Эх, тор көйнөк, тор көйнөк...

Интернеттин кыргыз сегменти кишини эч зериктирбейт окшойт. Бир саясатчы үкөм “кыргыздын жектегени да үч күндүк, мактаганы да үч күндүк, анан эле баарын унутат” деди эле. Чын эле, мактасак тим эле асманга учура мактап, жамандасак жети атасынан бери сөгүп, жердин жети катмарына киргизип жиберчү жагыбыз бар эй, аны моюнга алышыбыз керек. Анын үстүнө социалдык тармактар өнүккөнү кыргызга Кудай берди да калды, ким оюна эмне келсе жазат. Айрыкча кийим-пийим, төшөк-мөшөк маселеси болсо, талкуунун кызыганын айтпа эми. Эркеги-кызы, карысы-жашы аралашып 2-3 күн уу-дуу кеп басылбайт. Илгери ата-бабам “сынган кол жең ичинде” деп жаманын жаап-жашырчу, азыр сынмак турсун үзүлүп кетсе да заматта интернетте. Айтор, бөтөндөн жаап-жашыра турган сырыбыз деле калбады, сыягы. Эмнени айтайын деп жаттым эле? Аа, өткөндө Бишкекте киночулардын бир тою өтүп, ал тойго бир блогер кыздын жарым жылаңач келип алганын божурайын деп жаткам... Баары ошол сулуунун жоругун эле күтүп турганбы, айтор, окуялар биринин артынан бири жамгырдай эле куюлду го, чиркин...   

 

Бишкекте эл аралык кинофестиваль уюштурулуп, адаттагыдай кызыл килем, тагыраагы, көк килем төшөлүп, аттуу-баштуунун баары андан чууруп өтүп, көрүүчүлөр аларды суктана карашып, фотоаппараттардын “ыспышкалары” жаркылдап, айтор, баары ойдогудай эле башталгансыган. Аңгыча эле киного тиешеси жок бир блогер кыз ич кийими көрүнгөн тор көйнөк кийип кызыл килемде көйкөлө басып калбаспы. Ал кыздын аты Жанара экен, соцтармакта Сексихатова деген фамилия менен таанымал дешти билгендер... Ошол кыз иштин баарын өлтүрдү, иттики. Фестиваль кандай өттү, эмнелер көрсөтүлдү, кимдер сүйлөдү, бул иш-чара кыргыз маданиятына, туризмине кандай салым кошот деп олуттуу сөз болбой, элдин баары тиги кыздын көчүгүн 3 күн талкуулап жатып алса болобу. Эмне дешкени белгилүү да, “уят, намыс кайда?” деди бири. “Уят эмес, демократия деген ушу” деди экинчиси. “Азамат кыз экен, караңгылар сүйлөй беришет” деди дагы бир жарымы. “Бул кызды кой деп тыйып койчу атасы, агасы жокпу?” деди бири. Ушундай талкуулардын аягы тыйыла элек.

Мейли, ал карындашым хайпка муктаж бир блогер экен дейли. А бакыйган фестивалды уюштургандардын көзү каякта? Европага окшошобуз деп кыйналбай, кыргыз жыттанган иш-чарага түзүгүрөөк эле кийинип кел дешсе болмок экен, дешпегени үчүн жетекчиликтин сөгүш алышты акыры. Фестивалга Табылды Актанов, Назирет Дубашов сыяктуу кинонун дөө-шаалары катышты, алардын көзү тиги кызды чалса кантишти экен деп мен бушайман. “Боёкчу, боёкчу десе, сакалын кошо боёйт” болуп кээде биздикилер да аша чаап кетишет. Кыргыз кыргызга жат адаттан алысыраак эле болсочу дейсиң.

 

Жылдыздын жубайы отко май чачканда...

Ансыз да алоолоп турган отко атайынбы же кокустанбы, от чачып жиберишти. Феминисттик көз карашты жактап жүргөн Мээрим Төлөпберген деген блогер карындашым бар. Атактуу Мирбек Атабековдун мурунку аялы. Ошол карындашым соцжеледеги баракчасына тарыхча киргизип, жанагы Жанара деген кесиптешин колдоп “сиз азаматсыз, так держать” дей салбаспы. Анан талкуунун күч алганын көрүп ал, Мээрим укпаган сөздүн баарын укту. Жекелигине чейин өтүп ашаткандар болду. Албетте, мындай тепкиде каларын ал өзү деле күткөн болуш керек. Айтор, аялдык тилектештиктин жүгү Мээримге оорго түштү. 

Жылаңачтанууну пропаганда кылбайлы деди

Тор көйнөкчөн блогер кыз Азамат деген инимди популярдуу кылып таштады. Көрсө, ал өлкөдөгү “Мубарак” деген кафенин жетекчиси экен, ал дагы блогер тура.  “Эй, туугандар” деди ал ачык эле. “Бул кызды (тор көйнөкчөндү айтып жатат) азыр колдоп жатсаңар, өсүп келаткан муунду ойлогула. “Атыңды таанытыш үчүн билимдин да, аракеттин да кереги жок экен, болгону бир фестивалга жылаңач чыгып койсоң болду экен” деп ойлоп калбайбы. Койгула, бизден кийинки кала турган муунду ойлойлу, колдосоңор да жабык колдогула” деди. “Бали” дедим.

Тор көйнөктү жакшылап карасам...

Ушунча талкуудан соң кантип жөн отурайын? “Ой, бу Сексихатова деген эмне болгон жан?” деп текчеде турган көз айнегимди алып кийип, интернеттеги баракчасын шыкаалап көрдүм. Бок ооздугу бар экен... Канча тилде эркин сүйлөйт билбейм, бирок жети тилде эркин сөгүнөт экен, чиркин. Ал шумдукту менин неберелерим тааныйт экен, таанымак турсун күйөрмандары окшойт. Отурсам бир неберем келип “чоң ата, норм эле кыз ал, контент үчүн эле сөгүнөт да” дейт шумпай. “Ок, контентиң урайын” деп сөгүнүп жибере жаздап араң кармандым. Контент эле керекпи силерге? Улуттун баалуулуктары бир тыйынбы? Көрүнгөндү туурап, ээрчип жүрүп эмне болор экенбиз?.. Баса, бок ооздугу үчүн бул блогер 3 күнгө камалганын айта кетейин... 

Атабеков агынан жарылып...

Негизи кыргыз жигитинин нымтырабай тарс-турс эле жүргөнү жакшы. Жогорудагы окуялардын фонунда кыргыздын сыймыктуу уулу Мирбек Атабеков агынан жарылып, менин ага сыйымды ого бетер арттырып таштады.

Микем соцжеледен видеокайрылуу кылып “кыргыз деген кыргызча эле жашайт. Аялдарды кыргыздар коргоп келген, коргой беребиз. Феминисттик көз карашыңарды жана башкаларыңарды алып Европаңарга кеткиле. Булгабагыла бул жерди, кокомо жеттиңер, токтоткула. Кыргызстан жакпайбы, давай, өлкөдөн чыгып кеткиле” деген таризде катуу сүйлөдү. Эмоция менен айтты. Эркекче айтты. Накта таластыктарча айтты. Сексихатовага гана тийиштирип эмес, мурунку аялына болгон таарынычын да айтып алды окшойт жигит. Эмнеси болсо да азамат. Маданияттын мыктысы аталып, төшүнө “значок” тагып алып, башынан калпагын түшүрбөгөн айрым интеллигент сөрөй ырчы-чоорчуларга үлгү болорлук иш кылды. Кыргызга жат иштерге кыргыз жигити ушинтип пикир айтып туруш керек, эй, сылаңкороз маданиятчылар. Мамлекеттик той-ашка чакырылганыңарга, белек-бечкек алганыңарга корстон болуп жүрө бербей... 

 

 Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан