Аялдарга тиешелүү оорулардын ичинде алдыңкы сапта мастопатия турат. 25-50 жаштагы аялдардын 50-70 пайызы аталган дартка кабылат деген маалымат бар. Ушул илдет тууралуу айтып берели.
Иштин баары гормондордо
Мастопатия грек сөзү, кыргызча “эмчек”, “азап тартуу” дегенди билдирет. Мастопатия көбүнчө гинекологиялык ооруларды коштоп жүрөт. Бул аялдардын кош бойлуулугуна, төрөтүнө тиешелүү органдардын – жатын жана эн безинин эмчек менен гормоналдык жактан байланыштуу болушу менен түшүндүрүлөт. Башкы ролду эн бездери ойнойт. Анткени 2 эн бези жыныстык гормондорду: андроген, эстроген жана прогестеронду бөлүп чыгарып турат. Эн безинин иштешинин бузулушу менен аталган гормондордун тиешелүү деңгээлде бөлүнүп чыгышы бузулат. Башкача айтканда, бири азыраак, башкалары көбүрөөк бөлүнүп чыгып, гормоналдык тең салмактуулук жоголот. Жатында эндометрия, эмчекте мастопатия жаралат, эн безинин ткандары өзгөрөт. Анткени эмчек гормондорго көз каранды орган.
Мастопатиянын эки түрү
Мастопатия медицина тили менен “эмчектин ткандарынын залалсыз өзгөрүүсү” деп түшүндүрүлөт. Дарт диффуздуу жана түйүндүү деп бөлүнөт.
Оору эмчектеги байламталардын ткандарынын көпшөк тартып өсүп кетиши менен башталат. Диффуздуу түрүндө эмчекте майда таруудай бүдүрчөлөр пайда болот. Оору андан ары өнүксө чоңдугу буурчактай, грек жаңгагындай болгон түйүндөр пайда болот. Бул – дарт түйүндүү түргө өттү дегендик. Кистоздуу түрүндө ичинде суюктук толгон бүдүрчөлөр жаралат. Мастопатиянын кайсы түрү болбосун ракка өтүп кетүү коркунучу бар. Дарт адатта 2 эмчекте тең, көбүнчө үстүнкү бөлүгүндө жаралат.
Эмнелер себеп?
Дарттын жаралуусуна себепкерлер:
• Пролактиндин көбөйүп кетиши. Эмчекте сүттүн пайда болушун шарттап, энелик инстинкти калыптандыруучу пролактин гормону бар. Аталган гормон жылдап бойго бүтпөгөн учурда же аборт жасаткан учурда көбөйүп кетип, мастопатиянын жаралышын шарттайт. Аборт дарттын жаралуу коркунучун 3 эсе жогорулатат
• Эстроген гормону көбөйүп, прогестерондун жетишпестиги
• Тукум куучулук
• Калкан сымал бездин жана боордун оорусу, кант диабети, жатындын сезгенүүсү, эмчектин жаракатка кабылышы
• Жатындын миома дарты
• Туруксуз жыныстык катнаш. Жыныстык мамиле бир калыпта болбосо, гормоналдык бузулуу жаралып, мастопатияны шартташы мүмкүн
• Стресс
• Төрөбөстүк
• Этек кирдин эрте жашта келиши
Гормоналдык дисбаланска түрткү болчулар
Организмдеги эн безинен гормондордун аз же көп бөлүнүп чыгышына төмөнкүлөр да түрткү болот:
• Семирүү
• Канда канттын деңгээлинин көтөрүлүшү
• Фаст-фуддарды көп жеп-ичүү
• Тамак-ашта йоддун жетишсиздиги
• Жыныстык жашоого эрте аралашуу
• Тамеки чегүү, ичимдик ичүү
• Кеч төрөт, биринчи баланы 30 жаштан кийин төрөө
• Бала төрөлгөндөн кийин эмизбей коюу (жасалма тамактандырууга өткөрүү)
• Эрте климакс
• Бойго бүтүрбөөчү таблеткаларды өз алдынча колдонуу
• Жыныстык органдардын оорулары (эн бездеринин поликистозу, тукумсуздук, жатындын шишиги, эндометриоз)
Оорунун белгиси – эмчектин шишип, калыңдашы
Дарттын 1-стадиясы:
• Эмчектин калыңдап, шишиши
• Этек кир келер алдындагы оорутуу
• Стресс болгондо оорутуунун күчөшү
Дарттын 2-стадиясы:
• Эмчек мурункудан да калыңдап, көбүрөөк шишийт
• Этек кир келбесе деле оорутуу сезилип турат
• Оорутуу далы, колтук, ийинге чейин берет
Дарттын 3-стадиясы:
• Оорутуу азаят. Бирок эмчектин калыңдап, шишиши ошол бойдон турат. Кармалап көргөндө көлөмү таруудай же андан чоң бүдүрчөлөр колго урунат.
• Эмчектин үрпүнөн суюктуктун бөлүнүп чыгышы
• Эмчекке бир нерсе тийип кетсе катуу оорутат
Диагноз үчүн маммография керек
Диагноз коюуда маммолог, эндокринолог, гинекологдун текшерүүлөрү, кеңештери керек. Эмчектин жана ички органдардын УЗИси, маммография, магниттик-рентгендик томография, дуктография (сүт каналчаларынын абалын изилдөө), гормоналдык анализдер керектелет. Алынган жыйынтыктар BI-RADS критериялары боюнча бааланат. Бул дарттын онкологияга өтүп кетүү коркунучунун канчалык экендигин баллдык системде аныктоого мүмкүндүк берет.
Ракка күмөн саналган убакта пункция сунушталат. Бул эмчектиин тканынан үзүп алынып, анда рак клеткаларынын бар же жок экендиги текшерилет.
Гормоналдык дарылар ткандардын өсүшүн токтотот
Мастопатия өз алдынча айыгып кетпейт. Дарыланбаса ракка айланат. Дарылоо комплекстүү жүргүзүлөт. Алгач эндокриндик системдин иштеши калыпка келтирилет. Бул оорунун андан ары өнүгүшүн токтотот. Аталган системдин иштеши калыпка түшүшү үчүн диета, иммунитетти көтөрүүчү терапия, микроэлементүү витаминдердин комплекси, фитотерапия сыяктуулар керектелет. Диетада жашылча, жемиш, акшак, деңиз азыктарына басым жасалат. Ал эми туздалган, маринаддалган, ышталган, ачуу тамактарга, майлуу этке, кофе, ичимдикке чектөө коюлуп, абдан аз колдонуу сунушталат.
Калкан сымал бездин, бөйрөк, боордун оорусу жана кант диабети бар болсо аларды кошо дарылоо да зарыл. Гормоналдык дарылар эмчектин шишип, калыңдашын кетирип, байламталардын ткандарынын өсүшүн токтотот. Гормоналдык дарылар таблетка, гель, дары май түрүндө болот. Ошондой эле сезгенүүнү кетирүүчү, оорутууну басуучу каражаттар берилет.
Бирок эмчекте залалдуу шишик бар экени аныкталса, гормоналдык дарылоо жүргүзүлбөйт.
Мастопатиянын акыркы стадиясы болсо, анда операция керектелет.
Операция эгер кистанын өлчөмү 3 сантиметр жана андан чоң болсо, оору бат өнүгүп жатса, биопсияда залалдуу шишик табылса жүргүзүлөт. Операциядан кийин дарылоо улантылат.
Операция жасалса да, консвервативдүү дарылоо болсо дагы аял маммологдо каттоодо туруп, убагында текшерилип, поливатаминдерди ичип турат. Күндүн алдында узакка болуудан сактанат. Иштөө, уйку режимдерин сактайт. Колтукка себилүүчү күчтүү дезодорантты колдонбоо сунушталат.
Эмчектин абалын өз алдынча текшерүү
• Этек кир кеткенден 6-7 күнү күзгүнүн алдында туруп, бир колду өйдө көтөрүп, экинчи кол менен эмчекти жана колтуктун аймагын кармалап көрүү керек. Эмчектин калыңдап, шишиши, бүдүрчөлөр, оорутуу байкалса, токтоосуз маммологго барып текшерилүү зарыл
• Аборт жасаткыча бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттарды колдонуу оң
• Төрөгөндөн кийин баланы жасалма тамактандырбай эмизүү кажет
• Жогоруда айтылган мастопатияга жеткирүүчү оорулар болсо, убагында дарылануу сунушталат
Кофени көп ичпеңиз!
Мастопатиянын алдын алууга карата кеңештер:
• Апасы тарапта рак, мастопатия менен ооругандар болсо, кыз-келиндер убак-убагы менен маммологдун көзөмөлүнөн өтүп турганы жакшы
• Түндө бюстгалтерди чечип, эмчекти эс алдыруу кажет
• Кофени көп ичүү, кара шоколадды, майлуу тамакты көп жегенде эстроген гормону көбөйүп кетип, мастопатияга жол ачышы мүмкүн
Канымжан Усупбекова