Чүй облусунда 36 жаштагы аял төрөттөн кийин каза тапты. Бул тууралуу 18-июнда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү саат 9:30 чамасында 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу келин Чүй облустук ооруканасында кош бойлуулугунун 36-жумасында көз жарып, бирок төрөттөн кийин каза болуп калган.
11-июнда маркумдун агасы, Токмок шаарынын 1984-жылы туулган тургуну ички иштер органдарына кайрылып, медициналык кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берүүнү суранган. Бул факт боюнча каттоо жүргүзүлүп, териштирүү иштери башталган.
Азыркы тапта тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралууда. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине суроо-талап жөнөтүлгөн. ИИМдин маалыматына ылайык, тергөө иштеринин жыйынтыгында дарыгерлердин аракеттерине укуктук баа берилет.