Баткен районунун Самаркандек айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ири курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. УКМКнын маалыматы боюнча, ал жерден ар кандай калибрдеги 20 миңдей ок-дары жана үч РПГ-18 системиндеги “Муха” гранатомёттору чыкты. Бул курал-жарак жана ок-дарылар криминалдык топтор же коомдук-саясий кырдаалды курчутууга кызыкдар башка деструктивдүү топтор тарабынан келечекте колдонулушу мүмкүн болгону белгиленди.
Жашыруун жайга байланыштуу тергөө иштери башталып, аныкталган курал-жарак менен ок-дарылар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратуучу аракеттерге колдонулбашы үчүн чаралар көрүлүүдө.
УКМК коомчулуктан коркунучтуу курал-жарактын жайылышына жол бербөө үчүн маалымат берип турууну жана күмөндүү көрүнүштөргө этият мамиле кылууну суранат.