Мультфильм тарыхында эң кассалуу деп рекордчу аталган «Ажыдаарлардын падышасын жеңген Нэчжа» анимациясы Кытай мамлекетине таандык. Буга чейин лидерлик сапта 2024-жылы чыккан “Pixar” кинокомпаниясынын “Баш катырма” (“Головоломка-2”) мультфильми (прокатта
1,6 миллиард доллар топтогон) турган. Кино дүйнөсүнө кошсок, топтогон каражаты боюнча «Ажыдаарлардын падышасын жеңген Нэчжа» мультфильми “Титаник” тасмасынан кийинки 5-орунга чыкты. Азияда тартылып, бүт дүйнөгө “бум” жараткан мультфильмдин сыры эмнеде?
Тарткан өлкө: Кытай
Чыккан жылы: 2025-жыл, 29-январь
Узактыгы: 2 саат 24 мүнөт
Режиссёру жана сценаристи: Ян Юй
Бюджети: 80 миллион доллар
Топтогон каражаты: 2 миллиард 205 миллион 500 миң доллар
Эмне жөнүндө?
Кырсыктын натыйжасында Нэчжа жана анын досу Ао Бин денесиз рухка айланышкан. Алар асманда жашаган өлбөс Улянда сакталган нефрит эликсиринин жардамы менен гана мурунку көрүнүшүнө кайтып келе алышат. Достор эликсирди алуу максатында Уляндын бардык сыноолорунан өтүүгө бет алышат. Ао Бин тез арада тирилип, өз денесине кайтпаса, анын атасы – ажыдаарлардын падышасы адамдарга согуш жарыялап, аларды түп тамыры менен жоготом деп турат. Мультфильмде кайрадан ак менен кара, жарык менен караңгы бетме-бет келет.
Нэчжа деген ким?
Нэчжа – кытай фольклорундагы мифологиялык каарман. Азыркы заманбап Кытайда көптөгөн адамдар шэнизмдин, же болбосо байыркы кытай элдик дининин жолдоочуларыбыз дешет. Нэчжа ошондой жолдоочулар ишенген, сыйынган каармандардын бири. Ал 3-10 жаштын тегерегиндеги шайыр, өрт, эр жүрөк, тентек, чынчыл, боорукер бала. Анын бутунда азыркы роликтердей асманда уча ала турган оттуу дөңгөлөктөр бар. Колунда учу жалындаган найза, моюнунда кызыл асман жибегинен токулган жоолук. Жоолук каалаган аралыкка чейин чоюлуп гана тим болбостон, ээсине учууда манёвр кылууга да жардам берет. Нэчжаны курагына карап жаш балдар эле жакшы көрбөстөн, таксисттер, автожарышчылар, жалпылап айтканда, айдоочулар колдоочусу катары көрүшөт.
Автордук долбоор
Режиссёр Ян Юй кичинесинен эле аниматор болом деген кыялда чоңойгон. Бирок атасы "бул кирешесиз кесип, аниматордун бардыгы эле жакшы акча таппайт" деп каршы чыккан. Атасы каза болгондон кийин Аян Юй 6 жыл иштебей апасынын пенсиясы менен жашаган. Бул аралыкта ал анимация дүйнөсүнө сүңгүп кирген эле. 2008-жылы дебюттук эмгегин тартып, анысы бир нече фестивалга катышып, жеңишке да жетишкен. Ал ар бир долбоорунун башынан аягына чейин өзү катышып, персонаждардын ар бир кыймылы, чүчкүрүп-бышкырганынан бери өзү көзөмөлдөп турат. Андыктан режиссёр Ян Юй тарткан эмгектер дароо “автордук долбоор” аталат.
2019-жылы чыккан “Нэчжа” да ошондой мультфильм. Автордун үнүн, кыймыл-аракетин ар бир персонаждан укса, көрсө болот. Биринчи бөлүк чыкканда эле ийгиликтүү болгону билинген.
20 миллион долларлык бюджет менен тартылган тасма прокаттан 743 миллион доллар чогулткан эле. Биринчи ийгиликтен кийин анын сиквелин тартууга жол ачылды. Уландысы 2025-жылы «Ажыдаарлардын падышасын жеңген Нэчжа» деген аталыш менен прокатка чыкты. Кызыгы, режиссёр батыш аниматорлору менен иштөөдөн баш тарткан. Себеп: алар Кытай мифологиясын, маданиятын түшүнбөй, көп ката кетиришкен.
Тарбиялык мааниси
Кызыктуу, кооз, фантастикалык окуялар, каармандар коштогон мультфильмдин тарбиялык мааниси да зор. Көрөрман: үй-бүлө – бул чоң баалуулук, достук – чоң курмандыктарга барууга арзый турган баалуу мамиле, кыйын кырдаалда өз жолуңду тапканга аракет кылып, кыйынчылыкка эч качан багынба. Жамандыкты баары бир жакшылык жеңет деген маанини камтыйт.
Рекордчу
Прокатка чыккан алгачкы 9 күндө эле анимация тарыхында эң көп каражат топтогон мультфильм катары тарыхка кирди. Статистика боюнча, «Ажыдаарлардын падышасын жеңген Нэчжаны» ар бир бешинчи кытай көрдү дешкен кытай кинематографисттери. Демек, прокаттан түшкөн каражаттын 90 пайыздан ашыгы кытайлардын капчыгынан алынган.
Азия чөлкөмүндө кино, анимацияны кошкондо эң көп каражат тапкан долбоор болду, ал эми дүйнөлүктө 5-орунда турат, “Титаникти” артка таштап 4-орунга чыгып кетиши мүмкүн деген божомолдор да бар.
Кемчилиги
Кытай легендасы жергиликтүү элге түшүнүктүү. Бирок алардын тарых, маданият, фольклорунан алыс адамдарга мультфильмдеги окуялар тыгыз жана түшүнүксүз, каармандардын кимиси ким экени белгисиз, жакшы ачылбай калгандай сезим жаралышы мүмкүн. Анан да анимациядагы айрым юморлор жарашпай калганын айткандар көп болду.
Кыскача маалымат
* Мультфильмди жаратууга Кытайдагы 138 анимациялык компаниядан 4000ден ашуун адам катышкан.
* Кытайда премьерасы 2025-жылдын 29-январында, ал эми Орусияда (орус тилдүү мамлекеттерде да) 29-майда чыккан.
*Айрым кино сынчылар мультфильмде АКШ менен Кытайдын “тиреши” чагылдырылган дешет. Терс каармандын ролунда АКШ, ал эми оң каарман Нэчженин образында Кытай.
Асыл Орозбекова