Сергиткен муздак суусундуктар

Эшикте мээ кайнаткан ысык. Термометр +35 градустан ашык көргөзүп, көздү чакчайтат. Мындай ысыкты кантип жеңебиз? Албетте, сууга чайканып, сергиткен муздак суусундуктарды ичүү кажет. Ошол сергиткен суусундуктардын рецепттерин издетпей сизге сунуштайбыз.

Түрк лимонады

Керектелүүчү азыктар:

Апельсин – 2 даана

Лимон – 1 даана

Кумшекер – 150-200 грамм

Жалбыз – 4-5 жалбырак

Газдалган же жөнөкөй кайнатылып муздатылган суу – 1,5 литр

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Лимон менен апельсиндин сыртын таза жууйбуз. Сүргүчтүн майдалоочу тишинен сырткы сары кабыгын агына жеткизбей кырып алабыз. Агы кыйгыл даам берет, кошулуп кетпешине көңүл буруңуз.

2. Цедрага кумшекер кошуп мыжыга аралаштырабыз. Бул учурда кумшекер бир аз эрип, кырынды болсо жакшы жыт-даам чыгарат.

3. Цедраны идишке салып, үстүнө экиге бөлүнгөн лимон менен апельсиндин ширесин сыгып, каалоого жараша газдалган же жөнөкөй сууну куябыз. Жалбыз менен муз болсо кошуп аралаштырып, сүзгүчтөн өткөрүп бокалдарга куябыз. Суусун кандыра берсеңиз болот.

 

Кулпунай+киви ширеси

Керектелүүчү азыктар:

Киви – 3 даана

Кулпунай – 100 грамм

Лимон – жарымы

Кумшекер – 100 грамм

Кайнатылып муздатылган суу – 1,5 литр

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Кивинин кабыгын аарчып, чарчы туурайбыз. Таза кулпунай менен кумшекерди кошуп блендер менен эзебиз.

2. Кувшинге киви, кулпунай эзмесин салып, үстүнө жарым лимондун ширесин сыгабыз. Муздак сууну куюп аралаштырабыз. Ширебиз даяр. Муз кошуп ичсеңиз да болот.

 

Алчалуу лимонад

Керектелүүчү азыктар:

Алча – 250 грамм

Апельсин – 1 даана

Лимон – жарымы

Кумшекер – 200 грамм

Газдалган суу – 1,5-2 литр

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Алчаны жууп-тазалап, данектерин алып салабыз. Кол менен эзип, же шире сыккыч менен ширесин чыгарабыз.

2. Лимон менен апельсинден 2-3 кесимден кесип, калганынын ширесин сыгып, алча ширесинин үстүнө куябыз. Кумшекерди жана газдалган суунун үчтөн бир бөлүгүн куюп баарын аралаштырабыз. Кумшекер эригенден кийин кувшинге чыпкалап, калган газдалган сууну жана алып койгон апельсин лимон кесимдерин кошобуз.

 

Мохито

Керектелүүчү азыктар:

Лайм – 2 даана

Жалбыз – 5-6 талча

Кумшекер – 2 аш кашык

Газдалган суу – 1 литр

Муз – 100 грамм

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Жалбыз менен лаймды жууп, жалбызды жытын жакшы бериши үчүн ушалап же алаканга чапкылап анан кувшинге салабыз.

2. Лаймдын бир даанасынын ширесин сыгып, бир даанасын жарым шакекче туурап кувшинге салабыз. Кумшекерди, муз бөлүкчөлөрүн кошуп, үстүнө газдалган сууну куябыз. Мохито даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан