Белгилүү ырчы Актан Исабаев агабыздын жан дүйнөсүнө сүңгүүгө аракет кылдык. Ырчыны учурда эмне бушайман кылат? Жетпей калган максаты кайсы? Кыргыз ырчыларынан өзгөчө баалаганы ким? Ушул суроолорго маектен жооп таба аласыз, окурман.
– Актан мырза, саламатсызбы? Мурунку маектешкенибизде апаңыз Самара Токтакунованын мааракесине карата 7 облусту кыдырабыз дедиңиз эле, максат орундалдыбы?
– Саламатчылык, рахмат. Албетте, орундалды. Ошол жылы эле жаздан баштап күзгө чейин иштеп, күзүндө Самара Токтакунова атындагы мааракенин алкагында комузчулардын сынагын уюштурдук. Максатыбыз ишке ашты, сынак жакшы деңгээлде өттү.
– Самара эженин ден соолугу жакшыбы, күүлүү-күчтүү турабы?
– Апамдын ден соолугу жакшы, Кудайга шүгүр. Колдон келишинче жакшы карап жатабыз. Апабызды карытпай, кайра жашартабыз деген максаттарыбыз бар, керек болсо (күлүп).
– Учурда өзүңүз кандай иштер менен алексиз?
– Өзүмдүн фондумдун алкагында бир топ долбоорлорду пландаганбыз. Арасында кыргыз элинин макал-лакаптарына тиешелүү программаларыбыз, ырчыларга сынактар бар, улуттук эл аралык фестиваль уюштуралы деп турабыз. Быйыл ушул долбоордун кайсынысына мамлекет көбүрөөк көңүл бурса, ошонусу ишке ашат го.
Продюсердик борбор ачсак деп жатам. Ал жерден кыргыздын таланттуу кыз-уландарын, музыканттарды алдыга сүрөп чыгарсак деген изги тилегим бар. Эмнеге дегенде, мен музыкантмын, 1-класстан тарта 5-курска чейин окугам. Адам үчүн бул көп убакыт эмеспи, туурабы? Менде эстрадалык жана фольклордук жактан да чоң тажрыйба бар. Жандуу үн менен ырдаган эстрадалык топ түзсөк, чоң фестивалдарга катышуу мүмкүнчүлүгү болот. Кыскасы, максаттар, долбоорлор көп, ишке ашыруу үчүн аракет кылып чуркап жүрөбүз.
– Сиздин чыгармачылык жолуңузда көмөк көрсөткөн, жол көрсөткөн адамдар кимдер болгон?
– Чыгармачылык жолго чыккан адамга сөзсүз көмөк болушу керек, анткени ат жасаш кыйын. Чыгармачылык жолумда жардам бергендер менин досторум болушту. Мурун “Бител” компаниясы эле, кийин “Билайн” болуп өзгөрүлүп кетти. Ошол компанияда иштеген досторум каржылык жактан колдоп турушкан. Ал эми чоң жардамды бизнес жаатында мыктылардын бири Улан Оторбаев берген. Тилекке каршы, ал кишинин көзү өтүп кетти. Ал учурда эл аралык уюмдар менен иштешкем, алар да колдошкон. Албетте, өзүмдүн да каражаттарым кеткен (күлүп).
– Сиз жан дүйнө тынчтыгын кайсы жактан табасыз? Эмнеге таянасыз?
– Менин оюмча, адамдын өзөгү канчалык күчтүү болсо, анын жан дүйнөсү ошончолук бай жана тынч болот. Эч кандай жашоонун бороон-чапкыны учуруп кете албайт. Жашоодо ар түрдүү кырдаалдар болот да. Мыкты баалуулуктар менен тарбияланган үй-бүлөдөн чыккан жакшы, тартиптүү балдар деле кийин бузулуп кеткен учурлар бар. Жогоруда айткандай, алардын өзөгү күчтүү болсо, кийин кайра туура жолго түшүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Кудайдын жолун тандаш керек, ошол эле учурда адамдын өзүнүн да өзөгү маанилүү деп ойлойм. Кыргызда бекеринен адамдын ата теги сүрүштүрүлбөйт.
Мен руханий ички азыгыма таянам, ошол жактан тынчтык алам. Кичинемден таенемдин колунда көп жүрүп калгам. Ал кишиден руханиятыма азык боло турган көп нерсе алдым. Ал кишилер бир кылым мурун жашаган адамдар эле да, Куран менен жашашкан, таза жашоо кечиришкен. Кыргыздын эле өзөгү бизге күч бере алат, ошону эле колдонсоң эч кандай башка нерсеге муктаж болбойсуң. Өзүбүздүн кыргызда эле бир топ жан дүйнө азыгын алуу ыкмалары бар. Аны колдонсоң кээде талкуу болуп кетип жатпайбы. Эгерде кыргыз буга чейин туура эмес жашаса, көп улуттар жоголуп кеткендей эле жоголуп кетмек.
– Атаңыздан алган кайсы тарбияны балдарыңызга колдоносуз?
– Атадан калган мурас деп бекер айтылбайт. Ата эмне жасаса бала ошону эле кайталайт, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошон үчүн атабыздан эмне алсак, балдарыбызга толугу менен ошону бере алабыз. Көбүнчө бала ата-энесин көрүп чоңоёт. Кимдер менен катышып жатат, кантип катышып жатат, дос-жоросу ким? Урук-тууган менен мамилеси кандай? Ушул нерселер маанилүү. Ачыгын айтсам, балдарымды сөз менен көп тарбиялай бербейм. Жүрүш-турушумду эле үлгү катары көрсөтөм. Үйдө тамак жасаганыңды да балдар көрүшү керек. Дайыма эле апасы жасайбы же кээде атасы да жардам береби? Алардын мамилеси кандай? Мындай нерселер эч качан баланын көз жаздымында калбайт. Атам да мага ушундай үлгү калтырып кеткен, ошол жол менен мен да балдарымды тарбиялап келем.
– Учурда сизди абдан бушайман кылган маселе кайсы?
– Сөзгө жоопкерчилик азайды, ким оюна эмне келсе сүйлөп жатат. Мени ушул нерсе бушайман кылат, бул кыргыздын майдаланып баратканы. Биздин эл – эзелки эл, акылдуу эл, деңиздин тереңиндей катылган ою бар, сөз баккан, сөз касиетин түшүнгөн элдин тукумубуз. Ушуну унутуп бара жатабыз. Ойлонуп сүйлөгөндү унутуп калдык, жаштар гана эмес, улуулар деле. Майдаланбай, түбүбүзгө кайтып түптөлөбүз го деген жакшы үмүтүм бар. Кыргыз эмнеден түптөлөт? Жакшы улуттук идеология жана туруктуу, бекем мыйзам менен түптөлөт.
– Сиз баалаган талант ким?
– Алар абдан эле көп. Баалайм же баалабайм деп таланттууларды чектебейм. Аты чыкпай жүргөн айрым балдар-кыздар бар, бирок таланты эми укмуш. Ырдаганы таза, музыкасы сапаттуу, жүрүм-туруму мыкты. Бирок аларды эл билбейт, тааныбайт. Эл алдына таанылып чыгып кетүү да бир Кудайдан буйругу менен эмеспи. Баары эле шыдыр чыгып кете алышпайт, тилекке каршы. Талант көп адамда болгону менен, аны элге жеткирүү да бир топ нерседен көз каранды. Мүнөз туруктуу болуш керек, адам талапкөй, өжөр болуусу шарт. Башында айткандай, таланттуу жигиттер көп, бирок жолунан тайбай, кенен жана ишенимдүү кадамдар менен бара жаткан ырчы Мирбек Атабеков. Азамат жигит.
– Жашооңузда сиз каалап, бирок жетпей калган нерсе болдубу?
– Албетте, болду. Эки залкар чыгармачыл инсандын уулумун. Атам Чалагыз Исабаев болсо, апам Самара Токтакунова. Кудайга шүгүр, Актан Исабаев катары атым элге таанылды. Бир гана жетпей калганым – дүйнө жүзүнө тааныла албай калганым болду. Бул жерде көп факторлор бар, албетте. Себеби кыргызчылык, анын ичинде көп нерсе бар. Убакыттын тардыгы да себеп болду.
– Маегиңизге рахмат. Аман-эсен эл кызматын аркалай бериңиз!
Нуржамал Жийдебаева