Бир бүркүм. Паспорт экспорттоло баштады... 

Сокулуктун Кайназаров айылында 17 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганы айтылды.

 Намибия өлкөсү Кыргызстанга буюртма берип, жарандарына паспорт жасатууда.

 Токмокто 46 жаштагы жаран өгөй баласы тарабынан сабалып ооруканага түшкөнү кабарланды.

 Бишкекте 18 жаштагы жигит адам өлтүрүүгө шектелүүдө.

 Июль айында Бишкекке дагы 90 электр автобус алынып келери айтылды.

 ИИМ: "Эми жарандын соттолбогондугу тууралуу маалымкат кагаз түрүндө берилбейт, “Түндүк” тиркемеси аркылуу алыш керек".

 Жаза аткаруу кызматынын 19 жаштагы жоокери өз жанын кыйганы тууралуу маалымат чыкты.

 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалды.

 Айгүл Калчакеева президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.

 ТИМ АКШдагы кыргызстандыктарды массалык баш аламандыктар болуп жаткан жерлерге барбоого чакырды.

 Бишкекте жарандан 4 миң доллар пара талап кылган деп тергөөчү жана прокурордун жардамчысы кармалды.

 Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга каршы рейд башталды.

 Орусияда кароосуз калган кыргызстандык 5 өспүрүм мекенине жеткирилди. 

 Бишкекте 77 чек арачыга батирлер тапшырылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1174, 13-19-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан