Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү

Кыргызстанда “президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам өзгөртүлдү. 

Мыйзамдын максаты – Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосун жакшыртуу, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системинин кемчиликтерин жоюу, жарандардын депутаттарга болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу экени айтылып жатат.

Эми парламент депутаттарын шайлоо үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринен Жогорку Кеңештин үчтөн депутаты шайланат. Шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү чечими шайлоо дайындалганда кабыл алынат.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Бюджеттин чыгымын азайтыш үчүн тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутат шайлоо өткөрүлбөйт.

Айта кетсек, мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 30-апрелде кабыл алган, президент Садыр Жапаров 9-июнда кол койду. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1174, 13-19-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан