Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Айкөл алдында турган Акбарды көрдү. Ага таяна ала тургандай, ага ишеничи керектей бир сезим пайда болду. Ага карай буттары өзүнөн-өзү шилтенди. Кучагы өзүнөн-өзү ачылды. Кантип барып кучактап калганын байкабай калды. Акбардын жүрөгү селт этти, коркуу беле же сүйүнүүбү, билбей нес. Апкаарый түштү. Колдору менен кыздын чачын сыламакчы болуп баратып токтоп калды.

– Айкөл, баары жакшы болот. Сен...

– Жардам...

Эрди араң күбүрөдү, Акбардын кучагында эсин жоготуп койду. Эсине келгенде палатада жаткан экен, жанында Акбар. “Бул жерде эмне кылып жатам?” деп ойлонуп, анан бардык болгон окуяларды эстей койду. Айдар!

– Айдар?!

– Акырын, жыгыласың.

Айкөл уккан жок, палатадан шашып чыкты. Операция бүтүшү керек эле го... Башы айланып, теңселе берди. Жыгылып калбаганга аракет кылып дубалды кармап басып бара жатты. Врачтын кабинетине жетти.

– Байке, Айдар эмне болду?

Мисирейген жүздөр. Бир нерсени кеңешип жатышкандай. Аны сынай карап турушкандай. Жини келип кетти Айкөлдүн. Булардын жакындары жокпу? Анын от менен чоктун ортосунда турганын сезбей жатышабы?

– Айдарга эмне болду?

– Кел, кызым. Бул жакка отур.

Отургучка араң отурду. Тиги кишини жалдырап карады. Эмнеге булар көздөрүн ала качышат? Жаман кабар болбогой эле...

– Операция жасалды. Оор операция болду. Жанын алып калдык. Бирок... Моюндан ылдыйкы...

Айкөлдүн оюна эч нерсе келбеди, эмнени айтып жатканын түшүнө бербеди. Медициналык терминдер менен бир нерселерди айтып жатты.

– Байке, Айдар аман-эсен, туурабы?

– Ооба, бирок акыректен ылдый тарабы өмүр бою кыймылсыз калышы мүмкүн деген божомол бар. Адатта айтышпайт, бирок мен ачык айтып коёюн дедим, кызым.

– Аман эле болсо болду. Башкасын жеңебиз.

Картаң профессор башын чайкады. Кыздын жаштыгын аядыбы же Айдардын абалына боору ачыдыбы, белгисиз.

– Мен Айдарды көрө аламбы?

– Реанимацияда, азырынча кирбейсиңер. Бир аз убакыттан кийин...

ххх

Эч кимдин түшүнө кирбей турган окуя болду ушундай. Баары нес болуп эмне деп сүйлөп, эмне кыларын билбей калышты. Айрыкча Айкөлдүн атасы Жеңиш оор кабыл алды. Жүрөгү ооруган неме көкүрөгүн эле мыкчый ары-бери басат. Жалгыз кызынын ушундай тагдырга туш болгонуна кыжалат. Айжанар андан бетер муңканды. Айдардын ата-энеси таптакыр мүңкүрөп калышты. Айкөл Айдардын аман калганына сүйүндү. “Мейли, кандай болсо да аман калды. Баарына чыдайм, багам, айыктырып алам. Жаш организм деп жатышпайбы, бутуна туруп кетет” деп жатты. Эч бир жамандыкты ойлогусу келген жок. Бир ай бою жанынан чыкпады. Таң атпай келип, кеч киргенче жанында. Азыр да жанында отурду.

– Китеп окуп берейинби?

– Жок.

– Суу ичесиңби?

Башын чайкайт. Бопбоз болуп эле шыпты карап жатканы жаткан. Сүйлөшпөйт дагы. Кандай сөзгө тартса да, алаксыткысы келсе да Айдар үн катпайт.

– Айдар?

– Ии?

– Аман калганыңа шүгүр. Биз баарын жеңебиз. Сен антпечи.

– Аман калбасам сага жеңил болмок, алтыным.

Айкөл Айдардын жүзүнө карады. Чындап айтып жаткандай. Эмнеге бул ишенбейт? Эгерде Айдар өлүп кала турган болсо, анда Айкөлдүн жашай албай турганын эмнеге эч ким түшүнбөйт? Атүгүл Айдар өзү түшүнбөйт тура. Таарынгысы келди. Бирок таарына да албайт эле бул абалда.

– Сага бир нерсе болсо мен жашамак эмесмин.

– Бирөөнүн артынан бирөө өлгөнүн уккан эмесмин, жаным. Жашамаксың. Оор болмок, бирок сен үчүн жакшы болмок эле да. Азыр эми... Бутуңа чалынды болуп...

– Антип айтпачы.

– Канча жыл жанымда отура аласың? Бир жыл, эки жыл, балким, жылга да жетпейт. Жашсың, сулуусуң, эл тааныган жүзүң бар, баары алдыда. Майып күйөө менен канчага чейин кыйналмаксың?

– Өмүр бою жаныңдан чыкпайм. Баарынын кыпындай баасы жок, мен үчүн сен болсоң болду.

– Эх, сен жашоону али биле элексиң.

– Мен өзүмдү билем.

Айкөл үчүн ушунчалык таң калычтуу эле. Адамдардын баары сүйлөшүп алгансып, анын тагдырын, келечегин өздөрү чечип койгондой сүйлөп жатышты. "Эми эл оозуна алынып келе жаткан сулуу кыз, карьерасын таштап майып күйөөсүн багып отура албайт деген тыянакты" эбак чыгарып коюшкандай эле. Ким болбосун аны шектене карап, шыпшынып, аяп, кайра аркасынан сүйлөп жатканын сезди. Башкалар мейли эле, Айдардын деле ошентип ойлогону таң калтырды. Чындап таң калды. Бир аз убакыттан кийин Айдарды ооруканадан чыгарып кетүү керек болду. Бишкекте багуу мүмкүн эмес эле. Биринчиден, үйү жок, экинчиден, Айкөл жалгыз карай албайт. Мунун баары улуулар чечишти. Айкөлдүн бул нерсеге тиешеси жоктой чечишти болгондо да. Жатаканасына келип кийимдерин жыйыштырып баштаганда кайненеси таң кала карады.

– Сен эмне кийимдериңди жыйыштырып жатасың?

– Айылга кетебиз дедиңер го...

– Айдарды алып кетебиз, а сен?

– Айдар кайда болсо мен ошол жакта болом.

– Апей, сени ишин таштабайт деди го Айдар... Жакында чоң долбоору бар, азыр ал эч нерсеге алаксыбай ошол иштерин бүтүрүшү керек деп жатканынан...

Чындыгында, абдан чоң бир долбоорго башкы каарман катары Айкөлдү даярдап жатышкан. Канча айдан бери түн уйкудан калып ошого даярданып жүргөн. Чоң мюзиклде башкы каарман болчу. Анын эч бири маанилүү эмес азыр. Айдарды жалгыз таштабайт!

– Апа, мен Айдардын жанында болом, – деди ал чечкиндүү.

Эртеси долбоордун режиссёруна барды.

– Салам, Айкөл...

– Саламатсызбы, агай?

– Уктук кабарлардан... Мындайда эмне деп айтышты да билбейсиң. Колдон кандай жардам келсе беребиз. Сен айт, уялба.

– Рахмат, агай, мен айылга кетип жатам. Ошону айтайын деп келдим.

– Та-ак, канча күнгө?

– Биротоло.

– Эмне-е? – тигинин көздөрү чакчайып кетти.

– Мен ролумдан баш тарттым. Башка кызды издей бериңиздер. Мен Айдарды жалгыз калтыра албайм.

– Сенин дени-кардың сообу? Кантип баш тартканы жатасың? Бул сенин келечегиң үчүн кандай чоң кадам билесиңби? Эмгек сиңирген артисттер сенин ордуңду ала албай жатышканда, сен кантип басып кете аласың?

– Агай...

– Укпайм мен эч нерсеңди. Канча убакыттан бери даярдандык. Сени тандаганда сен мага сөз бергенсиң...

– Мындай болорун кайдан билдим?

– Жолдошуңду карай тургандар болсо керек. Айылга кетпей ушул долбоорду аягына чыгар.

– Анте албайм.

– Жаштык кылба, Айкөл. Эртең өкүнүп каласың.

– Тескерисинче, долбоордо калып калсам, Айдардын жанында болбосом катуу өкүнүп калам. Коё бериңиз мени.

Ары айтса да, бери айтса да көнбөдү. Алдады, урушту, ортого киши салды, Айкөл өз оюнан кайтпады. Ал акылсыз кыз эмес болчу. Чындыгында, анын жолундагы эң чоң долбоор, анын салмагы канчалык экенин сезип эле турду. Өнөр жолунда чоң тепкич боло турганын да билди. Бирок жүрөгүнүн буйругуна каршы чыга албады. Эгерде сахнаны же эртеңки боло турган келечегин, жылдыз болууну тандай турган болсо ал Айкөл боюнча калбайт эле. Ал өзүнө чыккынчылык кылмак. Ал өзүн тандады. Муну эч ким түшүнгөн жок. Бир гана атасы түшүндү, үнсүз колдоду. Мээримдүү көз карашынан атакеси анын тандоосун колдоп турганын сезди. Ал тургай Айдар да түшүнбөй турганда атасы жүрөгүнүн буйругун аткарганын түшүндү. Атасы менен кызынын ортосунда ушундай үнсүз түшүнүшүү бар эле...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан