Жайгашкан орду – Ош облусу, Алай району, Бүлөлү айыл аймагы
Кожолуктун саны – 535
Элдин саны – 2300 киши (2024-жыл)
Акынбек Исакулов, жазуучу: «Айылдын аталышы бүлө таштарга байланыштуу»
– Бүлөлү тоо койнунда жайгашкан. Аталышы байыркы көчмөн маданияты менен байланыштуу. Тообуздагы сейрек кездешкен бүлө таштардын көптүгүнөн Бүлөлү деп аталып калган делинет. Бүлө таш менен илгери кылыч, канжар, бычак, кетмен, чалгы, балта, найза, устара курчутуп келишкен эмеспи. Бут кийим тиккен усталар, зергерлер, темир усталар көп колдонушкан. Убагында бүлө таштарды бул жактан алып барып Кашкар, Коконго чейин сатышчу экен.
Кичи-Бүлөлүнүн жылгасы созулуп барып Алайкуу өрөөнүнө туташат. Чоң-Бүлөлүнүн жылгасындагы жол болсо Көк-Суу өрөөнүнө алып барат. Көк-Суудан ары Кытайга өтүп кетчү кыска жол болгон. Илгерки замандарда адамдар жоодон, бай-манаптардын кысымынан качканда жанын сакташ үчүн ошол жол менен Кытайга өтүп кетишчү экен. Кытай менен соода-сатык кылууда ошол кыска жол колдонулганын аксакалдар айтып калышчу.
Сыргабай Абдырасул уулу, айыл башчысы: «Айылыбызда топоз көп»
– Бүлөлү – райондун борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылыбыз чоң, негизинен төрткө бөлүнөт: Чоң жана Кичи-Бүлөлү, Көл-Чаты, Кошулуш. Таза суу боюнча маселе жок. Айыл бийик тоонун арасында жайгашкандыктан дыйканчылык кылганга жер аз. Элибиз мал чарбачылыгы менен күн көрөт. Айылда топоз көп, жалпы 1500дөй чыгат. Илгери Союз кезинде топоз кооперативи бар болчу, анда 2 миңдей топоз багылчу. Кийин Союз тараганда аларды эл бөлүп алган. Бирок жол жана суу нуктарын оңдогонго керек болот деп, ортолукка да топоздор калтырылган. Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө да топоздон кайрылышып турабыз.
«Алма бышат, помидор бышпайт»
– Айылыбызда алма, өрүк, картошка бышканы менен, помидор бышпайт. Кышкыга малга тоют чөптү ар ким өзүнө тоодон бөлүнгөн үлүш жерлерден чаап алат. Айылда 2 ФАП, 3 орто мектеп, китепкана, 2 бала бакча, 2 спорт комплекси, 1 мини футбол аянтчасы бар.
Чоң-Бүлөлүдө чечилбей келе жаткан 2 көйгөй бар: 4 чакырым жолдун асфальтталбай турганы жана мектебинде спорт залдын жоктугу. Кыштын күнүндө дене тарбия сабагын өтүү кыйын. Биздин айылдан атактуулардан коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бөдөш Мамырова, ырчы Сонунбүбү Кадырова чыккан.
Жаратылышыбыз кооз, жайында жайлоодой болуп шиберге бөлөнүп калат. Бийик тоолорубузда кекилик, улар, түлкү, карышкыр, аркар-кулжа, тоо эчки, бүркүт, ителги, эңилчек, мамыры, жоогазын жана башкалар көп.
«Камчыбектин жигиттери намыстанып...»
– Курманжан датканын уулу Камчыбектин зайыбынын сандыктын ачкычтары байланган чачын орустар орноткон бажы өтмөгүндө иштегендердин бири кесип алат эмеспи. Камчыбектин жигиттери намыстанып аларды өлтүрүп, коктуга көмүп салышат. Орус аскерлери бажычыларды издеп келгенде элден чыккан саткын Карасакал деген киши ошол жерди тээп көрсөтүп берип коёт го. Ошол кокту биздин айылда. Ошол окуядан кийин орустар менен чабышабыз деп биз жактан көп эркектер кетип, кырылып калышыптыр. Бирок бул окуя азыркы күнгө чейин толук изилдене элек. “Каныбек” романында Каныбек жүргөн жер деп Ак-Белдин аты аталат, ошол жер дагы биздин айылда.
Калбү Омаралиева, уз: «Боз үйдүн кийизин жасайм»
– Кийиз жасаганды, шырдак шырыганды бала кезден апамдан үйрөнгөм. Боз үйдүн туурдук, үзүк, түндүк жабуу, эшик жабууларын, боо-чуу, кырчоолорун жасайм. Курак курайм. Убагында кийизден сувенирлерди да жасап жүрдүм. Пенсияга чыккандан бери бош убакыт кененирээк болуп, мурункудан көбүрөөк алектенип жатам. Үйдө өзүбүздүн боз үйүбүз бар. Кийизи өз колумдан чыккан. Шырдактардын орточо баасы учурда 30 миң сомдун тегерегинде болууда. Орусия, Германияга чейин алып кетишет. Айылда шырдак, кийиз, сувенирлерди жасап, курак кураган 5-6 уз бар. Кол өнөрчүлүк жаатында өткөрүлө турган фсеминарларга катышып, өзүбүз да мастер-класс өтүп турабыз. Айылда башка жактарда унутулуп же аз жасалып калган атала тамагын азыркыга чейин жасайбыз. Унду сары майга кууруп, суу куюп, кайнатып, айран, сүзмө же кымыз катыктап ичебиз. “Үлүш” дегенибиз да бар. Жайлоого көчүп барганда 1 союш союп, жайлоодогу коңшуларды чакырып, чай беребиз. Аркан тартыш, волейбол сыяктуу оюндар да ойнотулат.
Мухтар Жээнбеков, фермер: «Тыбыт багытындагы ангор эчки багам»
– Бир жылдан бери тыбыт багытындагы 50 баш ангор эчки багып жатам. Бир ай болду, тыбытын тарап саттык. Жалпы 40 килограмм тыбыт жыйналды. Чоң эчкилер 2,5 килограммга чейин тыбыт берди. Кардарлар Оштон келип алып кетишти. Эчкиден тышкары кой, уй да кармайм.
Бакыт Артыков, фермер: «Уйларым күнүгө жарым тоннадан ашык сүт берет»
– Фермерчилик менен алектенем. Эт, сүт багытында асыл тукум швиц, симментал породасындагы 80 баш уюм бар. Күнүгө анын 35и саалып, 1 күндө 600 литр сүт алам. Сүттү кайра иштетүүчү ишканага тапшырабыз, алар сүт азыктарын жасап чыгарышат. Буюрса, уйлардын башын көбөйтөсөк деп турам. Музоолорун ылгап, сатчусун сатып, башын толуктап турабыз.
Канымжан Усупбекова