Сагын Эргешов, ырчы: “Ал кызга бакыт каалап узаттым, башка аргам жок эле”

– Кош келдиңиз, Сагын мырза, соцтармактагы баракчаңызга “Сагын эми башкача болот” деп жазганыңызды көзүм чалды...

– Кош келдик, рахмат! Индияда бир жарым ай жүрүп калдым. Эмне болду билбейм, ошол жактан абдан салмак таштап, арыктадым. Негизи 10 жылдан бери 64-65 килограмм салмакта жүрөм. 1-курста кийген пиджактарым азыркыга чейин чак келет. “Эмнеге мен салмак кошпойм?” деп ойлонуп салмак кошо турган бир долбоорго катыштым. Долбоордун башталганына бир ай болуп калды. Жыйынтыгы жакшы, бир айдын ичинде 6 килограмм 300 грамм салмак коштум. Долбоордо жалпы 6 ай болот, жыйынтыгын чогуу көрөбүз. Кээде менден кичүү инилер деле “сен” деп кайрылып калышат, эмнегедир улуураак көрүнгүм келди. Анын үстүнө ден соолукка кам көрүү да керек экен, “башкача Сагын болом” дегенимдин кыскача баяны ушундай. Долбоордогу талаптар кыйын, аптасына үч күн спорт залга барып машыгышым керек, рациондо жазылган гана тамак ашты-күнүнө 5 маал жешим керек. Буга да чоң эрк керек экен.

– Жакында ырчы Элера Кабылжан кызы менен дуэт жаздырдыңар, ким биринчи сунуш кылды?

– Элера экөөбүз жердешпиз, ал кошуна айылдан болот. Жашоодо карындашым катары мамиле кылам. “Ал махабат” деген ырды дуэт катары аткардык. Элера башында башка чыгарманы сунуш кылган, кийин ушул ырды ырдап калдык.

– “Кечээ гана тиги кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш” дечү куракка келип калыпсыз. Өзгөрүүлөр болдубу?

– Антип коркутпай туруңузчу (күлүп). Азыр 29дамын, дагы бир жыл бар. Убакыт кантип өтүп кеткенин билбей калат экенсиң. Чыгармачылыкта жүргөн бир агам: “30га чыкканда адамдар ушул жашка келип калдымбы деп депрессияга түшүп калышат”, – дейт тамашалап. Чындыгы бар экен. 40ка чыкканда да, 50гө чыкканда да бир силкинип алсак керек. Анткени улам чоңураак нөлдөр кошулуп кетип бара жатпайбы. Айтканга оңой болгону менен, бул сандар жөн эле сан эмес, кайгы-муң, күрөш, жеңиш, жеңилүүнүн баары ушул сандардын арасында калды. Кандай өзгөрдүң десеңиз, баалуулуктарым өзгөрдү, олуттуу боло баштадым. Мурдагыдай “боло берет” дебей калдым. 30 жаш мендей бойдокторду ойлонто турган жаш экен.

– Баалуулуктар кантип өзгөрдү ошондо?

– Мурун баскан-турганымдын баары “хайп” болчу, бул мага нормалдуу нерсе катары сезилчү. Азыр андайдан качып калдым, кереги жок эле нерсе экен.

– Көбүнчө “хайп” сиз жандаган кыздарга байланыштуу болчу окшойт...

– Ошону өзүм да билбейм (күлүп). Ишенсеңиз, ушул кыз менен “хайп” болоюн деп атайын деле кылган учурум болгон жок. Өзү эле жаралып калат. “Бири-бириңерге жарашып калат экенсиңер” деген комментарийлерден улам эле тутанып кетчү.

– “Жашың өтүп баратат, үйлөн” деген кептер көбөйдүбү?

– Ооба, бир ишти аткара албай калып депрессия болсом, азыр жолуккан адамдардын “качан үйлөнөсүң?” деген суроолорунан депрессия болчу болдум. Ансыз деле негизги маселе, алар айткандан бир нерсе өзгөрүп кетпейт, бирок баары бир талуу жериңе келип тие берет тура. Кээде “чын эле жалгыз калып калбаймынбы?” деп чочуп кетем. Мен эле эмес, бойдоктордун баарынын жүрөгүнө таштай тийген нерсе ушул суроо болуш керек. Окурмандарга айтарым, мени жолуктуруп калсаңыздар ушул суроону бербей эле туруңуздарчы, сураныч (күлүп).

Сүйүктүүңүздү тапканга жакшы эле аракет кылып жатасызбы десем ого бетер депрессия болбойсузбу?

– Ишенесизби, сүйүктүүмдү табууга күндө аракет кылам. Кафе-ресторандарга тамак ичкени кирсем деле официант кыздарды карай берем, ооруканага барсам медайым кыздарга көз кырын салам. Же көңүлүмө жакын улуу адамдардан ачык эле сурайм, “сиз мага жагасыз, мага ылайык кызыңыз барбы?” деп. Жолугабыз, сүйлөшөбүз, бирок жылдызыбыз келишпей калат. Элдин сөзүнөн кутулуш үчүн эле үйлөнүп алайын деп да ойлонуп кетем, бирок ал адам менен өмүр бою жашайм да деп кайра өзүмдү токтотом.

– Бирөөнү жактырып, ага жетпей калгандай сезилип кеттиңиз...

– Жетпей калган махабат – чыныгы махабат деп коюшат. Жетпей калсаң жашооңдо чоң жарака пайда болот. Жакында ошондой бир окуя болду. Адам ачкалыктан эмес, сүйүүдөн өлүп калышы мүмкүн экен. “Любовь приходит и уходит, но кушать хочется всегда” деп коюшат эмеспи. Бирок тескерисинче да болуп калат экен жашоодо. Себеби кыздарды мурдагы сүйүктүүңө салыштырып, анын кылык-жоруктарын жаңы таанышыңдан издей берет экенсиң.

– Депрессияга биротоло кирип кеткен жоксузбу?

– Жок, андай болгон жок. Баары Кудайдын колунда, анын планынан ашкан жакшы план жок. Тагдырыма жакшы кызды жазып койгондур. Ал кызга жөн гана бакыт каалап узатыштан башка айлам жок болчу. Айтканда оңой эле айтып жатам, бирок оңой болгон жок. Жүрөгүмдөн толук коё бердим деп айта албайм. Ал кызды үйдөгүлөр да билишчү. Бирок насип эмес экен, болбой калды.

– Эмнеге ыраазысыз, эмнеге өкүнөсүз?

– Жашообузда болуп жаткан нерселерди баалай билсек... Бирок көп учурда ыраазы болбойт экенбиз. Мисалы, бир жигит менин курагымда түрмөдө отургандыр же ооруп жаткандыр. Менин көйгөйүм ал үчүн баланын оюнчугундай нерсе, балким. Андыктан жашоого ыраазы болуу керек экен. Эч нерсеге өкүнбөйм. Достор арасында деле жашоомо келип, кайра чыгып кеткендер болду. Бири сыноо, бири сабак катары келип-кетти, бири түбөлүктүү чыныгы дос катары калды.

– Достук деген кандай болушу керек?

– Эки тараптуу болушу керек. Бир тарап эле досунун акыбалын сурап, кызыгып, жардамдашып, экинчи тарап ага андай мамиле кылбаса ал достук болбойт. Экөө тең ошол достукту сактап калууга аракет кылышы зарыл. Жакын досторум абдан көп.

– Айылга үй салып жатыпсыз, бул үйдө кала турган кичүү баланын даярдыгы болуш керек?

– 6-класс болчумун, анда атамдын көзү тирүү... Ошондо эле кийин айылда жашабай турганымды билдирип, “айылдагы үйдө агам калат” деп айтканым бар. Сөзүмө турдум, Бишкекте үйүм бар. Айылдагы үйдө агам жашайт, бирок мен ага жакшы шарттарды түзүп беришим керек деп жардамдашып жатам. Анткени ал ата конушум, жаңы үйдү агам экөөбүз салып жатабыз.

– Турмуш тиричиликтин эбин таап жатыпсыз, чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болууда?

– Ырларды жаздырып жатам, жакында Даурен Шарип деген казак агабыздын “Махабат” деген ырын кыргызча ырдап чыксам деп даярдап жатам. Кайрат Нуртастын көп ырларын ушул агабыз жазып берген. Мыкты талант, мага ырларын белек кылып берди. Абдан ыраазы болуп калдым.

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан