Иран менен Израил бири-бирине абадан сокку урууну улантууда. Кыйроолор, каза тапкандар жана жаракат алгандар саат санап өсүүдө. Дүйнө опурталдуу чекте турат.
АКШнын талабы
13-июнда Израил Иранга каршы аскердик операция баштаганын жарыялап абадан сокку урган. Буга Иран дароо жооп кылып, 1 аптадан бери эки тарап бири-бирин аткылоодо. Ракеталык соккулардан имараттар талкаланып, жүздөгөн өмүрлөр кыйылууда. Эки өлкөнүн ортосундагы чабуулдарга эми АКШнын түздөн-түз аралашуу ыктымалдыгы жогорулап жатканы дүйнөнү чочулатууда. Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп адегенде Иранга сокку уруу планын бекитип, бирок анын аткарылышын убактылуу токтоткон. Бул арада Трамп Иранга “шартсыз багынып берүү” талабын койду.
Ирандын жообу
Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи 18-июнда “Иран эч качан багынып бербейт” деп билдирди элге жасаган кайрылуусунда. “Ирандын тарыхын жакшы билгендер аны менен эч качан коркутуу тилинде сүйлөшпөйт”,- деген Хаменеи эгер Иран-Израил чатагына аралашса Американы “калыбына келгис жоготуулар” күтүп турганын эскертти. Ирандын Тышкы иштер министрлиги дагы башка өлкөлөрдү бул жаңжалга аралашпоого чакырып, үчүнчү тараптын түз кийлигишүүсү “аймактык гана эмес, глобалдык масштабдагы согушка” алып келиши мүмкүн экенин билдирди.
Кооптуу билдирүүлөр
АКШ бийлиги бир катар билдирүүлөрдү жасап үлгүрдү. Анын арасында 17-июнда жасалган “Тегерандын асманы биздин көзөмөлгө өттү, анын жашоочулары толук эвакуация болушу керек” деген эскертүү дагы бар. Иран болсо “Израилди аткылоодо бизде эч кандай чек жок, чабуулдар тынымсыз уланат” деп билдирди 19-июнда.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин маалыматына таянсак, Израилдин чабуулдарынан аз дегенде Иранда 639 адам каза болуп, 1329 адам жаракат алды. Бул сандарды көз карандысыз укук коргоочулар да ырастап жатышат. БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран-Израил чатагы боюнча экинчи ирет чукул жыйын өткөрмөкчү. Жыйын Иран, Кытай, Пакистан жана Орусиянын сунушу менен чакырылууда.
Орусиянын ортомчу болуу аракети
Орусия президенти Владимир Путин АКШ президенти Трамп менен телефондо сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаганы жарыяланды. Анда Путин Иран менен Израилдин чатагында ортомчулук кылуу ниетин билдиргенин, бирок Трамп “адегенде Орусиянын согушун бир жаңсыл кылып ал” деп баш тартканын дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарын Иран жана Израилге баруудан убактылуу баш тартууну, ошондой эле кырдаал жөнгө салынганга чейин бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү сунуштады.