Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Айкөл үчүн алтын менен күмүштүн, үй, автоунаанын, дегеле байлыктын такыр мааниси жок болчу. Дүйнөнүн сырткы жалтырактыгы аны кызыктыра алчу эмес, ошондой эле адамдардын сырткы сулуулугуна караганда ички мазмунуна арбалчу. Өз учурунан башкача ой жүгүрттүрүп, өзү теңдүүлөрдөн айырмалантып турган бир нерсе бар эле анда. Тереңдик...

Бир көргөн адам дароо байкабашы мүмкүн, бирок Акбарга окшогон, жашоосунда көп адамдарды көргөн, көп жыгылып, кайра турган адам мындай таза рухту дароо байкады. Баалуу акак таш сымал тээ тереңде жылтырап турган адамдык асыл сапаттарын баалады. “Аттиң” деди. Ичтен сызды. Бирок сезимди акылга салган куракка жетип калган адам, андан кийин бир да Айкөлдүн алдына чыгып тынчын албады. Сырттан гана байкап жүрдү. Ал бактылуу көрүнсө, өзү бактылуу болуп, ал кыйналгандай сезилсе кошо кыйнала турган адаты бар эле. Андан да кызыгы, Айкөлдүн сезимдерин энергиялык деңгээлде билип ала турган болду. Телепатия дейби же башкача айтабы, айтор, акылга салса эч ким түшүнбөгөн бир абалда бул кызга байланды да калды.

Айкөлдүн андан эч бир кабары жок эле. Жаштык, ашыктык, дүйнөнүн ал билбеген сырлары, атак, анын дүйнөсүнө сүңгүп кирип, өз бийлигин жүргүзүп жаткан эле. Ар тараптан агылып сунуштар түшө баштады.

– Саламатсыз, бир чоң долбоорга катышып берсеңиз деп байланышып жатканбыз, – деди бир күнү бир режиссёр телефон чалып.

– Кутман күн. Ким менен сүйлөшүп жатам?

Телефондун аркасындагы адам аты-жөнүн айтып өзүн тааныштырды. Киного тарткысы келип жатканын айтты.

– Кино... Мен эч даярдыгым жок. Актрисалык билимим да жок. Кантип мага ишенип ушундай чоң роль берип жатасыздар? – деди таң калган Айкөл.

– Сиздин талантыңыз жана сулуулугуңуз бар. Азыркынын Таттыбүбү Турсунбаевасы деп да айтып жатышат. Биз сизге ишенебиз. Колуңуздан келет.

– Андай чоң ысым менен мени салыштырганга болбойт деп ойлойм. Мен эч эле... Жок, мен тартыла албайм.

– Сиз азыр жооп бербей туруңуз. Дагы ойлонуңуз. Биз байланышабыз.

Телефонду коюп, Айкөл ойлонуп калды. Баары эле бир ооздон “азыр атыңды чыгарып ал, азыр сенин убагың, тез... азыр... бол... кыймылда...” деп эле шаштырып жатышат. Ал нерсе буга керекпи, сураган киши жок.

Аңгыча Айдар келип калды. Колуктусунун санаалуу жүзүн байкап, чекесинен өөп, эмне болгонун сурады. Айкөл болгонун болгондой айтып берди.

– Эч түшүнбөй калдым. Атактуу болуу ушул болсо, анда эч бир даамы жок тура мунун. “Пайдалан, сенин убагың” деген сөздөрдөн тажап кеттим.

– Сен өзүң эмне каалап жатасың, жаным?

– Билбейм, бирок каалаганым бул нерсе эмес эле. Жеңил-желпи, тез убакытта ат жасай калуу эч качан максатым болгон эмес. Бул үчүн ушунча жыл окубаган элем. Мага сахна мындан дагы терең, мындан дагы ырахаттуу, мындан дагы маданияттуу сезилчү. Бирок чөйрөгө кирген сайын талант эмес, пиар менен эле алек болгон адамдарды көрүп жатам. Музыка – бул эмес!

– Алтыным, сен каалабаган нерсеңди жасаганга милдеттүү эмессиң. Каалабасаң, баарын таштап айылга кетебиз. Мен сырттан окууга которулам. Бир бөлмөлүү жатаканага кысылбай, айылда тиричилигибизди кылабыз. Сен мектепте сабак бересиң. Мен дыйканчылык кылам.

Айкөл Айдарды сүйүп карап алды.

– Чын эле ушунун баарына кол шилтеп кетип калсак деле болсо керек, ээ?

– Ооба да.

– Мен төрөйм, сен жумушка чыгасың. Биз сени күтүп алабыз. Балабыз чоңоёт, апа, ата деп тили чыгат. Тынч, жайлуу, эч ким менен ишибиз жок... Элестетсең аябай сонун, ээ?

– Ооба, буюрса, эмне кааласак баарына жетебиз.

Алар сүйлөшүп отурушту. Бул алардын акыркы бактылуу көз ирмемдери эле.

 ххх

Түн. Айкөл жаман түш көрүп жатты. Жапжашыл тоодо жылаңаяк жүгүрүп келе жатат. Айдар да жанында, экөө кол кармашып алышкан. Бири-бирине жылмайып карап жатышты. Бактыларына тойбой, буттары жерге тийип-тийбей учуп келе жаткандай сезилди. Бир кезде катуу бороон келди да, жанында бара жаткан Айдарды учуруп кетти.

– Айда-аар!

Кыйкырайын дейт, кыйкыра албайт. Ажыроонун азабы ушунчалык күчтүү болот деп ойлогон эмес. Жан дили менен Айдар жакка умтулуп жатат, бирок болбой эле аны шамал башка тарапка учуруп кетти. Ойгонсо, кара тер басып, жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согуп жатыптыр. Сыртта чын эле шамал болуп жатат. Терезенин форточкасы ачылып калган экен. Куду ошол жерден бирөө түшүп келчүдөй коркуп жатты. Туруп барып жапты да, тизелерин кучактап отуруп калды. Биринчи жолу ушунчалык коркту. Айдардын телефонуна да чалгысы келбей, бир жамандыкты укчудай отура берди. Таң атканча ушундай бир түшүнүксүз абалда көпкө жатты. Айдар түндө таксиде иштечү эле. Күндүз окуп, түнкүсүн акча таап келинчегин бакчу. Бир кезде телефон чырылдады. Белгисиз номер экен, жүрөгү мыкчыла түштү. Анткени дал ушул учурда Айдар телефон чалып “таңкы тамакка эмне жейсиң?” деп сурачу. Калтыраган колдору менен телефон алды.

– Саламатсыз, Айдар Туралиевдин жакыны болосузбу?

– О-ооба.

– Ооруканага келиңиз, оор жаракат алды.

Тез-тез даректи айтты да, бир нерсе сурагыча болбой телефонду коюп салды. Айкөл кантип кийинип, кантип такси чакырып ооруканага жеткенин билбей калды. Жаңы эле операцияга киргизилгенин айтышты. “Абалы оор” дешти. Башка эч нерсе айтпай “күткүлө” деп койду. Калтыраган колдору менен атасынын номерин терди.

– Кызым? Эмне болду?- деген атасынын үнүн укканда бутунан ал кете түштү.

– Ата-а.

– Айкөл, эмне болду?

– Айдар оор абалда деп жатышат, атаке. Коркуп жатам. Эмне болгонун билбейм. Мен...

Ыйлап жиберди. Калтырап-титиреп, өңү бопбоз болгон Айкөл айланасында эмне болуп жатканын жакшы түшүнбөй турду. Бир билгени Айдар оор абалда. “Күткүлө, азырынча маалымат бере албайбыз” деген чоочун адамдардын муздак сөзү.

 ххх

Акбар ошол таңда намазга тургандан тартып жүрөгүнө санааркоо түшүп жатканын байкады. Бир топ маанилүү иштери бар эле, эч бирине көңүлүн коё албай жатты. Бир маалда “Ырчы Айкөлдүн күйөөсү оор абалда ооруканага жеткирилди” деген кабарга көзү түштү. Ордунан шак тура калды. Дароо телефонун алып эшикке жөнөдү.

 

 ххх

– Сиз кимиси болосуз?

– Иничектерден болот.

Ак халат кийген врач ага ишенбегендей карады. Оор үшкүрүп алып жай сүйлөдү.

– Абалы оор. Жашап кетеби, билбейбиз. Башына жана жүлүнүнө эң оор операция жасалууда. 5 саат болду. Билбейм, башка эч нерсе деп айта албайм.

– Бул иш кандайча болуптур?

– Жаш жигит таксист окшойт. Көчөдөн бир жаш кызды чыркыратып сабап, кыйнап жаткан топ балдарды көрөт. Кызды куткармакка аракет кылат. Тиги кутурган немелер баары буга жабылып кетип, өлөр-тирилерине карабай уруп салышыптыр. Кабыргалары, буту сынган. Ал эч нерсе эмес, башын таш менен талкалап салышыптыр акмактар. Оор жаракат алыптыр. Кудай деп турабыз эми. Бир керемет болуп эле кетпесе...

Жүрөктү үшүткөн эң оор сөз ушул эле. Акбар врачтын кабинетинен чыкты. Алыстан Айкөлдү көрдү, жалгыз экен. Жанына баргысы келди, бирок бара албады. Анын кандай абалда экенин билгендиктен, бара албады. Ага ушунчалык оор экенин жан дүйнөсү менен сезип турду. Эмне кылып коргой алат? Кантип андагы оор жүктү бөлүшө алат? Чыдабай ага кадам жасады.

– Айкөл.

Ал кылчая берди. Жаштуу көздөрүндө ушунчалык чоң үмүт бар эле, эркектин жүрөгү тилинип кетти...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан