Улуттук банк интернеттеги шылуундар боюнча кайрадан элге кайрылуу жасап, сак болууга чакырды.
Ошто күрөөкананы карактап кеткендер Бишкектен кармалышты.
Өлкөдө энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушу парламентте дагы көтөрүлдү.
Агартуу министри: “Быйыл мугалимдердин айлыгы жогорулайт”.
Азамат Ыштыбаев коргоо министринин орун басары болуп дайындалды.
Астанада 17-июнда “Борбордук Азия – Кытай” саммити өтүп, ага өлкө лидерлери катышты.
ИИМ маркум Камчы Көлбаевдин иниси кылмышка шектелип кармалганын ырастады.
Мурдагы депутат Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды.
Кыргызстанда дарбыз бышып, сатыкка чыгарылды.
Өлкөдө 20-22-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Бишкекте 12 киши шаурмадан ууланып, алтоосу ооруканага жатты.
Депутат Дастан Бекешев туура эмес жерге токтотулган унааларды жүктөп кетүүнү токтотууну, анын ордуна айдоочуга айып пул салууну сунуштады.
Депутат Камила Талиева Токой кызматынын атын өзгөртүп, агенттик кылып кайра түзүүнү сунуштады.
Таласта жол кырсыктарын азайтуу талкууланган жыйын өтүп, ага өлкөнүн жол кыймылынын коопсуздугуна жооптуу органдардын жетекчилери катышты.