11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев камакка алынган мурдагы министрлердин бири Бишкекте 100 батирге ээ экенин билдирди. Анын айтымында, камактагы чиновниктердин туугандары эл өкүлдөрүнө кайрылып, бул ишти чечип берүүгө жардам сурап жатышат.
– Атын атагым келбейт, анткени сот чечими чыга элек. Бирок эл арасында “бир министрдин 100 батири бар экен” деген маалымат жүрөт. Мамлекеттик кызматта иштеп туруп мынча мүлккө кантип ээ болду? Бул суроого жооп болушу керек. Мыйзамдын негизинде жоопко тартылышы зарыл, – деди Алиев.
Ал кайсы экс-министр экени, кайсы кылмыш иши боюнча камакта экендиги тууралуу маалымат айтылган жок. Кыргызстанда акыркы жылдары жемкорлук менен күрөшүү күч алып, ондогон жетекчилерге кылмыш иштери козголгон. УКМК жана Башкы прокуратура ири суммадагы уурдоолорду жана мыйзамсыз мүлк топтоо фактыларын иликтеп келет.