши десем болот.
14) Жүрөгүңүз ээсин тапканбы?
– Бул суроого азырынча «жооп даярдалып жатат» деп коёюн (кулүп). Жашоонун эң кызыгы – алдыда эмнелер күтүп турганын билбей турганың эмеспи. Ошондуктан бул теманы азырынча жашыруун деп калтыралы.
Нуржамал Жийдебаева