АЛДЫГА КОЙГОН МАКСАТ КЫЯЛ БОЙДОН КАЛБАШЫ КЕРЕК

Келечекке максат коё билген адамдын жашоосу көрктүү, мазмундуу, баалуу болот дешет. Бирок максатты кыялга айландырып, кол жеткис кылып жылдырып алгандар да бар. Тескерисинче, кыялды максатка айлантып, ага жете билүү керек. Максатка жетүүнүн ыкмалары бар, негизгиси, аны так аткаруу зарыл.

АЛДЫН АЛА ЭМНЕНИ ТҮШҮНҮҮ КЕРЕК?

1. Максатты утурумдук каалоо менен алмаштырба. Мисалы, популярдуу актёрдун (актрисанын) түгөйү болом, космоско учам деген сыяктуу.

2. Башканын максатын өздүккө айлантуу. Кээде башка бирөөнүн каалоосун билинбей эле өздүк кылып алган учур болот. Мисалы, врач болом дейсиң, ал кесипти аркалагандан кийин эч кандай канааттануу сезими болбойт. Ойлоно келсең, врач бол деген каалоону сага ата-энең, бир туугандарың же башка адам айта берип сендик болуп калган. Андыктан максат, каалоо өзүңө гана тиешелүү болсун.

3.  Бири-бирине карама-каршы келген ойлор болбосун. Мындай учур абдан көп кездешет. Мисалы, “10-20 килограмм салмак ташташым керек” деген каалоого карама-каршы “спорт менен такыр дос эмесмин, машыккым келбейт” деген ой келе берет. Мындай учурда максатка жетүү тууралуу ойлонбой эле койгон оң. Анткени сиз салмак таштайм деп максат койгонуңуз менен, аң-сезимде спортту артка жылдырып, өзүңүзгө чү дегенде эле тоскоолдук жараттыңыз.

4. Башкаларды кайталаба, бирок тажрыйба топто. Чынында эле ар кимдин ийгилик жолу ар башка болот. “Илон Маск ушуну жасап байып кетиптир” деп анын кадамын кайталасаңыз, сиз да ошол эле ийгиликке жетесиз деген күмөндүү иш. Сиз Илон Маск максатына жеткенге чейин кандай кыйынчылыктардан өткөнүн, кандай адамдар менен иштешкенин, кандай тажрыйба топтогонун билишиңиз зарыл. Ийгиликтүү адамдардын ийгиликке чейинки жолун тажрыйба катары көрүңүз.

МАКСАТКА ЖЕТҮҮЧҮ КАДАМДАР

Бир тамактын толук рецепти бар сыяктуу эле, максатка жетүүдө бир нече кадамдан турган схема болушу керек. Ал схема толук аткарылганда гана жыйынтык болот. Алгач жасалчу ар бир кадам майда-чүйдөсүнө чейин жазылган план түзүңүз. Анан ошол план менен иш алып барасыз.

Максат чоң болсун

Ооба, максатты коркпой эле чоң коюу керек. Максаттан эч нерсе “үнөмдөбөңүз”, жогоруда айткандай, карама-каршы ойлорду, негативди, күмөн саноону, ишенбөөчүлүктү жолотпоңуз. Канчалык чоң максат койсоңуз, ошончолук чоң олжону өзүңүздүн жашооңузга чакырган болосуз. 

Конкреттүүлүк керек

Максат конкреттүү болсун. Тагыраагы, эмне каалап жатканыңызды майда-чүйдө деталына чейин ойлонуп чыгыңыз, керекпи, сүрөткө тартыңыз, түркүн түс бериңиз. Мээ образдар менен ой жүгүртөт, эгер адамдын каалоосу бүдөмүк болсо, мээде конкреттүү образ жок болот. Демек, эмоция жаралбайт. Эмоция жок жерде аракет да болбойт. 

Өзүңүздү колдоңуз

Максатты чоң коюп, ага жетүү жолдорун бир нечеге бөлүп блокнотко жазуу керек. Ар бир тепкичтен өткөн сайын, “өттүм” деп блокнотко белгилейбиз да, өзүбүзгө ыраазычылык, мактоо сөзүн айтабыз. Максатка жетүү жолдорун майдалап бөлүп албаса, ага жетүү кыялдай сезиле бериши мүмкүн. Бир нече кадамга бөлүп, аны улам артка калтыруу жеңилдик тартуулайт. Өзүн колдоо алдыга жылганга мотивация берет.

Дедлайн

Алдыга чоң максатты коюп салып, анан бир күн жетем да деп кенебей жүрө берген болбойт. Ушул күнү, ушул жылы жетем деген так убакыт керек. Анан ошол белгиленген убакытта жетишкенге, жеткенге бүт күчтү жумшаңыз. Белгиленген убакытта такыр жетишпей калсаңыз гана өзүңүзгө дагы убакыт бериңиз. Ар бир кадамга конкреттүү убакыт бөлүү керек. Ошондо гана мээде “ии, иштеш керек, жетиш керек, аракет жасоо керек” деген пландоо иштери жүрүп, адам өзүн-өзү алдыга сүрөйт.

Мониторинг

Кандай прогресс болуп жатканын дайыма көзөмөлгө алып туруу кажет. Бул сиздин максатыңызга канчалык жакын экениңизди билдирип турат. Кайсы иш-аракеттер жакшы натыйжа берип жатканын жана кайсынысын өзгөртүү керектигин түшүнүүгө жардам берет.

Катачылыктар болот

Катачылыктар, сыноолор, тоскоолдуктар болорун унутпаңыз. Эч ким биринчи кадамынан эле ийгиликтүү болуп кеткен эмес. Каталар – максатка жетүү процессинин ажырагыс бөлүгү. Ката кетирүүдөн коркпоңуз жана андан ары прогресс үчүн тажрыйба катары колдонуңуз.

Ишеним жана тартип

Эң негизгиси, өзүңүзгө болгон ишеним жана тартип болсун! Максатка жетүү жолу узак жана татаал болуп көрүнсө да багынбаңыз. Эгер ишеним болбосо, максатка эч качан жетпей турганыңызды эстен чыгарбаңыз.

Башкалардын ою

Сиздин максат менен башкалардын ою туура келбей калган учур болот. Алар “эмне кыласың, андан көрө башканы кыл” деген сыяктуу ойлорун айтса орто жолдон артка кайтуу жарабайт. Ошондуктан да максат коюуда сизге керекпи, пайдасы тиеби жана башка факторлорду жакшылап анализдеп чыгуу керек. Башканын ою менен өзгөрүп кете турган максаттуу болбой эле койгон оң.

Коркунуч

Адамдын биринчи коркунучу – белгисиздик. Андыктан алдыга койгон максатка жетемби же жетпеймби деген белгисиздик жаралганда коркпош керек. Максат барбы, демек, алдыга кадам жасаңыз. Кадам жасалгандан кийин белгисиздик артта калат. 

Ыңгайлуулук зонасы

Бизди артка кетенчиктете турган дагы бир себеп – ыңгайлуулук зонасы. Адам күнүмдүк жашоосунан, ыңгайлуу ордунан жылгысы келбей жүрө берет. Эгер максатка жетүүдө ыңгайлуулук зонасы сизге жардам бербесе, анда андан чыгыңыз, өзгөрткөнгө аракет кылыңыз. Аракеттин арты – берекет.

Мотивация

Максатка жетүү үчүн сизге түрткү боло турган мотивация булактарын табуу керек. Балким, бул конкреттүү нерсе, бул тепкичтен өтсөм өзүмө мындай нерсе сатып алам деген. Же болбосо кызыктуу жерге барып келем деген. Досторуңузга, үй-бүлөңүзгө же кесиптештериңизге кайрылыңыз. Алардын дем берүүсү жана мотивациясы кыйынчылыктарды жеңүүгө жана максатыңызга тезирээк жетүүгө жардам берет.

 

Асыл Орозбекова      

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан