ӨКСҮК КОМПЛЕКСИ ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?

“Өксүк комплекси көбүнчө бала кезден чогулуп, калыптанат. Өзүнө карата комплекси көп адамды өз алдынча дарылоо кыйын, сөзсүз адистин жардамы керек” дешет психотерапевттер. Статистика боюнча, ар бир онунчу адамда өксүк комплекси бар делет. Айрымдар бул комплексти мотивацияга, кээ бирлер, тескерисинче, өзүн артка тарткан чуңкурга айландырат. Ошондо өксүк комплекси деген эмне?

 

Бул...

Өксүк комплекси – адамдын өзүнүн кемчилигин, жетишсиздигин, эч нерсеге арзыбаганын бириктирген эмоционалдык сезимдердин топтому. Мындай эмоцияларга ээ болгон адам күнүмдүк жашоодо өзүн физикалык же психикалык жактан башка адамдардан төмөн сезет.

Эмнеден улам пайда болот?

“Өксүк комплекси” терминин жана анын чечмеленишин австриялык психолог, психиатр Альфред Адлер изилдеп чыккан. Анын ою боюнча, өксүк комплекси бала чактан пайда болот. Жаш бала өзүн “баарын билген, баарынан кыйын, баарынан акылдуу, баарынан күчтүү чоңдордун” алдында алсыз сезе баштайт. Эгер балада жаралган ойлорду туура багытка бурбаса, анда бара-бара эмоционалдык же болбосо физикалык комплекстердин саны көбөйүп отуруп психологиясында “бузулуу” же болбосо “өксүк” жаралат.

Кичинекейинен баланын “мен” деген концепциясын туура калыптандыруу керек. Ал концепциянын калыптануусуна үй-бүлөсү, үй-бүлөдөгү баалуулуктар, социум – аны курчаган чоочун адамдардын жүрүм-туруму, иш-аракети жана үйдөн да, көчөдөн да алган тарбиясы таасир берет. Бала жашоодогу реалдуулукту билип чоңоюшу керек. Аны алдаган болбойт. Эмне жакшы, эмне жаман экенин, адал эмгек, жаман адаттар жана анын кесепеттери болорун, катачылыктар жана аны оңдоо сыяктуу процесстерди өз көзү менен көрүп чоңойгону жакшы. Балада эң алгачкы өксүк – ата-эненин мээриминин, сүйүүсүнүн, көңүл буруусунун жетишсиздигинен жаралат. Көңүл бурулбай жатканын байкаган бала өзүнөн кемчилик, күнөө издеп баштайт. Ошол боюнча кете берсе, ал сезимдер чогулуп, өксүк комплексине алып келет.

Өксүк комплексин чакырган себептер

- Психологиялык жаракаттар (кичинесинде, чоңойгондо алган психологиялык жаракаттардын кесепети)

- Физикалык өзгөчөлүктөр (денесиндеги кемчиликтер. Мисалы, бою өтө узун же кыска, арык же толук, көзү бүтүк же чоң, мурду чоң же кичине, буту кыйшык же аксак, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка)

- Интеллектуалдык өзгөчөлүктөр (башкалардан өзүн акылсыз, билимсиз сезет)

- Коомдогу орду (ээлеген кызматы же жумушсуздук, аз айлык маяна же акча таппаганы, кедей же кайсы бир жаман адаттары менен белгилүү үй-бүлөдөн чыкканы жана башка)

- Сыноолор. Жашоодо көп сыноо көргөн адам бара-бара өзүн башкалардан кем, ийгилик кушун кармай албаган адамдай сезип баштайт

- Дискриминация: үйдө, мектепте же жумуш ордунда келеке, шылдыңга, өгөйлөнүүгө кабылуу, буллинг, харрасмент жана башка 

- Гиперкамкордук. Камкордуктун жетишсиздиги менен катар анын ашыкча болуусу да өксүк комплексине алып келет. Кичинекейинен баарын бала үчүн башкалар жасап, чечип чоңойгон бала реалдуу жашоодо маселеге кабылганда эч нерсе кыла албай өзүнө болгон ишеними азаят, артка кетенчиктейт.

Оору кандай өтөт?

Жаш балада, эркекте, аялда өксүк комплекстери ар башкача байкалат. Айрым чоңдор өзүндөгү комплексти сезгенден кийин аны оңдогонго аракет кылат. Эмне жетишсиз десе ошону толтурат, билим алат, өзүнө болгон ишенимди өстүрөт, башкача айтканда, өксүктү мотивацияга айландырат. Бирок мотивацияга айландыра албай, психологиялык жаракаттын торунан чыга албай калгандар да көп. 

Жаш балдарда

Жоош, эч ким менен сүйлөшпөгөн, достору жок, бат-баттан кечирим сураган балага байкоо салуу керек. Алар бирөөнүн көзүнө тик карагысы келбейт, үнү акырын чыгат, өзүнө болгон ишеним жок, өзүнө сын көз караш менен карайт, башкалардын көңүл борборунда болгусу келбейт.

Экинчи түрү, бала ашыкча кыймылдуу, агрессивдүү, башкаларга орой мамиле кылып, өзүнө өтө ишенгендей сезилет. Башкалардын көңүл буруусун, мактоосун талап кылат, модага да чакырык таштагандай кийинет.

Эркектерде

Өксүк комплексине кабылган эркек адамдар көбүнчө агрессивдүүлүгү, оройлугу менен айырмаланат. Алар агрессиянын, физикалык күч колдонуунун артына өзүнүн бала кезде алган жаракаттарын, кемчилигин, ишенимсиздигин жашырганга аракет кылышат. Мындай адамдар ичкиликке, баңгизатка бат берилип кетишет.

Аялдарда

Эркектерге караганда аялдарда өксүк комплекси башкача өнүгөт. Айрым аялдар “боз чычканга” айланат. Өзүнө кам көргөндү токтотот, өлчөмү чоң, өңү күңүрт кийимдерди кийип, “мен сага тийишпейм, баарыңар мага тийишпегилечи” деген принциптеги жашоого өтөт. Эч жерге баргысы келбейт, келгендерди да жактырбай калат. Семирип же өтө арыктап кетиши мүмкүн.

Өксүк комплексине кабылган аялдардын экинчи тиби такыр башкача жүрүм-турум көрсөтө башташат. Өзүнө көңүл буруп, келбетин пластикалык операцияга чейин өзгөртүшү мүмкүн. Түрдүү ийримдерге жазылат, окуйм, саякаттайм деп калат. Толуп кетсе арыктайт, саркеч кийинет, айтор, өзүндөгү кемчиликтерди жапкысы, толтургусу келет.

Өксүк комплексинин белгилери

• Өзүнөн дайыма кемчилик издейт, табат. Эмне жасабасын анын жакшы натыйжа беришине ишеними болбойт. Өзүн өтө төмөн баалайт же такыр эле баалабайт. Бийик максат койгусу келбейт. Максаты бар болсо да аны эч ким менен бөлүшпөйт, өзү да аракет кылбайт. Мындайда организм дайыма стресс абалында болот, башы көп ооруйт.

• Эмоционалдык чыңалуу абалы. Өзүн “рамкалардан” чыгара албайт. Кубанганга себеп таппайт, дайыма даттануу, жаман жактарды издөө, табуу абалына келип калат.

• Өзүн сыноо. Адам дайыма өзүнүн жаман жагын издейт, качан туура эмес сүйлөгөнүн, жасаганын элестетет. Достору, кесиптештери, туугандары менен өзүн салыштыра берет. Башкалар кыйын, өзү жамандай сезилет.

• Өзүнүн жакшы жактарын кабыл алуудан баш тартат. Өзүн мактай албайт, мактагандарды шылдыңдап жатат деп түшүнөт.

• Дарт оорлошкондо: деградация, өнөкөт депрессия, паникалык атака, невроз, суициддик ой жүгүртүү жаралышы мүмкүн.

Алдын алуу

Өксүк комплексин өз алдынча дарылоо оор, сөзсүз психологго же психотерапевтке кайрылуу керек дешет адистер. Көпчүлүккө билинбегени менен, психология жаатында оор деп саналган дарттын алдын алса болот.

1. Туура тарбия. Баланы башка менен салыштырбаңыз, эмоцияларын ачык билдирсин, ага “ыйлаба, үнүңдү чыгарба, чоңдордун жанында сүйлөбө, билбесең айтпа” деген тыюуларды салбаш керек. Оюн, эмоцияларын ачык билдиргенде гана “мен” пайдубалы бекем түптөлөт. Чоңдордон ал эмоцияларды туура багытка буруп туруу гана керектелет, түшүндүрүү, сүйлөшүү, өз мисалында көрсөтүү, үлгү болуу менен.

2. Ашыкча нерсе күтпөңүз. Балага “сен мындай болушуң керек, жалаң жакшы баа алышың керек, сөзсүз врач болушуң керек” деген “карыз” болчу нерселерди моюнуна илбеңиз. 

3. Мактай, колдой билиңиз. Кыймыл-аракетин, жүрүм-турумун анализдеп, эмне өзгөрүүлөр болуп жатканын сезгенге аракет кылыңыз. Түшүнүү, сүйлөшүү, колдоо, мактоо, түшүндүрүү, бирге убакыт өткөрүү, ойноо ыкмалары жакшы.

4. Кичинесинен туура тарбия алган, ата-энеси баалап, барктап чоңойгон балада кийин да өзүнө болгон ишеним күчтүү болот. Өзүн баалайт, сүйөт, эмне каалаганын билет жана балдарына да туура тарбия берет.

 

 

Асыл Орозбекова  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан