Ырчылардын ырларынын хитке айланышында, албетте, аранжировкачынын да салымы бар. 6 жашынан бери аранжировка жасап келе жаткан Жаныш Момунов кичине чагынан тартып, атактуу болгон учуру, өкүнгөнү, министр болбой калганы жана башкалары тууралуу айтып берди.
“Бейбаш кара бала элем”
– Ош облусунун Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында туулгам. Тентек, кара бала болчумун. Балдар менен мушташып, кыздарды ыйлатып, аны менен кошо ырдап басып жүрөр элем. Канаттууларды кармап, шишкебек кылып жеп, колум, оозум карала болгон күндөр көп болду. Бир жолу коңшу баланы рогатка менен атсам маңдайына таш сайылып калды. Ата-энеси келип сазайымды берип кетишкени эсимде.
Апам ыраматылык бала бакчада жетекчи болуп жүрдү, жакшы ырдачу. Майрамдык иш-чараларда апам Байыш экөөбүздү ээрчитип алчу. Бакчага барып жүрүп, андагы ямаханы ойноону үйрөнүп алгам. Ошого мен ойноп, Байыш экөөбүз ырдап берчүбүз.
Бактылуу кокустук
– 7 жашымда айылга Фрунзеден музыкага шыктуу балдарды издеп барып калышты. Балдардын ичинен Байышты да тандашты. Агам Фрунзеге сынакка бара турган болгондо мен да барайынчы десем, апам макул болуп ээрчитип алды. Мен тизмеде жок болчумун. Бирок комиссияга “мен деле ырдап берейинчи” дедим. Күлүп, макул деп калышты. Ырдап берип мен “5”, агам “4” алып жатпайбы... Алар «сен да алындың» дешти. Ошентип Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кабыл алынып, окуп бүттүк.
“Кайсы үйдө той болсо таап барып калчубуз”
– Мектепте окуудан тышкары музыкалык машыгуу өтөт. 5-6 жыл окугандан кийин тажап, агам экөөбүз “кетебиз” деп чыктык. Апам урушуп, ушунча жыл окудуңар, эми биротоло билим алып чыккыла деди. Ошондо апабыз урушпаса, биз музыкант, ырчы болбой калмакпыз. Мен фортепиано, Байыш флейта бөлүмүндө окудук.
Каникулда айылга барганда кайсы үйдө той болуп, музыка чыгып жатса, ошол үйдү издеп таап барып калчубуз. Агам экөөбүз “щустрыйбыз”, тамадага бир ырдап берели дейбиз. Ошентип, ямахада ойноп, ырдап берчүбүз. Акча кыстарышса дердейип калабыз.
“Динара Акулова менен табыштырган рояль”
– Уккан эстрадалык ырларды мугалимдерден жашырынып, пианинодо ойноп үйрөнчүмүн. 6-классымда бир күнү Роза Заитованын баласы, классташым "апам бүгүн концерт берет, жүргүлө" деп ээрчитип алды. Антрактта карасам фортепиано туруптур. Барып ойноп жатсам Динара Акулова эже менен Абдумалик Шерматов байке өтүп баратышыптыр. Токтоп калып, "каякта окуйсуң?" деп сурашты эле айтсам, “биз менен иштебейсиңби?” дешти. Ошентип “Динара” тобуна кошулдум, артымдан Байыш агам келди.
Абдумалик байке күчтүү менеджер болчу. Концерттерди аншлаг менен өткөрчү. Ал мага ямаха сатып берген. Ошол кезде ал 1 машинанын акчасы болчу. Ошентип 6-классымда алгач ирет Динара Акулова эженин “Суранам” ырын аранжировкаладым. Кийин башка ырларга өттүм.
“Анын арабасы бар” менен оозго алындык”
– “Динара” тобу менен иштешүү окууларыбызга тоскоол боло баштады. Ошого топтон кеттик. 1997-жылы “Жаныш-Байыш” тобун түзүп, өз алдыбызча чыга баштадык. Алгачкы “Анын арабасы бар” ырыбыз хит болуп кетти. “Арноо концертинде” суроолор боюнча көп берилип турду. Ошентип, оозго алынып кеттик. Концерт берсек аншлаг менен өтүп жатты. Бардык ырларыбыздын аранжировкасын мен жазып турдум. Топ 2003-жылга чейин жашады. Байыш экөөбүз үй-бүлөлүү болгондон кийин тиричиликке кирип кетип, топ тарап кетти.
“Атактуулардын көп ырларын шөкөттөдүм”
– Атактуу ырчылардын көбүнүн, мисалы, Гүлнара Кахарованын “Айтпаса экен”, Динара Акулованын бир нече ырын, Бек Борбиевдин “Тамчы шүүдүрүм”, “Аселдейим”, “Кыргызстанын”, ошондой эле Майрамбек Осмонов, Гүлбү Орозкул кызы, Ынак Осмоналиевдин да ырларын музыкалык жактан шөкөттөп “көйнөк” кийгиздим. Айтылган ырчылардын ичинен аранжировканы башкаларга жасатып, бирок жакпай, мага келген учурлары болгон. Ырлары хит чыкса, аларга кошо менин да эмгегим болгонго сүйүнгөн учурларым көп.
“Казак ырчыларына, Шатуновго керегим тийген”
–2009-2010-жылдары казак ырчыларына аранжировка жасап берип калдым. Анткени ал жакта аранжировка кымбатка жасалат экен. Ошого мага келишчү. Ал жактан 1 ырга төлөнө турган акыны мага келип 1 альбом ырлар жыйнагына төлөшчү. Кийин алар өздөрү студия ачып кетип, келбей калышты.
2013-жылы Бишкекке ырчы Юрий Шатунов концерт коюп келген. Ошондо анын артына туруп клавишада ойноп бергем. Ошондо Юрий мени мактап. ыраазы болгон.
“Келинчегимди иштетпей койгонума өкүнөм”
– Келинчегим Жеңишгүл кесиби боюнча мугалим. Бирок жаңы баш кошкон кезде аны кызганып иштетпей койгом. Көрсө, акыл калчап ойлоно элек кез экен. Аныма азыр өкүнөм. Учурда тигүү цехинде иштейт. Мага, балдарга спорттук костюм, футболкаларга чейин өзү тигип, кийгизип коёт.
Жеңишгүлдүн апасы менен менин апам бир айылдын кыздары болгонго эже-сиңдидей жүрүшчү. “Жаныш-Байыш” тобу менен концерт коюп, Кызыл-Кыяга барып калганда Жеңишгүлдөрдүкүнө түнөп калчубуз. Жактырып калып, үйлөнгөм.
Балдарым Актан 20, Батыркан 19, Каныкей 14кө чыкты. Актан корей тили курсун окуп бүтүп, Түштүк Кореяга кетем деп турат. Тилеги – IT тармагында программист болуп чыгуу. Батыркан медициналык факультеттин 1-курсун бүттү. Каныкей ырчы болом дегенинен музыкалык мектепке бергенбиз, 8-классты аяктады. Буюрса, ырдап чыгат.
“Үйдө кетмен көтөрүп эле жүрөм”
– Жашоо шартыбызды жакшырталы деп 2 кабат үй салып жатканбыз, бүткөнү калды. Үйдө жумуш жок болсо деле кетмен, орок көтөрүп жүрө берем. Үйдүн айланасы таза турсун деп каерде чөп өсүп калса, оруп, кырып жок кылам, орду чаңыбасын деп суу чачам. Тиричиликке керектүү буюмдардын өз ордунда турушун каалайм, балдардан да ошону талап кылам.
“Классикалык чыгармаларым ордун таба элек”
– Убагында бир топ классикалык чыгармаларды жараттым. Аларды радиого алып барсам албай коюшту, "укчу угармандар жок" дешти. Орусиянын радио, телеберүүлөрүнөн Игорь Крутой сыяктуулардын классикалык чыгармалары көп эле берилет. Бизден деле берилсе угармандарын таап кетет беле, ким билет?.. Ошентип ал чыгармаларымды эми балдар үчүн мультфильм тарткандарга, кинорежиссёрлорго сунуштап көрсөм деп турам. Мүмкүн, жарап калат. Эгер кинорежиссёрлор өздөрү тартып жаткан фильмдерине музыка жазып бер деп суранып калышса, жазып берем.
“Маданият министри болом деп чыккам”
– Бир кезде маданият министри болсом деп да чыккам. Аталган министрликтин мамлекеттик маданий иш-чараларды өткөрүү бөлүмүндө башкы адис болуп 5 жыл эмгектендим. Саммит болобу, жаңы объекттердин ачылышы болобу, айтор, президент кайсы жерге бара турган болсо, биз ошол жерде жүрдүк. Бирок ал жакта иштегенде жеке чыгармачылыкка убакыт жок калчу. Менин жан дүйнөм чыгармачылыкка тартылып туруп алды. Ошого иштен чыгып, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке концертмейстр болуп кирип алгам, 1 жыл болду. Ошентип маданият министри болбой калдым.
“Жаз музыкасын да баалап угам”
– Аккордеон, сыбызгы, чопо чоор, гитара, урма аспаптарда ойной алам. Ырчылардын ичинен Аксай Мукамбет уулу, Миран Жанарбаев, Султан Садыралиев, Бек Исраиловдун үнүн баалайм. Аранжировка жасап жүргөндүктөн, музыкалык кругозорду байытуу үчүн түрдүү музыкаларды угам. Жаз музыкасын баалайм. Бизде профессионал аранжировкачылар – Мырзали Жээнбаев менен Эркин Мээрканов. Бирок билими жок болгонуна карабай жакшы аранжировкачылар да бар.
Акыркы убакта фонограмма азайып, жандуу концерттер талапка ээ болууда. Нурлан Насип, Султан Садыралиев, Айбек Карымов жана башкалардын концерттерин клавишалык аспапта ойноп, коштоп бердим.
Канымжан Усупбекова