2024-жылы Оштун Кара-Суу районунда 27 жаштагы келин кайнатасын бычактап өлтүргөн. Кылмышты жасоого ага таанышы жардамдашкан. 11-июнда аларга соттун акыркы чечими чыгып, экөө тең 15 жылдан эркинен ажыратылышты. Аялдын күйөөсү бул чечимге нааразы, ал тийиштүү органдарга даттанып кайрыларын билдирди. Күйөөсү эмнеге жетишүүгө далалат кылып жатат?
Окуянын кыскача таржымалы
2024-жылдын 3-октябрында интернет желесине Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында 27 жаштагы келин кайнатасын өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы боюнча маалымат чыккан. Окуя 30-августта болуп өткөн. Бул учурда келиндин күйөөсү миграцияда жүргөн.
Кичинчерээк Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы 2024-жылдын 1-сентябрында 1997-жылы туулган С. кызы Р. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылганын билдирди. Анда келин 1960-жылы туулган кайнатасын пикир келишпестиктин айынан бычактап өлтүрүп алганы айтылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталат.
Кылмышка шектүү катары келин менен кошо Кара-Суу районунун 1997-жылы туулган Н. А. аттуу тургуну кармалып, экөөсүн облустук сот 15 жылдан эркинен ажыраткан. Жогорку Сот 11-июндагы токтому менен Ош облустук сотунун 2025-жылдын 10-мартындагы ошол чечимин күчүндө калтырды.
Келиндин жолдошу депутатка жолуккан
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев жогоруда сөз болуп жаткан келиндин күйөөсүнө жолукканын социалдык желедеги баракчасына жазып чыкты.
– Жогорку Кеңештин имаратынан чыгып баратсам бир жаш жигит учурашып, “маселе менен кайрылайын” деди. Колунда кагаздарды кармап алган, Жогорку Соттон чыктым азыр дейт. Аялын жана аялынын көңүлдөшүн сот 15 жылга түрмөгө кесиптир. “Эмнеге өмүр бою эркинен ажыраткан жок?” деп катуу ачуусу келип алыптыр. “Буларды жөн койбойм, эл аралык сотко чейин кайрылам. Эмне үчүн ушундай зөөкүрлөргө өлүм жазасын киргизбейсиңер?” – дейт. Жогорку Соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт деп түшүндүрүүгө аракет кылдым, – деп жазды Медер Алиев.
«Мамилебиз жакшы болчу, 3 балабыз бар»
15 жылга соттолгон келиндин жолдошуна жолукканыбызда окуя кандайча болгонун, сот чечимине нааразы экенин айтып берди.
– Аты-жөнүм Эмил Досуев, учурда 38 жаштамын. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургунумун. Атамды өлтүргөн аялым Рахат Сейитбекова экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, 2014-жылы баш кошконбуз. 2015 жана 2017-жылдары уулдуу, 2019-жылы кыздуу болдук. Үй-бүлөмдү багайын деп айылда дыйканчылык кылып, дүкөн иштетип жүрдүм. Аялым бала-чаканы карап үйдө болуп жатты. Мамилебиз жакшы болчу.
2019-жылы Орусияга барып 1 жыл иштеп келгенден кийин Рахатты алып кайра кеттим. Экөөбүз чогуу 1 жыл иштеп келдик. Рахат айылда калып, мен Орусияга кайра барып 10 ай иштеп, акча таап келдим. 2024-жылдын 1-августунда кайрадан Москвага иштегени кеткем. Кыскасы, үй-жайды оңдоюн, балдарга жакшы шарт түзүп берейин деп улам Орусияга барып кара жанды карч уруп иштеп жүрдүм. Каргашалуу окуя мен Москвада жүргөндө болгон. Соттук отурумдардан, тергөөнүн маалыматтарынан билгеним боюнча окуя мындай болгон.
«Бычакталган атам “Тез жардам” чакыр деп суранат»
– Аялым 31-августта 3 баланы Ош шаарына алып барып майрамдатып келет. Үйгө келгенде атам Рахатка “эмнеге кеч келдиңер? Балдарды эртеңки мектепке даярдабайт белең?” деген сыяктуу сөздөрдү айтса, Рахат атама каяша кайтарат. Атам унчукпай “веремянкага” кирип кетет. Рахат балдарды чоң тамга киргизип “сыртка чыкпагыла” дейт да, үйгө көңүлдөшүн чакырат.
Бир убакта атам неберелерине келип “чөнтөк телефонумдун заряднигин бергиле. Курсак ачты го, чай ичпейлиби, апаңар каякта?” дейт. Балдар “зарядник апамда, апам жанатан бери жок” дешет. Улуу балам менен атам сыртка чыкса, үйдүн жанындагы биздин чакан самсаканада иштеген эркектин унаасы үйдүн тушунда туруптур. Ал күнү майрам болгондуктан самсакана иштеген эмес. Атам чоң тамга кирип барса аялым тигил эркек менен төшөктө жатыптыр. Ошондо атам Рахатты жаакка чабат. Ал “кайнатам бизди көрүп калды” дейт да, ашканага чуркап барып көрсөтпөй бычак көтөрүп келет. Атам Рахатка “үйдөн чыгып кет” десе, “азыр кийимдеримди жыйнап алайын” дейт. Атам артка бурулуп, 2 кадам басканда аялым атама 2 ирет бычак шилтейт. Атам отура калып “Тез жардам” чакыр” деп суранат. Тигил эркек бычакты алып, атамды жаакка тээп, бычак менен 4 жолу саят. Атамды килемге ороп, башына, бут жагына мүшөк кийгизип, сарайга алып барып коюшат.
«Столдор ордунан жылып, килем алмашып калыптыр»
– Бир кезде улуу балам чыгып “чоң атам кана?” деп апасынан сураса, ал “билбейм, экинчи менден чоң атаңды сураба” деп кыйкырыптыр, үйдөн чыга калган балдарды “времянкага” киргизет. Рахат өзү сыртка чыгып, ар кимге телефон чала баштайт. Балам таңкы саат 5терде чоң тамдагы өз бөлмөсүнө кирип баратса, апасы пол жууп жаткан болот. Столдор ордунан жылып, полго башка килем салынып калган экен. Балам “эмнеге жаңы килем салдыңыз?” деп сураса урушуп, бөлмөсүнө киргизип жиберет.
«Мени айтпа, сени камактан чыгарууга аракет кылам дептир»
– Таң атат. Аялымдын көңүлдөшү келип 2 тандыр самса жабат. Рахат атамды сайган бычакты баштыкка салып тигиге алып чыгып берип, анысы кетет. Ага чейин экөө сөөктү түндө чоң сууга агызып жиберүү же адырга көмүү тууралуу сүйлөшүшөт. Бир кезде тиги эркек кайра келип бычакты Рахатка берет. “Сен милицияга барып айт, бирок мен тууралуу айтпа. Мен сени камактан чыгарып алууга аракет кылам” дейт. Аялым анын тилин алып бычакты алып милицияга барат. “Кайнатам мени зордуктады, ошого өлтүрдүм” деп айтат. Милиция Рахатты кошуп келип, үйдү тинтүүгө алышат. Самсачы эркектин үйгө келгенин көргөнүн балдар айтып беришет. Ошентип ал да кылмышка шектелип, экөө убактылуу камак жайга киргизилет. Мага кабар айтылары менен 1-сентябрда Ошко келип, атамды жерге бердик.
«Кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылышы керек»
– Кара-Суу райондук соту экөө 13-14 жылга эркинен ажыратылсын деп чечим чыгарган. Ошондо “аз мөөнөт берип койду” деп Ош облустук сотуна арыздангам. Облустук сот экөөсүн 15 жылга соттогон чечим чыгарган. Атамды мыкаачылык менен өлтүргөндөргө аз мөөнөт берилип жаткандыгын, аларга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилишин суранып 2025-жылдын 15-мартында Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылган элем. Бирок Жогорку Сот 15 жылга соттолсун деген чечимди күчүндө калтырып койду. Эми мен президентке, УКМКнын төрагасына, Башкы прокуратурага кайрылам. Атамдын өмүрү кылмышкерлердин 15 жылдык жазасы менен чектелбеши керек, алар өмүр бою эркинен ажыратылышы зарыл деп эсептейм.
Канымжан Усупбекова