Алгачкы автоунааны ким ойлоп тапкан?

Акыл-эс кампаңызды дагы бир кызыктуу факт менен толуктап алыңыз. Учурда түркүн үлгүдөгү автоунаалар бар. Ушул унаалардын эң алгачкысы кандай эле, билесизби? Физикалык күч колдонуусуз, эч кандай жүк ташуучу жаныбардын көмөгүсүз, үч-төрт дөңгөлөктүү унаалардын алгачкы макети ХV кылымда италиялык окумуштуу, сүрөтчү, ойлоп табуучу, жазуучу, музыкант, башкача айтканда, универсал адам Леонардо Да Винчи тарабынан ойлоп табылган. 

Андан кийинки жакшыртылган версиясы 1672-жылы Фердинанд Вербист тарабынан иштелип чыккан. Анда унаага буу казаны орнотулган. Окумуштуу бул ойлоп табуусун сувенир катары Кытай императоруна белек кылынган делет. Сувенир императордун кызыгуусуна ээ болуп, окумуштуулар аны жакшыртууга аракет кылышкан.

1690-жылы француз математиги, физик, ойлоп табуучу Дени Папен алгачкы буу кыймылдаткычын иштеп чыккан. Буу кыймылдаткычы менен жүргөн унаалар ХVIII кылымдын аягында акырындан көпчүлүккө жайыла баштаган. 1784-жылы окумуштуу Уильям Мэрдок буу кыймылдаткычы менен жүргөн трактор ойлоп тапкан. ХIХ кылымда буу машиналарын өнүктүрүү: ылдамдыгын жогорулатуу, тормоз жана башка деталдарды кошуу, дөңгөлөктөрдү өзгөртүү сындуу эксперименттер менен өткөн.

Ал эми бууну, тагыраагы, сууну керосинге алмаштырган, кыймылдаткычты керосиндин жардамы менен 23 секундда от алдырган (кыш мезгилинде да) унааны америкалык конструктор Aбнeр Дoбль ойлоп таап, өзүнүн «Doble» аталышындагы компаниясы автоунааларды чыгара (1914-1931-жылдары) баштаган. Абнер Добль чыгарган автоунаалар саатына 160 чакырым жүргөн.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан