Бүгүнкү күндө атактуу Эверест чокусун Кыргыздын 2 айымы багынтты, анын бири – белгилүү ишкер, блогер Рысгүл Акимжанова. “Ойчул ойлонгуча, тобокелчи кыр ашат” дегендей, Рысгүл айым дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгууга 1 жыл гана даярдык көрүп жөнөп кетиптир.
– Рысгүл айым, баары эмнеден башталды? Анткени Эверестти багынтуу кадимки иштердин бири эмес, буга бир түрткү керек эле...
– Идея мага былтыр келген. Эвересттин негизги жатагына трекингге барганымда чокуга чыгууга белсенген ар улуттагы айымдарды көрдүм. Алар укмуш спорттук формада эмес, кичине, тыпыйган эле кыздар болчу. Улгайган кишилер да чокуга бара жатышты. Ошондо “эмнеге биз барсак болбойт?” деп ойлондум. Бирок “бир жылдан кийин чыгам” деп так максат койгон эмесмин, буйрук экен, быйылкыга туш келди. Бир жыл бою тынымсыз машыктым, ар бир дем алышта биздеги тоолорго чыгып жаттым. Машыгуу учурунда өзүмө ишеним пайда болду.
– Жашоодо тобокелчи адамсызбы?
– Ооба, тобокел кылуу жашоомдун бардык тармагында бар. Бизнесте да, үй-бүлөлүк иштерде да кээде чечкиндүү кадамдарга барууга туура келет. Мисалы, үчүнчү кош бойлуулугумда врачтар “курсактагы баланы төрөөгө болбойт” деп кескин түрдө айтышкан. Баары “өмүрүңө коркунуч туулат, төрөбө” дешти, а мен тобокел кылдым. Балам аман-эсен төрөлдү, андан кийин эгиз кыздуу болдук. Азыр ошол балам 15 жашка чыгып калды, эгиз кыздарым 13 жашта. Аман-эсен, ден соолуктары чың балдар, көз тийбесин. Кээде ушундай баасы өмүргө тете тобокелчиликтерге барууга туура келет. Бизнесте болсо ар бир күн, ар бир кадамың тобокелчилик.
– Азаптуу жолду басып Эвересттин чокусуна жеттиңиз, ошол учурда сизде кандай ойлор болду?
– Чокуга жакындаганда негедир толкунданып кетип бир сыйра ыйлап алдым. Бирок чыккандан кийин эч кандай эмоция болгон жок, анткени так чокуга чыгыш үчүн кезек күтүп калдык. Абдан кооптуу жолду басып өттүк да, ошол мүнөттөрдө эч кандай эмоцияга жол бербеш керек эле. Дегеним, бошошуп кетпеш керек болчу. Бут алдыңдагы жиптерге чалынбай, жыгылып кетпей ордуңда туруу зарыл эле. Чыккан соң кезек күткөн кийинки адамга ордуңду бошотуп беришиң керек. Желекти кармап видео тартыш керек, салам жолдош керек. Чокуга чыгып алып эки жакты карап, суктанып, эмоцияларга жол берүү физикалык жактан мүмкүн эмес.
Чокуга түндө чыгып, күндүз түштүк да. “Хиллари тепкичи” деген жер бар, ал жерден төмөндү кароо абдан коркунучтуу экен. Түндө чыгып баратып байкабаптырмын, кайтканда канчалык оор, коркунучтуу, татаал жолду басып өткөнүмдү сезип коркуп кеттим. Чокуга чыккандан да ылдый түшүү оор.
– Жолдошуңуз Эмил мырза (Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев) бул сапарда сизди башынан колдогонун айтып жаттыңыз...
– Жолдошум экөөбүз баш кошкондон бери эле бири-бирибизди абдан колдойбуз. Мен анын бизнестеги, саясаттагы жолун колдойм. Ал дагы менин бизнестеги, коомдогу ордумду колдойт. Эверестке чыгам деген чечимимди, планымды дагы колдоп берди. Биз үчүн бул нормалдуу эле нерсе.
– Сиздердин мамиледеги мындай гармония үй-бүлөлүк турмуштун биринчи күнүнөн эле барбы?
– Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп, ээрчишип, көп убакыт кыз-жигит болуп жүргөн эмеспиз. Бизди ата-энелерибиз тааныштырышты, биринчи күнү таанышып, эртеси эле үйлөнүп алдык. Ошондон бери бири-бирибиз менен кеңешип, бири-бирибиздин аргументтерди угуп, анан бир чечимге келүү бизге адат болуп калган. Гармония тажрыйбадан улам келет деп ойлобойм, ал жубайлар ортосунда башынан эле бар же жок болот. Бизде башынан эле бар.
– Сиздин Эверестти багынтканыңыздан күмөн санагандар да болуп, интернет желеси уу-дуу түштү. Кандай кабыл алдыңыз муну?
– Ал күмөн саноолордун эч бир жөнү жок жана калп болчу. Калптын да кичине чындыкка окшошкону болот эмеспи, а бул такыр эле асмандан алынган калптар. Элдин ошондой калпка ишениши күлкү келерлик жорук, чынында. Кандай калп болсо да адамдарга сиңирсе боло турганын көрүп таң калдым. Күлкүм келди. Бул тезекти гүл деп элди алдагандай эле нерсе болду мен үчүн.
– Дүйнөнүн эң бийик чокусун багынтуу сизге эмне берди?
– Эверест мага болуп көрбөгөндөй тазаланууну берди. Дене-бой жактан да, моралдык жактан да тазаландым десем болот. Жогоруда айткандай, маанисиз талкуудан кийин кимдин-ким экенин билип калдым. Көп адамдардын чыныгы жүзү ачылды. Эверест менин руханий жактан чоң тарбиячым болду. Анткени ал жактан көп нерсени көрдүм, энергия алдым, өмүрдүн баалуулугун сездирди. Дүйнө таанымым укмуштай өзгөрдү.
– Ушул жерден ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу сурагым келди...
– Ата-энем мугалим, экөө тең мектеп директору болушкан. Учурда апам Бишкектеги №64 мектептин химия, биология мугалими. Атамдын көзү өтүп кеткенине 25 жыл болуп калды. Мен таята, таенемдин колунда чоңойгон кызмын. Агам, сиңдим жана иним бар.
– Мындан ары да альпинизм менен алектене бересизби? Кандай пландарыңыз бар?
– Эверестке барганы жатканымды, машыгып жүргөнүмдү эч кимге жарыялап, мактанган эмесмин. Азыр деле максаттарымды айтууну туура көрбөй турам. Табиятымдан боло элек ишти айтпайм, жыйынтык болгондо гана жарыялаганды жакшы көрөм. Эмки пландарымдын да жайынтыгы болгондо сиздер менен сөзсүз бөлүшөм деп ойлойм.
– Маекке убакыт бөлгөнүңүзгө рахмат!
Нуржамал Жийдебаева