2001-жылы “Форсаж” тасмасынын чыгышы менен Доминик Тореттону үлгү туткан жаш балдардын саны өскөн. 2026-жылы “Форсаждын” 11-бөлүгү чыгат деп пландалууда, демек, Тореттонун популярдуулугу дагы да арта бермекчи. Тореттону калың элге таанымал кылган актёр Вин Дизель дейбизби, же тескерисинче, Вин Дизелди коомчулукка тааныткан Торетто дейбизби, айтор, персонаждын да, актёрдун да аты чыккан. Азыр ал Голливуддагы эң популярдуу таз баш актёр. Анын жашоосундагы кызыктуу фактыларга токтолдук, окуп коюу сунушталат.
Чыныгы аты-жөнү: Марк Синклер
Туулган жери: АКШ, Калифорния
Туулган жылы: 1967-жыл, 18-июль
Жылдыз белгиси: бөйөн
Бою: 182 сантиметр
Кесиби: актёр, сценарист, продюсер, режиссёр
Тартылган белгилүү тасмалары: “Хитмэн”, “Риддик”, “Таз баш бала багуучу: атайын тапшырма”, “Форсаж”, “Бладшот”, “Үч икс”, “Жезкемпирлердин акыркы аңчысы” жана башка
Эгиздин түгөйү
Вин Дизель эгиздин түгөйү экенин билчү белеңиз? Төрөлгөндө коюлган ысымы Марк Синклер, түгөйүнүн аты болсо Пол, эгиздердин өгөй атадан төрөлгөн 1 карындашы жана иниси бар. Балдар өз атасы ким экенин билбей чоңоюшкан. Пол берки эки бир тууганы менен чогуу өгөй атанын фамилиясына (Винсент) өтсө, Марк паспортун алмаштырып аты-жөнүн Вин Дизель деп өзгөртүп алган.
Театр
7 жашында өзү теңдүү балдар менен театрдын реквизиттерине кызыгып кечинде уурулукка киришет. Бирок актёрдук курам кечинде репитиция кылып жатканын билишкен эмес. Кармалган балдарды режиссёр полициянын колуна салбастан, ар бирине кагаз карматып, сценарийден үзүндүлөрдү окуткан. Арасынан Виндин окуганы жагып, кызматташуу сунушун киргизет, анткени жаш балдарга арналган “Динозавр үчүн эшик” спектакли жүрүп жаткан эле. Ар бир спектакль үчүн 20 доллар гонорар алып турган. Ошентип сахнадагы дебюттук ролу менен биргеликте актёрлукка болгон кызыгуусу да ойгонгон
Чоң муштум
Башын жылтырата таз кылып кыруу адаты ушул пунктта айтылат, назар салыңыз. 7 жашынан баштап 17 жашка чейин театрда иштеген жигит минтип жүрсө көп акча таппасын түшүнө баштаган. Бир нерсени өзгөртүш керек эле. Бирок мүнөзүндө эрктүүлүк, чечкиндүүлүк жок болчу. Бою узун, арык, анан уялчаак бала болгондуктан кыздар арасында да суроо-талапка ээ болбоду. Эгизи Полдун мүнөзү Винге карама-каршы эле, шайыр, ачык баланын айланасында дайыма топ балдар, кыздар жүрчү. Намыстанган Вин спорт залга бара баштаган. Келбети өзгөрүп, булчуңдардын буруюп чыга башташы менен өзүнө болгон ишеним да пайда болгон. 182 сантиметр бою, 100 килограмм салмагы аны “качоктордун” катарына кошкон. Анан мына сага өзгөрүү деп Манхэттендеги түнкү клубдардын бирине “чоң муштум” болуп орношкон. Көптөгөн мушташтардын "жылдызына" айланган жигит образына сүр кошуу максатында чачын жалтырата кырууга өтүп, бул адат өмүр бою сакталды десек болот.
Чыгармачылык
Жашоосунда кескин өзгөрүүлөрдү жасаган жигит Хантер колледжине тапшырып, англис тили жана классикалык адабият багытында билим ала баштаган. Сценарий жазганды үйрөнүп, тажрыйба топтой берсем кийин кереги тиет деген ою бар эле. 3 жылдан кийин түнкү клубдагы жумушун, ага кошуп окуусун да таштаган Вин кино дүйнөсүн багынтам деп Лос-Анжелеске сапар алган. Бирок Голливуд аны кучак жайып тосуп алган жок. Актёрлукка өтө албай, теледүкөндө түрдүү нерселерди саткан адамга айланган. Акчасы жакшы болгону менен, баары бир актёр болуу кыялы тынч алдырган эмес. Андыктан ал кайра Нью-Йоркко бет алган.
Титрге аты илинбеген дебют
Вин Дизелдин кинодогу дебюттук ролу 1990-жылы чыккан “Ойгонуу” тасмасында болгон. Ал аткарган санитардын ролу көп мааниге ээ болбогондуктан, анын аты-жөнү тасманын аркасында жазылган титрге да жазылбай калган. Маанайы түшүп калган баласына апасы аз акчага кино тартса болору тууралуу жазылган китеп белек кылат. Кайрадан шыктанган жигит өзү сценарий жазып, “Көп жүздүү” аталышындагы кыска метраждуу тасма тарта баштаган. Башкы ролдо да өзү эле. Тасманын бюджети – 3 миң доллар болгон. Башкалар Виндин ишин сындаганы менен, апасы, өгөй атасы колдоп жатып тасма акыры тартылат. Алгач 200 адам баткан чакан кинотеатрга чыгарып, жакшы пикирлерди алгандан кийин көпчүлүккө сунушташат. Кызыгы, тасма 1995-жылы Канн кинофестивалында көрсөтүлгөн. Ошондон кийин гана Вин Дизелге Голливуд эшигин ачкан.
Стивен Спилберг
Дизелдин багын ачкан адамдардын катарында режиссёр Стивен Спилбергдин ролу чоң. Ал атайын Вин менен жолугуп, “Катардагы жоокер Райанды сактап калуу” тасмасына чакырган. Бир нече “Оскар” алган тасма менен кошо актёрдук курамдын да жылдызы жанган эле. 2000-жылы “Кара тешик” тасмасында Вин алгачкы жолу баш каармандын – Риддиктин ролун жараткан. Ошондон кийин таз баш актёр көптөн күткөн популярдуулукка жетти. Андан кийин “Форсаж” менен биргеликте автожарышчы Доминик Торетто чыга келди.
Жеке жашоосу
“Форсаждан” чыныгы досторду тапканын көп айтат актёр. Андан сырткары романтикалык учурлар да болбой койгон эмес. Кинодо өнөктөшүн ойногон актриса Мишель Родригес менен жашоодо да сүйүү оту тутанган. Бирок роман көпкө узаган эмес, анткени Вин жөнөкөй, туруктуу үй-бүлөлүк жашоого ыктаса, Мишель эркин, шаан-шөкөттүү жашоону самаган. Эки ажырым жолго түшкөнү менен, ортолорунда достук мамилени сактап кала алышты.
Мексикалык модель Палома Хименес менен көптөн күткөн туруктуу жашоосуна жетти окшойт. Экөөнүн ортосунда 2 кыз, 1 уул бар. Кичүү кызынын атын “Форсаждан” тапкан досу, актёр Пол Уокердин урматына Полин деп койгон. Уокер демекчи, маркум досунун үй-бүлөсүн азыркыга чейин колдоп келет. Кызы турмушка чыкканда Уокердин ордуна ата болуп Вин жетелеп чыгып, күйөө баланын колуна тапшырган.
Кыскача
* Вин Дизель компьютердик оюндардын фанаты. 2002-жылы кинодо өзү ойногон персонаждар катышкан оюндарды чыгарган Tigon Studios компаниясын негиздеген. Компания чыгарган оюндардын баарында Вин Дизелдин келбетине окшош башкы каарман бар, алардын үнүн актёр өзү коштойт.
* Актёр 50-70-жылдардагы рок-топтордун чыгармалары жазылган винил-пластинкаларды коллекциялайт.
* Дислексия дарты менен жабыркайт (тез окуй албайт, тез жаза албайт, текстти бат түшүнүү, кайра айтуу оорчулук жаратат).
* Вин ысымы – өгөй атасынын фамилиясынын (Винсент) кыскартылганы, ал эми Дизель дегенди достору койгон, түгөнбөгөн энергиясынан улам.
* Узун жана арык болгондуктан мектепте “курт” деген лакап атка ээ болгон.
* Сологой.
* Коңур үндүн ээси, күйөрмандардын суранычы менен “Feel Like I Do” аттуу ырын жарыкка чыгарган.
Асыл Орозбекова