Бул жолу белгилүү композиторлор Атайбек Бөдөшов менен жубайы Каныкей Эралиеванын жараткан обондоруна токтолобуз. Керемет ырлар арадан ондогон жылдар өтсө да эскирбей эл оозунда муундан-муунга өтүп ырдалып келе жатат.
Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Бала жытын” кичүү уулума арнап чыгаргам”
- Негизи жер каймактагандан бери ата-эне, бала тууралуу кандай гана улуу чыгармалар жаралбады. Ата-эненин балага болгон мээрими, көргөн камкордугу чексиз. Анын сыңарындай, залкар композитор Атайбек Бөдөшов агайыңар экөөбүз 3 балалуу болсок, үчөөнө тең арналган ырыбыз бар. Тун уулубуз менен кызыбыз туулганда Атайбек “Арча-Бешик”, “Жан кызыма” деген чыгарма жаратты. Мен 1986-жылы кичүү уулубуз жарыкка келгенде “Бала жытын” чыгардым. Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда иштеп жүргөн учурум. Бир күнү акын Субайылда Абдыкадырова эже жолугуп калып, ыр китебин берди. Ичинде кызына арнап жазган 1 куплет ыры бар экен. “Кумарланам ан сайын жытыңдан искеп...” деген сабы жүрөт. Эргүү келип “обон чыгарам ушул ырга” дедим. Эжеге чалып, ырга дагы куплет кошуп бериңиз дедим. 2 күн өтпөй 3 куплет кошуп берди. Анан обон жараттым. Аккордеондо Атайбек, скрипкада Мунарбек Атагелдиев, гитарада Кадыралы Артыков ойноп студиядан ырды жаздырдык. Ырдап чыкканда эле “дүң” дей түшүп хитке айланып кетти. Кичүү уулум ошол ыр менен чоңойду, эми бул ырды буюрса, уулумдун баласына ырдап берем деп турам. Арадан 39 жыл өтсө да ыр эскирбей, муундан-муунга өтүп ырдалып келет.
“Бала жыты”
Тоо гүлүндөй жытыңдан тегеренем,
Чарк айланып бала үчүн эбеленем.
Отко, сууга канаты кайрылса да,
Түтөт тура баарына эне деген.
Кайырма:
Кумарланам ансайын,
Кумарланам ансайын,
Жытынан искеп,
Жытынан искеп,
Садагам деп айдайым,
Садагам деп күндөйүм,
Апакең алкап.
“Акыркы коңгуроону” гезиттен окуп калып жактыргам”
- Ырдын сөзү Анатай Өмүркановдуку. Агайдын ар бир ырын обон чакыра турган ыр деп айтат элем. Ошого анын 17 ырына обон чыгаргам. Бир жолу “Ленинчил жаш” гезитине агайдын ырлары жарыяланып калды. Ал кезде Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жүргөн кезим. Окусам эң артында “Акыркы коңгуроо” ыры жүрөт. Мектепти бүтүп жаткан кездеги сезимдерди, балалык кыял менен жоруктарды эстеп обон чыгардым. Агайга айтсам, дагы 1 куплет кошуп берди. Ошону менен ырдалып кетти.
“Акыркы коңгуроо”
Чакырсак келбес тил безеп,
Өзүңдө калды бир кезек.
Сабакта класс-парталар,
Шыбырап турчу, шыбырап турчу,
Шыбырап турчу билбесек.
Кайрылып келбес күн үчүн.
Бийлейбиз бүгүн күнү-түн.
Классташ кыздар-балдардын,
Жүрөктө сактап күлүшүн.
Ашырсын ар ким турмушка,
Ойлогон максат, ойлогон максат,
Ойлогон максат үмүтүн.
“Ырдалып бүтпөйт махабаттын” обону тез чыккан”
- Бул ырдын сөзү Надырбек Алымбековдуку, обонун 1996-жылы чыгаргам. Ошол жылы Райхан Абдувалиева Ошко концерт бермек болуп, бизден концертке катышып берүүбүздү суранды. Ошентип Ошко жөнөдүк, биз бараткан учакта Надырбек агай да бар экен. Ошол жерден мага аталган ырын берип “эртең Ош драма театрына келгиле, жаңы китебимдин бет ачары” болот деди. Ырды окуганда эле обон жаралды. Эртеси драма театрга барып агайга жолугуп “ырыңызга обон жараттым” десем “ушунча батпы?” деп таң калып, абдан кубанды. Китебинин бет ачарында ырдын да бет ачарын кылып ырдап бердим. Ошол күндөн ушул күнгө чейин эл оозунан түшпөй келет.
“Ырдалып бүтпөйт махабат”
Ыймандан дилиң тазарат,
Ырлардан көңүл жашарат.
Ыр менен жашап түбөлүк,
Ырдалып бүтпөйт махабат...
Атайбек Бөдөшов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Эңсөө” жаштыкты сагынып жазылган ыр”
- Бир кезде архитектор, скульптор, акын Аскар Исаев телевидениеде иштеген жубайы Жамийла Исаева менен Каныкейдин (ред.: Эралиева) айылы жакка эл ичинен фольклордук чыгармаларды жыйнаганы барып калышат. Алардын үйүндө конок болуп, ошентип таанышып калышыптыр. Кийин Каныкей Фрунзеге келип окуп калганында аны үйүнө чакырып турушат. Агайдын кызы Эркингүлгө Каныкей өзүнүн “Гүлдөр”, “Жөжөлөрүм” деген ырларын ырдатып, чыгарат. 1972-жылы агайдын үйүнө барганында “Каркыралар” деген ырын берип “ушуга обон чыгар” деп туруп алыптыр. “Агай, эми эргүү келгенде чыгып калар обон” дейт уялып. Акыры обон чыгарып, аны Какен Масенова деген ырчы эжеге ырдатып чыгарды. 1974-жылы агай Каныкейге “Эңсөө” ырын берет. Бирок текстти окуп көрүп, ал ырга обонду мен жараттым. Каныкей ырдап чыкты. Дароо эле эл оозуна алынып, радио, теледен кете баштады. Агай ырды жазында талаада кыпкызыл болуп гүлдөгөн кызгалдактарды карап отуруп, жаш чагын эстеп, арман кылып чыгарган экен. Кийин Аскар агайдын 80 жылдык мааракеси өтүп, ошондо да Каныкей ырдап берсе, агай кубанып, экөөбүзгө кайра-кайра рахматын айтканы эсимде.
“Эңсөө”
Закымдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстээр.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп...
“Мен айрылсам сен да менден айрылдың” ырын Рыспай ага өзү сунуштаган”
- Атактуу обончу Рыспай Абдыкдыровдун көзү тирүү кезде Каныкей экөөбүз аны менен ага-ини-карындаштай жүрдүк. 50 жылдык мааракелик концертин Кара-Кулжада да өткөрдү. Куттуктап барып, ырдап бердик. Ошондо мага ушул ырын кол жазмасы менен тапшырды. Бирок ага обон чыгарбай убакытты создуктуруп жибердим. Агай сураса “чыгарам, буюрса” деп коём. Анан Рыспай агайдын көзү өтүп кетти. Ошондон кийин ал киши түшүмө бир нече жолу капалуу кейипте кирди. Сыягы, берген ырына обон чыгарбаганыма капа болуп жаткансыды. Анан бир күнү өзүнөн-өзү ушул обон жаралды. Ошондон кийин Рыспай агай түшүмө кирбей калды. Мааракеси өтө электе бир жолу ооруп Чаткалдын Шакафтар деген жериндеги кургак учук ооруканасына жатып калды. Каныкей, дагы бирөөлөр болуп атайын барып көрүп, Сумсар деген жайлоого чыгарып келдик. Түркүн гүл, чөптөрдүн жыты буркураган укмуш кооз жайлоо экен. Толтура гүлдөрдү терип, көңүлү жайдары, кыңылдап коюп жүрдү. Сыягы ырды ошол ооруканда жатканда чыгарган окшоп калды.
“Мен айрылсам сен да менден айрылдың”
Ошол кезде көзүм толо жаш болгон,
Мен сүйүүдөн баш айланып мас болгом.
Азыр сенин аз мезгилдин ичинде,
Айтчы неге жүрөгүңө таш толгон?
Кайырма:
Абалым оор, аябастан кайгырдым,
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Канымжан Усупбекова