Мектептерде кыргыз тили боюнча көчүрүү экзаменинен өтө албаган 5-6-класстын окуучулары үчүн августта кайра экзамен тапшыруу уюштурулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары
Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, ар бир балага кошумча даярдык үчүн өзүнчө окуу планы түзүлүп, августта мугалимдер кайрадан сабак өтүшөт.
– Эгер окуучу экинчи жолкусунда экзаменди ийгиликтүү тапшыра турган болсо кийинки класска көчөт. Биз эч кимди артта калтырбайбыз, – деп билдирди Жусупбекова. Ал эми коомчулукта бул демилге дагы деле эки ача пикирлерди жаратып талкуудан түшпөй келет. Айрымдар "туура" деп колдошсо, "мектептеги коррупцияны күчөтөт" деп каршы чыккандар да көп.
Азыркы учурда мектептерге 947 мугалим жетишпей турганы, бул сандар дагы өсүшү мүмкүн экени айтылды. Бул көйгөйдү чечүү максатында “Заманбап мугалим” программасы ишке киргизилген. Чүй облусунда 60тан ашуун жаран тестирлөөдөн өтүп, педагогика тармагына даярданып жатат.
Эксперттер кадрлардын жетишсиздиги билим берүүнүн сапатына сөзсүз терс таасир тийгизерин, ошондуктан кадрларды даярдоо жана заманбап ыкмаларды колдонуу зарыл экенин белгилешет.