1-класстагы баланын зордукталышы: Зомбулук качан азаят?

Бишкектин Маевка айылында 1-класстын окуучусун 5, 8 жана 9-класстын балдары зордукташканы аныкталды. Маалыматты Бишкек шаардык милициясы тастыктап, кылмышка шектелип 16 жаштагы бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши ачылды. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Ички иштер министрлигин балдар жана аялдарга жасалган зордук-зомбулук иштеринде жакшы иштебей жатат деп сынга алды. Депутат жогорудагы окуяны мисал келтирди. Мамашованын айтымында, бул ишти Биринчи Май РИИБи жетиштүү деңгээлде иликтебей, шектүүлөрдү бошотуп жиберген.

Мамашова ИИМди балдардын коопсуздугун камсыздоого жана зомбулуктун алдын алуу боюнча системдүү чараларды көрүүгө чакырды. Учурда коомчулук бул окуяга байланыштуу ИИМдин ишине тыкыр көз салып турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1175, 20-26-июнь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан