Зарема Асаналиева, актриса: «Психологсуз эле өзүмдү 80 пайыз өзгөрттүм»

Актриса Зарема Асаналиева менен көптөн бери баарлаша элек болчубуз. Актрисалык жол, турмуш сабактары, психология, келечек тууралуу кеңири пикир алыштык. “Боз салкын” фильминен башталган жол кандай уланууда? 

 

– Саламатсызбы, Зарема? Көптөн бери көрүнбөй калдыңыз, эмне иштер менен алексиз?

– Саламатчылык. Азырынча чоң долбоорлор сунуштала элек. Бирок заман талабына жараша чакан вайндарга тартылып жүрөм.

– Кино дүйнөсүнө аралашканыңызга 20 жыл болуптур. Бул арада жалпы канча тасмага тартылдыңыз?

– Жалпы 15тей тасмага тартылдым. Эсимден кетпегени – “Чаңырык” аттуу кыска метраждуу трагедиялуу тасма болду окшойт. Аны Түркияда окуп, Түркиянын президентинин сыйлыгын утуп алган Айзада деген кыз дипломдук иши үчүн тарткан. Сюжети боюнча, жаш келиндин жолдошу, балдары каргыштын кесепетинен каза болуп, аял жалгыз калат. Ошондой психикалык жактан жабыркап турган аялдын образын ойношум керек болду. Андай оор роль ойной элек элем да. Тартуу иштери башталарда сыртта 15-20 мүнөттөй эле даярдандым да, тартуучу топко “бир эле кадр менен тартылам. Анткени ичтеги эмоциямдын баарын алып чыгышым керек. Экинчи жолкусунда андай эмоциялар чыкпайт” дедим. Айтканымдай, 1 кадр менен тартылды. Образды ачып бердим.

– Комедия, мелодрама, трагедия... Кайсы тармак жан дүйнөңүзгө жакын деп эсептейсиз?

– Актриса болгондон кийин кандай роль сунушталса да аткарууга милдеттүүмүн. Актёрдук чеберчиликтен сабак берген Бектен Абдылдаев деген агайым бар, ал комедиялык режиссёр. Окуу жайда бизди 5 жыл окутуу менен катар комедиялык ролдорду аткартып, бышырган. Андыктан трагедиялык да, комедиялык да ролдорду катыра ойной алам.

– Актрисалыктан тышкары башка жумуштар менен алектенип көргөнсүзбү?

– Чыгармачылык менен эле келе жатам. Ортодо бир аз бизнес менен алектенип көрдүм. Анан жашоом кайра эле театр, киного айланды. Кино, вайндарга тартылгандан тышкары, аскер институтунда режиссёр-коюучу болуп иштейм, концерттерди уюштурабыз.

– Сизди кино тармагына алып келүүнүн негизги себепкери ким же эмне болду деп ойлойсуз?

– Тилим чыккандан ырдап, бийлеп чоңойдум да. Апам жаш кезинде актриса болом деп, бирок тилеги ишке ашпай калыптыр. Ошого мени актриса кылсам деп тилептир. 9-классымда Жамал Сейдакматова баштаган таланттар айылга гастролдоп барышкан. Ошондо апам Жамал эже менен сүйлөшүп, тагдырымды чечишиптир. 11-классты бүткөндөн кийин Жамал эженин колуна бардым. Театрда ролдорду жаратып жүргөнүмдө “Боз салкынга” сунуш түштү. Аталган тасмадагы Анаранын ролу кино сапарына алган билетим болду. Арадан 20 жыл өтсө дагы эл мени азыр деле Анара деп тааныйт.

– Үй-бүлөдө катуу тарбиянын таасиринде өскөнсүзбү же эркинби?

– Союз учурунда төрөлгөндүктөн ошол кездеги тарбия менен өстүм. Апам мени эркин өстүрүүгө аракет кылганына карабай баары бир тыюулары көп болчу. “Кызга 40 үйдөн тыюу”, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “кыз кишиге минткен болбойт, жарашпайт” дегендерди айтып кулакка куюп, бекем тарбиялады. Кийин актриса болуп жүргөнүмдө гана адамга эркиндик керек экенин билип, өзүмдү эркин сезе баштагам.

Атам 30 жашында каза болуп, апам 28 жашында жесир калып жашоонун азабын көп тартты. Бизди багам деп жүрүп жүрөк оору тапты. Базарга чыгып чай, кофе, нан сатты. 3-классымда апам бышырып берген нандарды түшкө чейин мен, түштөн кийин эжем сатып жүрдүк. Апама жардам берели деп түйшүк менен чоңойдук. Бала чак дегенде ошол нан саткан күндөрүм эске түшөт. Кыскасы, 10 жылдай көп кыйынчылыкты баштан өткөргөм.

Азыркыга чейин тасмадагы ролдордо ыйлайм, бирок жашоомдо такыр ыйлабайм. Апам “адам көз жашын төгүп башка адамдын маанайын түшүрүп, кайгыртпашы керек” деп тарбиялаган. Ал күчтүү, токтоо, эмоциясын билдирбеген адам, мен да эмоциямды чыгара бербейм.

– Талантыңызга, өзүңүзгө баа берип, комплимент айткандар көппү?

– Ооба, андайлар бар. Миссиям – роль аркылуу адамдарды туура жашоого чакыруу, туура жолго салуу, тарбиялоо, жан дүйнөсүн азыктандыруу, ак-караны таанытуу. Укмуш кыйын актриса болбосом да ушул миссиямдын артынан эл мени жакшы кабыл алып, колдогону сүйүнтөт, кубандырат. Негизи актриса эмес, кадимки жашоодогу Заремага жакшы баа берип, күчтүү адам катары баалап калдым. Анткени башымдан көп нерсе өттү, ошонун баарына чыдап, жеңип, балдарымды багып, тарбиялап келе жатам.

Уулум 13кө чыкты, музыкалык мектепте окуйт. Бирок кийинки убактарда байкасам колунун эптүүлүгү, мүнөзү, таланты врачтык кесипке төп келе тургансыйт. Ошого врач болсо деп тилек кылып калам. Бирок өзү чечет, кесип тандоодо баламдын эркине коём. Балдарымды жооптуу, эрктүү болууга тарбиялайм.

– Мүнөзүңүздү өзүңүз кандай сүрөттөйсүз?

– Шайыр, чынчыл, “шустрый”, оюмдагыны бетке айткан адаммын. Эч нерсени ичиме ката албайм. Мени менен сүйлөшкүсү келбеген киши менен кандай кырдаал болбосун өзүмдү мажбурлап сүйлөшө албайм.

Абдан шашмамын, жумушту да бат кылам. Кошоматчылык дегенди такыр билбейм. Адамдар менен жаңыдан сүйлөшкөндө ачыла бербейм. Жаккан адамдарга да сырымды айтпайм. Сахнада, тартуу иштеринде гана эркин ачылам.

– Сизге жакын, колдогон адамдар тууралуу айтып берсеңиз...

– Жашоодо мени колдогондор Кудайга шүгүр эле. Бирок турмуш сабактарынан адамга ишенбей Кудайга, анан өзүңө гана ишениш керектигин билдим. Дүйнөдө баарын башкарган Кудай, ошого ага жакын болууну үйрөндүм. Бөлөм Мунара экөөбүз бири-бирибизге моралдык колдоо көрсөтүп турабыз. Кыскасы, мен Кудайга анан өзүмө гана ишенем.

– Өзүн өстүрүү, өзгөртүү, комплекстеринен арылуу үчүн психологдун кызматына кайрылгандар көп экен. Сизчи?

– Акыркы 2 жылда психологдорго барбай эле психологияны өз алдымча окуп, көп нерсени билдим. Карасам, 35ке чыгып калыпмын. Элдин, анан өзүмдүн жашоомду карап, өзүмө “стоп” дедим. Өзүмдү анализдесем, мурда бир нерсе болсо эле ойлонуп, кайгырып, эми эмне болот деп жүрүп ырахаттанып жашаганды билчү эмес экенмин. Ошого өзүмдү тарбиялай баштадым. Ар бир күндү баалап, жашаганды үйрөндүм. Ошентип өзүмдү 80 пайызга өзгөрттүм, оңдодум.

– Эмнелерди кыялданасыз?

– Келечекте балдарым жашоодон өз ордуларын таап кетсе дейм. Өзүм чет өлкөлүк атактуу режиссёрлордун сценарийи мыкты фильмдерине тартылгым келет.

– Коомдогу кандай көрүнөштөр жүрөгүңүздү оорутат?

– Аялдарга карата жасалып жаткан үй-бүлөлүк зомбулуктарды көрүп жүрөгүм ооруйт. Буюрса, заман өзгөрүлөт. Адамдар эскиче көз караштардан арылып, акырындык менен жаңыча көз караштарга ээ боло баштады. Бара-бара зордук-зомбулук азаят деп ишенем. Дүйнөдө болуп жаткан согуштар кейитет.

 

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан