Бул аптанын каармандары – кыз-жигит атыккан кыргыз блогери Арген жана казак блогери Диана. Экөөсү кантип табышты? Максаттары кандай? Сүйүүсү үчүн күрөшүүгө даярбы? Бул суроолорго жоопту маектен табасыз.
– Кандайсыңар, Арген, Диана? Көпчүлүктүн көңүлүндө турган суроону берейин, силер тууралуу “хайп үчүн эле кыз-жигит болуп жүрүшөт” деген сөздөр айтылууда. Арген менен Диана бири-бирине ким?
Арген: – Саламатсыздар, Диана менин сүйлөшкөн кызым, кыргыздын болочок келини. Биздин түбөлүктүү жар болсок деген жакшы тилектерибиз бар. Кыз-жигит болгонубузга бир жарым ай болду, азырынча бири-бирибизди жакшыраак билүү этабындабыз.
– Кайрадан эле бактыңызды казак бир туугандардан издеп жатыпсыз да...
Арген: – Ушу казак кыздар мага өздөрү жакын (күлүп). Эмнеден качсаң, ошого жолугасың деген чын экен. Биринчи турмушумдагы жубайым да казак кызы эмес беле. Ажырашканда “эми кыргыз кызын алам” дегем. Буйрук окшойт, кайра эле ушундай болуп калды. Бирок кыргыз-казак бир тууган дейт, тилибиз, динибиз бир. Мага айырмасы деле жок.
– Диана, сизге да “эмнеге Аргенди тандадыңыз?” деген суроолор берилип жатса керек?
Диана: – Чын эле ушундай суроолор көп келип жатат. Казакпы, кыргызбы, жүрөк өз адамына гана тартат окшойт. Тартпаса сүйлөшө албайт экенсиң. Аргенди мурда тааныбайт элем, бир жарнамага чогуу тартылып калып, ошондо тааныштык.
Арген: – Биринчи жолукканда эле “ушул кыз менен сүйлөшүп калсам кандай болот экен?” деген ой келген. Бирок тийишкен жокмун, Кыргызстанга келгенде тосуп алып, жарнамалык жумушубузду аткардык. Кечинде бир аз коноктодум да узатып койдум.
Диана: – Болгондо да гүл менен аэропорттон тосуп алды. Аргенге дароо “кыз-жигит болушубуз мүмкүн” деген ой келген болсо, мага андай ой такыр келген эмес. Кудайдын буйругу болду окшойт деп турам.
– Арген, апаңыздын Дианага жоолук салып жатканы тартылган видеону жарыяладыңыз. Адатта, жоолукту келин болуп келгенде салчу эле...
Арген: – Түштүк жергесинен болот эмесминби. Биз жакта үйгө келген аялзатына “куттуу үйдөн куру чыкпа” деп жоолук белек кылышат. Ушундай каада бар. Туулган күнгө барса деле жоолук салышы мүмкүн. Ал күнү Диана жана башкалар болуп Ошко бара жатканбыз. Үйүм Бишкек-Ош жолунун боюнда, атам телефон чалып “үйгө кайрыла кеткиле” деп калды. Жаныбыздагы балдар-кыздарды жолго калтырып үйгө кирип кетүүнү ыңгайсыз көрдүм. Чогуу бардык. Дианага эле эмес, жанындагы кызга да апам жоолук салган. Бул “үйгө кош келдиңер” деген эле кеп.
Диана: – Мен да бир аз ыңгайсыздандым. Жоолук салып жатса Аргенди карап коём “эмне болуп жатат?” дегенсип. Бизде жоолукту кыздар келин болгондо салынышат эмеспи, Казакстандагылар мени ала качып кетти дегендей түшүнүп калышыптыр. Апам дароо телефон чалды, ага бул жакта ушундай салт бар экенин айттым. Аргендин апасы менен аз убакытта мамилебиз жакшы болуп кетти, тойго да чогуу бардык, бийледик дегендей (күлүп).
– Арген, биринчи жубайыңыз менен эки жолго түшкөнсүз, экинчи жолкусунда коркуу сезими жокпу?
Арген: – Коркуу бар, бул жолкусунда сөзсүз түбөлүктүү болуш керек деген ой турат. Ажырашканымдан бери бир жылдай убакыт өттү, ал адам өз турмушун куруп кетти. Мен дагы курушум керек экенин сездим. Диана менен сүйлөшкөндө эң биринчи байкаганым – бири-бирибизди уга алат экенбиз, бир толкундабыз. Диана “мамиледе тажрыйбаңыз бар экен” деп айтып калат, анткени кайсы бир этаптан өткөн үчүн абайлап турам. Эрте үйлөндүм, көп нерсени ойлонбой эле үйлөнүп алгам. Азыр үйүбүз бүтүп калды, каржылык туруктуулук бар дегендей. Буюрса, бактылуу болобуз.
– Мурдагы катачылык – аялыңызга каржылык туруктуулук бере албаганыңыз беле?
Арген: – Андай эмес, бирок эл ошондой ойлоп калыптыр. Анын маектеринен улам ушундай ойдо калышты окшойт.
– Диана, сизге Аргендин кайсы сапаттары жакты?
Диана: – Биз сүйлөшүп баштаганыбызда мага “адам өзгөрбөйт, биринчи турмушунда кандай болсо, ошондой эле калат, коркпойсуңбу? Ал тиран, андан кач, казак жигиттери жок калыптырбы?” деген каттар көп келди. Бирок Аргендин камкордугу, эркелеткени, жакшы мамилеси таразанын экинчи табагында турду. Аны өзүм көрүп, сезип турам да. Негизи эки адамдын турмушунда үй-бүлө ичинде эмне болгонун экөө эле билет. Ошондуктан бирөөнүн мурдагы турмушун талкуулоого болбойт деп ойлойм. Аргендин мага карата жаман мамилесин көргөн жокмун, кийин да көрбөйм деп үмүт кылам. Арген кыздарды сыйлайт, эмгекчил, жумуш кылганды жакшы көрөт. Ушул сапаттары жакты.
– Арген, сиз башынан эле эмгекчилсизби?
Арген: – Ооба, 3-классымда чакан дүкөн иштете баштагам. Мектепке кийчү кийимди да өзүм алчумун. Кичинемде апам, эжелерим Орусияга иштегени кетип, мени агамдын аялына, жеңебизге ташташкан. Төрт жашта элем, кандай болсо да өз апаң же эжеңдей эмес да. Тың, эмгекчил болуш керек болду. Жашоо түртүп отуруп тың кылды. Эркелөөгө апаң жок, атаң баары бир апанын ордун баса албайт. Айтор, кичинемден өзүмдү өзүм тарбиялап, багып келе жатам. Эми бул такыр эле апам карабай койду деген кеп эмес, турмуштун бир этабы мени бышык болууга үйрөттү.
– Диана, Арген үйдүн кенжеси экен, айылда жашаш керек болуп калса даярсызбы?
Диана: – Мен айылда чоңойгом, элеттин жашоосун билем. Үйдүн улуусумун, көп нерсени көрүп чоңойдум. Айылда жашагандан, келиндик милдетти аткаруудан качпайм.
– Бири-бириңерди жакшы эле таанып-билдиңерби?
Арген: – Азырынча бири-бирибизге экөөбүздүн тең “маскабыз” чечиле элек (күлүп). Качан чечебиз бир Кудай билет. Андыктан толук билдик деп айта албайбыз.
Диана: – “Ой-бай, баары укмуш болуп жарашып калды” деген нерсе дароо болбойт да. Ортодо көп тоскоолдуктар болот, мүнөздөр чыгат, ортого от жаккандар болушу мүмкүн. Жакында эле бир таарынычтар болуп кетти, мен Чымкентте элем, Арген барып алып келди. Азырынча бири-бирибизди таануу жолундабыз, Аргендин оюна кошулам.
– Тойдун болжолдуу датасы кандай?
Арген: – Бири-бирибизди жакшы билип үйлөнсөк деп турабыз. Ушул дата деп айта албайм, албетте.
Диана: – Ачыгын айтканда, узакка кыз-жигит болуп жүргүм келбейт. Анткени кыз-жигит кезде баары бир бири-бириңди толук тааный албайсың. Адамдын чыныгы жүзү үйлөнгөндөн кийин ачылат. Кандай болсо да ата-энеме сөз тийгизбей жакшы жашап кетүүнү тилек кылам.
– Сүйүү деген эмне сиздер үчүн?
Арген: – Сүйүү – эки адамдын бири-бирин түшүнүп, колдоп үй-бүлө куруусу. Биздики кыргыз менен казактын ортосунда көпүрө боло турган, эки элди жакындаштыра турган махабат болсо деген тилегим бар.
Диана: – Сүйүү – өзүңө, жолдошуңа, үй-бүлөңө болгон сый-урмат деп билем. Эки адамдын бир багытка максат коюп, ага умтулуусу. Атам жок болгондуктан, дайыма мырзалардан атанын колдоосун күтөт экенмин. Бирок азыр эркектен атанын камкордугун күтүү туура эмес экенин сезип калдым. Аялды жакшы көрүп, алаканына салып турса, аял да жолдошуна ошондой эле мамиле кылат деп ойлойм. Сүйүү ошол.
– Маек үчүн рахмат, бактылуу болгула!
Лира Абакирова