ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 23-июндан 29-июнга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Апта жалпысынан жагымдуу өтөт. Кайсы жерде болбоңуз, позитивдүү энергияңыз жана ички магниттик күчүңүз сизди көпчүлүктүн көңүл борборунда кылат. Элге берген энергияңызды үйдө түгөйүңүз жана жакындарыңыз толуктап турмакчы. Көп эмгекти, убакытты талап кылган иш баштабай туруңуз, андан көрө бүтпөй калган мурунку жумуштарды бүтүргөнүңүз жакшы. Аптанын аягында кеңешчи, жардамчы, көңүл ачуучу адамдын ролунда болосуз. Эс алуу күндөрү жалгыз болбойсуз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Мурда сизге мааниси чоң нерседен баш тартканга туура келет, кооптонбоңуз, анын ордун кайра жакшы нерсе басмакчы. Жумушта көзгө көрүнөрлүк ийгиликтер күтүлбөйт, андыктан бул аптаны үй-чарба иштерине арнаганыңыз туура. Күн ысыкта козголчу өнөкөт ооруларын алдын алып, ден соолукту чыңдоого кам көрүңүз. Жакын адамыңыз менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн, талаш жараткан маселе чыкканда эмоцияны көзөмөлдөй билиңиз. Жагымдуу адамдар менен жагымдуу жолугушуу күтүлөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жылдыздар эгиздерди азгыра турган сунуштардан, тобокелчиликке баруудан баш тартууну сунушташат. Аптанын башында алдыңыздан чыккан иштердин баарын чагылгандай тездик менен бүтүрүп алыңыз, анткени экинчи жарымында энергияңыз түгөнүп, эч нерсеге көңүл чаппай калат. Достордун чатагында арачага түшпөңүз, эки тараптын талашында каласыз. Балдарыңыздын ийгилигине кубанасыз. Дем алыш күндөрү жолугушуу, пайдалуу таанышуулар орун алат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бөйөндөр үчүн каржы тармагын оңдоп алганга эң ылайыктуу мезгил. Мындайча айтканда, жай айлары сиз үчүн бардык эшиктерди ачып берет, пайдаланып калыңыз. Көңүлүңүзгө туура келбеген нерсеге “жок” деп айтканды үйрөнүңүз, болбосо сиздин жумшактыгыңыздан пайдалангандар болот. Спортту баштаңыз да, таштабаңыз, ден соолук алгач өзүңүзгө керек. Жакыныңыз жагымдуу сюрприз тартуулайт. Конок чакырууга себеп чыгып, даярдануу камылгасын көрөсүз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Досуңуздун сөзүнө кирип ката кетирип алышыңыз мүмкүн. Аптанын биринчи жарымында тоону томкоргонго мүмкүнчүлүктөр болот, өзүңүзгө ишенимдүү болуңуз. Үй-бүлө мүчөлөрү, айрыкча жаш балдар менен бирге убакыт өткөргөнгө аракет кылыңыз, сиз менен көйгөйлөрүн бөлүшүүсү ыктымал. Чыгармачылык табиятыңыз ойгонуп кол өнөрчүлүк менен алектенишиңиз мүмкүн, буга үйдү же кеңсени кооздоо, интерьер өзгөртүү иштери да кошулат. Дем алышта табият коюнунда эс алуу сунушталат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Майда-чүйдө маселелер планыңызды өзгөртүшү мүмкүн, бирок башкы максаттан баш тартпайсыз. Чечим чыгарууда ички туюм адашып калышы мүмкүн, андыктан фактыларга таянганыңыз туура болот. Кыймылсыз мүлк сыяктуу ири сатып алуулар болмокчу. Бойдокторду жаңы таанышуу күтөт, бирок ал адам боюнча бир чечимге келе албай эки анжы ойдо каласыз. Көптөн бери көрүшө элек достор менен жолугуп, чогулган маалыматтар менен бөлүшөсүз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Түгөйү менен таарынышып жүргөндөр үчүн элдешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, ким биринчи деп көгөрбөй, элдешүүгө биринчи кадамды сиз таштаңыз, сүйүктүүңүз баалайт. Жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук жасаганыңыз оң. Жан дүйнөңүз өзгөрүү, жаңычылдык каалайт, ыңгайлуу ордуңуздан чыгып, жаңы нерсе жасаганга аракет кылып көрүңүз, жыйынтыгы өзүңүзгө жагат. Пландалбаган сатып алуулар күтөт. Эс алууга же конокко чакыруу алып сапарга чыгышыңыз мүмкүн.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Пландарды ишке ашырууга кесиптештериңиз жардам берет. Сүйүүдө да эч кандай көңүл калуулар күтүлбөйт, тескерисинче, жагымдуу жаңылыктар жана сюрприздер болушу мүмкүн. Шаан-шөкөттүү кечеге катышасыз, спирт ичимдиктеринен этият болуңуз, жаман кесепеттерге алып келиши ыктымал. Туугандар менен жолугуп, өткөн чакта болгон жагымдуу окуяларды эстеп ностальгия болосуз. Ден соолукта маселе жаралып, аны калыбына келтирүү иш-аракети менен жүрүшүңүз мүмкүн.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жакын адамдарыңыздын бирине алданып калуу коркунучу бар, андыктан чөйрөңүздөгү адамдардын кыймыл-аракетине көңүл бөлүңүз. Киреше алып келе турган сунуш аласыз, колдон чыгарып жибербеңиз. Соода менен алектенгендер акчаны чогултуунун эмес, аны көбөйтүүнүн жолун анализдеши керек болот. Кээ бир адамдардын сөздөрү сизге катуу тийип, психикалык тең салмактан чыгарышы мүмкүн. Апта соңунда улуу муундагы адамдар менен сүйлөшүүдөн эс алып, энергия топтойсуз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Максатка жетем деген аракетиңиз бир айлампада айланып, эч кандай натыйжа бербей жаткандай сезим жаралат. Жасаган аракеттериңизди кайрадан карап чыгып, иш планыңызды өзгөрткөнүңүз туура. Жумушта чечкиндүүлүк, айрым учурда катуу болуу талап кылынат. Үйдө жаңы техника менен иштөөнү өздөштүрүшүңүз мүмкүн, айдоочулук күбөлүк алам дегендерге автомектепке баруу сунушталат, ыңгайлуу мезгил. Дем алыш күндөрдү романтикалык жолугушууларга арнаганыңыз жакшы.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Амбицияңыз, энергияңыз ашып-ташып турган убак. Бирок идеяларыңызды жайылтканга канчалык көп аракет кылган сайын ошончолук тоскоолдуктарга жолугушуңуз ыктымал. Баарын жеңгенге күчүңүз жетпейт, андыктан айлакер болуу жана компромисске баруу керектелет. Жеке жашоодо бүдөмүк болгон суроолордун жообу айкын болот. Айдоочулар жолдо жүрүүдө эрежелерди сактап, сак болуусу керек. Дем алыш күндөрүн үйүңүздө тынч, жакындарыңыз менен өткөрөсүз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү көнгөн адаттардан, көнгөн милдеттерден алыстап, жүрүм-турумуңузга өзгөчөлүк киргизгенге аракет кылыңыз. Өзгөчөлүк сизге күтүлбөгөн ийгилик алып келет. Аптанын ортосунда “кызыл тилди” кызматка салыңыз. Бирөөнү көндүрүү жөндөмүңүз менен каалаган максатка жете аласыз. Бул күндөрү орун алган таанышуулардын “өмүрү” узун болот, бойдоктор аракет кылышы керек. Көчөдөн шаан-шөкөт издебей, үй-бүлөңүздүн кашында болуңуз.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан