11-июнда Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгы 2025-жылдын алгачкы 5 айындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Жыйында өлкөдөгү жол кырсыктарынын оор кесепеттери кеңири талданып, негизги себептери айтылды. Аталган башкармалыктын башчысы Манасбек Сыдыгалиев билдиргендей, авариялардын башкы себептери төмөнкү 5 фактор болууда: ылдамдыкты ашыра айдоо, каршы тилкеге чыгуу, көчө кесилиштеринде жана жөө адамдар өтүүчү тилкелерде эрежелерди бузуу, унаалардын ортосундагы аралыкты сактабоо жана ашып өтүүгө туура эмес чыгуу.
Айта кетсек, жыл башынан бери республикада 1300дөн ашуун жол кырсыгы катталып, анын 45 пайызы Бишкекте болгон. Бул кырсыктардын айынан 110 адам каза болуп,
2 миңден ашуун адам жаракат алган. Бул статистика жол коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйлөр дале курч экенин көрсөтүп турат. Патрулдук милиция айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, жоопкерчиликтүү болууга чакырып жатат.
– Биздин максат – ар бир жаранды сактоо жана кырсыктардын алдын алуу үчүн системдүү иш алып баруу, – дейт Сыдыгалиев.