КОЙ
(21.03–20.04)
Апта жигердүү окуялар менен коштолот. Колуңузга эмне тийбесин майын чыгара иштеп, өзүңүздү да, айланаңыздагыларды да ыраазы кыласыз. Сизге жылдыздардан бир кеңеш, бул аптада сараң болуунун кереги жок. Өзүңүзгө же жакындарыңызга белек берүүнү пландап жүрсөңүз, капчыгыңызды кенен ачыңыз. Коомдук жайларда башкалардан өзгөчөлөнөм дебеңиз, сынга кабылышыңыз мүмкүн. Апта соңу үй чарба, жеке иштерге көңүл бөлүү менен өтүшү күтүлөт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Көптөн берки аракетиңиздин акыбети кайтып, көпчүлүктүн алкоосуна, мактоосуна арзыйсыз. Натыйжада каржылык абалыңыз да жакшырып, финансыга байланыштуу маселелерди чечкенге алыңыз жетет. Ден соолукка көңүл бөлүңүз, ашказан-ичеги ооруларынын алдын алып тамакты мүнөздөп ичкенге аракет кылуу керек. Каалоолорду ооздуктай билиңиз, болбосо ал ишке ашат, бирок сиз каалагандай формада эмес. Дем алыш күндөрү чакырык менен сапарга чыгышыңыз мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Сөз баккан, оратор, чечен, жазмакер, жалпылап айтканда, сүйлөгөн, жазган кесиптеги адамдар үчүн өтө ийгиликтүү апта болмокчу. Бул күндөрү чыгармачыл идеяларды оңой ишке ашыра аласыз. Бейшемби күнү тобокелчиликти талап кылган чечим кабыл алуудан алыс болуңуз, жыйынтыгы сизди кубантпайт. Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт, бирок перспективдүү болушу күтүлбөйт. Каржылык тармагы туруктуу болот, күтүүсүз жактан колуңузга акча түшүүсү мүмкүн.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Аптанын биринчи жарымы олуттуу иштерге басым жасаңыз. Юридикалык суроолорду, документ иштерин да ушул аралыкта бүтүргөнүңүз туура болот. Аптанын экинчи жарымында энергияңыз түгөнүп, жалкоолук сезимине чулганасыз. Бул учурда жаныңызда сизди түртмөлөп, шык берип турган адамдардын болгону жакшы. Башкалардын маселесин моюнга салып, жоопкерчилик албаңыз, баары бир бааланбайт. Үйүңүзгө сизге жаккан адамдар конокко келишет, чер жаза эс алыңыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Кайталана берген күн тартибинен тажап, бир нерсе өзгөрткүңүз келет, балким, бул жумуш оруну болушу мүмкүн. Сатып алган нерсеңиз үйгө келгенден кийин жакпай калышы ыктымал. Жеке жашоодо улуулардын кеңешине кулак салсаңыз, түгөйүңүз менен келишпестиктердин алдын алган болосуз. Бойдоктор романтикалык жаатта бир нече “күйөрмандуу” болушат. Үйүңүзгө өзгөртүү киргизишиңиз мүмкүн, же оңдоп-түзөө, же жаңы буюм, же буюм-тайымдардын орун алмашуусу.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Ички туюмуңуз күчүнө кирип, айланаңыздагы адамдардын эмоциясын сезген эмпат адамга айланасыз. Мунун пайдасын көрүп, кимдин ким экенин ажырата алсаңыз жакшы. Жумушта өтө активдүү болуу талап кылынбайт, бир калыпта иштей бериңиз. Бирөөнөн акча карызга албай туруңуз, айтылган убакытта бере албай калышыңыз ыктымал. Келечекте пайдасы тие турган адамдар менен таанышасыз. Дем алыш күндөрү үй чарба, талаа жумуштары менен алек болосуз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Келечекте кеңешчи, устат боло турган адамдар менен таанышасыз, биринчи жолугушууда өзүңүз тууралуу жакшы ой-пикир калтырганга аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында жумуш, үй иштери кошул-ташыл болуп, эс алганга убакыт таппай чарпыласыз. Ири суммадагы акча талап кылган жумуш баштайсыз же той жаатында коромжу болушуңуз ыктымал. Жакын адамыңыз сиздин каарыңыздан коркуп орчундуу ишти жашырып жатышы мүмкүн. Эмоцияны көзөмөлдөп, акырын сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Интеллектуалдык талантыңызды колдонгонго ылайыктуу мезгил. Эмне ишти колго албаңыз, терең ойлонуп туруп чечим чыгарыңыз. Бирөө сизди сыноо максатында сырын айтышы мүмкүн, ишеничтен чыгып башкаларга жайып салбаңыз. Апта жалпысынан позитивдүү маанайда өтөт, бирок эмоционалдык тең салмактан чыгарып, стресс абалына алып келген учурлар да болмокчу. Эс алуу сиз ойлогондон да жакшы өтүп, жагымдуу көз ирмемдери менен эсте калышы күтүлөт.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Бардык нерсеге адилеттүү караш керек деген принцибиңиз алдынкы планга чыгып, анын натыйжасында, же жетекчилик, же улуу муундагы адамдар менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Өзүңүздүн тууралыгыңызды далилдейм деп жатып чектен чыгып кетпеңиз. Туура тамактанып, дени сак жашоо образын карманганга аракет кылыңыз, болбосо уйку басып, өзүңүздү чарчаңкы абалдан чыгара албай убара болосуз. Аптанын аягы эс алууга табият коюнуна, көлгө барышыңыз мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Туугандар арткан жоопкерчиликтүү иштер бир топ убактыңызды алат. Өзүңүздүн каалоо менен туугандардын алдындагы милдеттер карама-каршы келиши ыктымал. Үйдөгү техника жабдыктарынын бири бузулуп, аны оңдоо, оңдотуу иштери да моюнуңузга артылат. Аптанын аягында капчыгыңызга акча түшүп маанайыңыз көтөрүлөт. Жашоосу бир калыпта өтпөй, жолдон “сюрприз” чыгышын жактыргандардын каалоосу аткарылат. Ал сюрприз көңүлүңүздү көтөрүп, алга жылууга стимул бермекчи.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Ишимди жаңы нукка бурам, жакшы иш баштайм дегендер үчүн ылайыктуу мезгил. Пайдалуу келишимдерди сунуштаган өнөктөштөр табылат, арасында мурда иштешкендер да болмокчу. Жеке жашоодо да үй-бүлөлүк, достук мамилелерди бекемдөөгө ылайыктуу мезгил. Бирөө-жарымды таарынтып алган болсоңуз, ушул аптада жарашуу аракеттерин көргөнүңүз оң. Аптанын соңунда өз иштериңиз менен эле алек болбостон, башкалардын маселесин чечүүгө аралашууңуз мүмкүн.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Кошумча жумуш таап, жаңы каржы булагын ачам дегендердин аракети ишке ашат. Түгөйүңүз сиздин абройдон пайдаланып тымызын бир ишти бүтүргөнгө аракет кылат, бирок сиз ага каршы деле болбойсуз. Жолго чыксаңыз, сак болуп, ылдамдыкты ашырбай айдоо сунушталат. Түгөйлөрдө балалуу болуу планы болсо, бул апта өтө ыңгайлуу болмокчу. Коомдук жайларда абайлаңыз, баалуу буюм же акчаңызды уурдатуу коркунучу бар. Дем алыш күндөрү үй чарба иштери менен алектенесиз.