Атактууларды улуттук кийим менен сулуулаган дизайнер МИРЛАН БЕКЕНОВ

Бул жолу биздин маек төрүбүздө дизайнер, атактуу жылдыздардан тарта катардагы жарандарга чейин улуттук кийим кийгизип сулуулаган Мирлан Бекенов агабыз. Оор өткөн балалыгы, алып баруучулуктан тикмечиликке болгон сапары, жашоодогу баалуулуктары менен бөлүштү.

 

– Мирлан байке, кош келдиңиз! Адегенде окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...

– Мен 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шапак айылында жарык дүйнөгө келгем. Алты бир туугандын кичүүсүмүн, эки агам, үч эжем бар. Атабыздан эрте айрылдык, мен кичинекей кезимде эле каза болуп калган. Кийин улуу ага-эжелерим үй-бүлө куруп кетишкенде үйдө апам экөөбүз эле калдык. Ошентип үйдүн дагы, сырттын дагы ишин кылып өстүм. Башка балдардай болуп ойноп-күлгөнгө убактым жок болчу, балалыгым мектеп-үй болуп эле өттү. Үйдүн кичүүсү болгондуктан айылда мен калышым керек болчу негизи, бирок кичинемден эле шаарга кетким келе берчү.

– Маекке кызыңызды ээрчите келипсиз, сизге жакын окшойт?

– Кызым Керемет 5 жашынан бери дайым жанымда. Кызым 5 жаш кезинде апасы экөөбүз эки айрылыш жолго түшкөнбүз. Керемет быйыл 9-классты артыкчылык менен аяктап жатат, акылдуу жардамчым менин. Кичинекейинде билинчү эмес, бул чоңойгон сайын жалгыздыктан коркчу болдум (күлүп). Кичинесинен чыйрак өстү, окуусунан да таптакыр кыйнаган жок. Азыркы учурда менин менеджерим ушул кызым.  

– Кантип дизайнерликке кызыгып калгансыз? Кыргыз коомунда мырзалардын тикмечилик тармакты тандашы көп кездеше бербейт эмеспи.

– Негизи үй-бүлөмдө баары эсепчилер, чыгармачылыктан алыс адамдар. Бирок тайларым кол өнөрчүлүккө шыктуу уста кишилер, мага талант ошолордон өтсө керек. Анан бул тармакка шыр келбедим. Музыкалык окуу жайды бүтүп, Ысык-Көлдө иштеп калдым. Өзүмдүн 5-6 баладан турган тобум бар эле. Ал учурда билесиз, концерттер көп болчу, анан ал концерттерге форма тиктирүү өзүнчө бир азап иш эле. Тигилген формалар купулума толбой эле кыйнала берчүмүн. Бир күнү кезектеги концертибизге даярданып жатып “форманы өзүм тигем” деп чыктым. Ишенесизби, тиккенден такыр кыйналган жокмун, кол машина менен тез эле тигип алдым. Анын үстүнө тез кыймылдаган адам катары тигүү кыйынчылыкка деле турган жок, бирок толтура форманын оюм-чийимдерин бир түндө колго сайып чыгыш бир аз кыйынчылык жаратты. Бирок ашыкча убактым жок эле да, ошондо иштин баарын жасап бүтүргөнүмө абдан сүйүнгөм. Форма балдарга да жагып, кийин жалаң өзүм тигип жүрдүм. Ошол балдар “кандай сонун костюмдарды кийчү элек” деп азыркыга чейин айтышат.

– Дизайнер болом дегениңизди үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?

– (күлүп) Үй-бүлөм негизи эле чыгармачылыкка келишиме каршы болушкан. Кесиптик окуу жайда бухгалтердик эсепти окудум, жогорку окуу жайга дагы экономика факультетине тапшыртышкан. Бирок мен ал жактан кетип, музыкалык окуу жайга тапшырып алгам. Жакындарым башка жакта окуп жатканымды үчүнчү курста билишкен.

– Кесибиңиз үчүн күрөшүп, кыйынчылыктарды жеңип чыгыпсыз да?

– Албетте, кыйынчылыктар болду. Мына, быйыл баш-аягы тигүүчүлүк менен алектенип келе жатканыма 22 жылдын жүзү болду. Бул арада эмнелер гана болгон жок, жеке жашоомдо да, ишмердүүлүгүмдө да. Далай сыноо өттү го баштан. Моралдык жактан, материалдык жактан бир топ эле кыйналдым. Өзүмдү, өз кесибимди тапканыма бир жылдай эле болду. Элестетсеңиз, 21 жыл өзүмдүн кесибимди издедим. Бул арада өзүмдү ырчылыктан, алып баруучулуктан да сынап көрдүм. Бишкекке жаңы келгенде азыркыдай интернет жок, вокзалда чапталып турган жарнамадан тигүүчү цехтин телефон номери жазылган жерин айрып алып байланышып, даректи эптеп таап бардым. Барсам, баары башкача, тигүү машиналары да башка. Бирок “бул нерсе мага керек, үйрөнөм” деп өжөрлөнүп иштей баштадым. Бир апта күнү-түнү тынбай иштеп үйрөндүм, ал жерде иштегендер абдан таң калышты (күлүп). Мен иштебеген тигүү цехи калбады окшойт, кийим тигүүнү үйрөнүү менен эле токтоп калбай, улам жаңы нерселерди үйрөнүп отуруп, кийин Москвага чейин барып технолог болуп иштеп келдим.

– Сиз тиккен костюмдарды карап отуруп андагы оюуларга көңүлүм түштү, өзүңүз ойлоп табасызбы?

– Ооба. Бардык костюмдардын оюмдарын өзүм чием, сүрөтчүлүк талантым дагы бар десем болот. Сиздер көргөн костюмдардын баары буюртма менен тигилген костюмдар. Азыр эми өзүмдүн коллекциямды акырындык менен даярдап жатам, буюрса, учуру келгенде аларды дагы чыгарам. Азыр бизде кыргыздын нукура баалуулуктары барган сайын унутулуп бара жатпайбы, а бул оюулар биздин улут катары иденттүүлүгүбүздүн өзүнчө бир белгиси да. Ар бир оюунун өзүнүн мааниси, тарыхы бар. Азыр көчөдө улуттук стилде кийинген бирөөнү көрсөк таң калып караган заман болуп калбадыбы. Болбосо заманбап, ошол эле учурда улуттук стилдеги кийимдер азыр көп эле бар.

– Кандай ойлойсуз, кыргыздын улуттук кийимдеринин дүйнөлүк мода аренасында орду барбы?

– Албетте. Буюрса, келечекте сөзсүз көрөбүз го. Азыр ошого талпынып жатабыз.

– Кызыңыз дагы кесип тандай турган куракка келип калыптыр. Кызыңызга, дегеле жаштарга кесип тандоо боюнча кандай кеңеш айтат элеңиз?

– Кесип тандаарда өзүңөрдүн ички үнүңөрдү уккула. “Жети өлчөп, бир кес” дейт эмеспи. Дал ошондой кылып өзүңдү аябай кылдат талда, эмне кылганды жакшы көрөсүң, эмнеге шыгың бар, ошолордун баарын талдап, анан кесип танда дейт элем.

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан