ТАМАДА БЫЧАКТАЛЫП КАЗА ТАПТЫ. Чырга эмне себеп болгон? 

“Салкын бир жерде апасы,

Сагынып кетти баласы.

Көлөкө жерде атасы,

Көргөнү кетти баласы.

Эң акыркы келип, эң биринчи кете бердиң”,- деп кошок кошуп көз жашын төккөн эжеси Нуржамал Атазакова эл арасында Улук мырза деп таанылган иниси Арзыбай уулу Улукбекти акыркы сапарга узаткандан кийин ичиндеги күйүтү, арманы мыкаачылык менен инисинин өмүрүн кыйган кишинин мыйзам алдында жооп берерине болгон ишеними жана үмүтү менен бөлүштү.

Айта кетсек, каргаша 16-июнда Ош шаарынын четиндеги Жапалак айылында болгон. Ош шаардык милициясынын маалыматына таянсак, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы жаран кармалды. Ал эми каза болгон жаран болгону 28 жашта болгон, артында жубайы жана балдары калды.

 

– Саламатсызбы, Нуржамал эже? Бир тууганыңыздын арты кайрылуу болсун, сабыр тилейбиз. Улукбек үйдүн кенжеси болгон экен?

– Саламатчылык. Жараткандын буйругу экен, ата-энебизден абдан эле эрте айрылганбыз. Апам каза болгондо кичүү иним Улукбек болгону 4-класста окуп жаткан. Балалыгыбыз оңой болгон жок, 5 бир тууган: үч кыз, эки эркек жашоонун ысык-суугун түзүк эле көрдүк, апабыз жок болсо да, атабыздын жаныбызда болгону бизге тирек, таянар тоо эле. Арадан 10 жыл өтпөй атабыздан дагы айрылдык. Улукбек үйдүн кичүүсү болгон үчүн баарыбыз аны эркелетип, өзгөчө жакшы көрөт элек (ред.: бир саамга токтоп, бир нерселерди эстөөгө аракет кылгансып ойго чөмүлө, көзүнүн жашын сүртүп анан кайра сөзүн улантты). Атамдын көзү өткөндөн кийин агабыз менен жеңебиз тирек болушту, баарыбызга каралашып, алакандарына салып чоңойтушту, үйлөнтүп-жайлантышты.

– Иниңиз кайсы жакта окуду эле, эмне үчүн тамадалыкты тандаган, бул кесип өзүнө жакчу беле?

– Улукбек №31 Курманжан датка атындагы мектеп-гимназиясында окуган. Андан кийин Ош мамлекеттик университетинин Дене тарбия факультетин окуп бүтүргөн. Бирок апамдын каны тартты окшойт, кийин тамадалык кесипти тандап кетти. Апабыз да сөзгө чечен, шайыр жан эле. Улукбек дагы апамдай болуп элдин көңүл чордонунда болгонду жакшы көрчү, көпчүлүктүн маанайын көтөргөндү, ырдаганды абдан сүйөр эле.

– Айтсаңыз, иниңиздин мүнөзү кандай эле?

– Улук эч кимге жамандыгы жок, ак көңүл, адамдар менен бат тил табышып кетчү жан болчу. Ар дайым күлүп-жайнап, жаркырап турар эле (ред.: көзүнөн жаш агып кетти). Суук кабарды уккандан кийин ичибиз сыздап өрттөнүп, күйүп эле кеттик. Артында аймончоктой болгон кызы Айман жана баласы Салман калды. Байкуштарым кичинекей да, эмне болуп кеткенин жакшы түшүнбөй эле жүрүшөт. Кызы 4 жашта, баласы бир жарым жашта. Келинчеги дагы деле өзүнө келе элек.

– Достору, жакындары менен кандай мамиледе эле? Бош убактысында эмнелерди жакшы көрчү?

– Шайыр, достору абдан көп эле. Анын үстүнө дайыма спорт менен машыкканы үчүн ал тармактан тапкан дагы достору бар эле. Бош убактысында ырдап, спорт менен машыгып, тоого ат мингени чыкчу. Жаратылыш коюнунда эс алганды жакшы көрчү.

– Сизге оор болсо да сурайын, каргаша кандайча болуптур?

– Ошол каргашалуу 16-июнь күнү Акыл деген бала Нургазы агама чалып угузуптур. Агам мага чалып, экөөбүз өлүк сактоочу жайга чогуу бардык.

Ал күнү инимдин жанында дагы эки киши болгон экен. Жанында турбаган соң чыр эмнеден чыкты, кантип башталды, биле албайт экенсиң. Инимдин өлүмүнө шектелип кармалган киши, анан дагы бирөө, үчөө мурунтан эле тааныш экен. Жапалактагы “Таштан-Ата” деген кафеде отуруп спирт ичимдигин ичишиптир. Инимдин акырегине бычак сайып, ал бычак кан тамырды (аорта) тилип кетиптир. Анысы аз келгенсип бычактагандан кийин башы-көзүнө тепкилешиптир. Ами ойлоп көрсөңүз, аортадан кан шаркырап эле агат да, ошого карабай сабашыптыр. Эмне деген мыкаачылык бул, элестетсеңиз? Анан “Тез жардам” чакырбай, кайра өздөрү ооруканага алып бара жатышканда ооруканага жетпей жолдон каза болуп калыптыр, байкушум.

– Кылмышка шектүү жаран менен мамилеси кандай эле? Балким, буга чейин ортолорунда чыр-чатактар болгондур?

– Биз билгенден мурда ортолорунда эч кандай талаш-тартыш, чыр-чатак болгон эмес. Мамилелери жакшы болчу, жакындан бери чогуу иштей башташкан. Ошон үчүн азыр эмнеден улам мындай болуп кеткенин түшүнбөй башыбыз маң болуп турат.

– Милиция кызматкерлери эмне деп жатышат, экспертизанын жыйынтыгы чыктыбы?

– Кылмышка шектүүнүн кармалганынан башка эч нерсе айтыла элек, баары белгисиз. Эмнеден, кандайча мындай болуп кетти, айтор, башыбызды маң кылган суроолорубуз толтура. Болгон үмүтүбүз укук коргоо органдарында анан соттордо.

 

Маркум Улукбек мырзанын карындашын да кепке тарттык.

– Мунара, бул каргашалуу окуя боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Ишенесизби, азыр мага сөздүн пайдасы, мааниси жоктой болуп турат. Кандай болгон күндө да мага агамды, балдарына атасын, келинчегине сүйүктүү жолдошун, бир туугандарына инисин же агасын эч ким кайтарып бере албайт. Кылмышкер кандай жаза албасын менин агам кара топурактын алдында кала берет. Балдары атасын сүрөт, видеолордон эле көрүп калышат эми. Менимче, мындан өткөн оор кайгы жок. Азыр баарыбыздын дүйнөбүз аңтарылып турат.

 

Аман Ибраев, тамада: “Бирөөгө зыяны жок жакшы бала эле”

Ал эми интернеттеги социалдык тармактарда Улукбек мырза менен иштешип калган кесиптештеринин бири, белгилүү тамада Аман Ибраев маркум тууралуу “бирөөгө зыяны жок жакшы бала эле” деп эскерип, коомчулукту бул окуя боюнча туура эмес маалымат таратпоого чакырды.

 

Жыйынтыктап айтканда...

Тепсе темирди үзө турган убагында дагы бир жигиттин өмүрү кыйылды. Арзыбай уулу Улукбектин артында эми эскерүүлөр, сагыныч жана кусага баткан кичинекей балдары, жүрөгү күйүп жанган бир туугандары, жаштайында өмүрлүк жарынан айрылып кайгыга баткан жубайы калат. Бул окуя бизге коомдо: зомбулукка, агрессияга, сабырсыздыкка орун болбошу керектигин дагы бир жолу эскертип отурат. Кандай сыноо болбосун, ар бир адамдын өмүрү ыйык. Ар бир көйгөйдүн чечилүү жолу бар. Учурда Улукбектин үй-бүлөсү жана жакындары мыйзамдуулукту жана адилеттикти күтүп жатышат. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде адилеттүү жазасын алышат деген үмүттөбүз.

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан