Шардан гелий дем алуу ЗЫЯН!

Гелий менен үйлөтүлгөн шардан дем алганда адамдын үнү чыйылдап өзгөрүп, улуу-кичүү муун дебей кызыгуу жаратат. Бирок мунун ден соолукка зыян экенин билип алган жакшы.

Кычкылтек ачарчылыгы жаралат

Дем алганыбызда газ алмашуу жүрөрүн билебиз: кычкылтек менен дем алабыз да, кайра көмүр кычкыл газын чыгарабыз. Кычкылтектин ордуна шардын ичиндеги гелий менен дем алганда денебизде тамактанууга эч нерсе калбай калат. Кычкылтек түгөнүп, жүрөк айлануу, баш айлануу жана эс-учун жоготуу башталган стадияга өтүшү мүмкүн. Башкача айтканда, кычкылтек ачарчылыгы жаралат. Андыктан шардан гелий дем алып жатканда чектен ашып кетпеш керек.

Өпкө жабыркашы мүмкүн

Гелийди шардан эмес, баллондон түз дем алгандын таасири коркунучтуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Кептин баары баллондон чыккан басымда. Баллондон гелий адамдын организмине өтө күчтүү ылдамдыкта жана басымда кирет. Бул учурда альвеолалар жарылып, өпкөнү жабыркатышы мүмкүн.

Көз карандылык

Гелийди көп колдонгондо адамда үн эле өзгөрбөстөн, эйфория сезими жаралышы ыктымал. Бул реакция асфиксияга (аба жетпей муунган абалдан келип чыккан абал) байланыштуу жаралат. Эйфория абалы кыска аралыкка эле созулат, андыктан бул сезимди узартуу максатында гелийди кайра-кайра дем алгың келе берет. Байкалбаганы менен, бул коркунучтуу учур. Өзгөчө жаш балдар эйфория сезимин кубалап, берилип кетпешин көзөмөлгө алуу зарыл.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан