Учурда окуучулар жайкы каникулда. Жылдын ушул мезгилинде балдары кырсыктап ооруканага кайрылгандар көбөйөт. “Андыктан ата-энелер балдарына коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп, жаракат алса алгачкы жардамды көрсөтүүнү билиши зарыл”, – дейт Бишкектеги №3 "Тез жардам" клиникалык балдар ооруканасынын травматологу Нурдин уулу Нурланбек.
БАШЫ ЖАРЫЛЫП, КАН АКСА...
– Бала бийиктен кулап же мушташып башы жарылып, кан акса эмне кылуу керек? Тайыз сууга секирип башы менен ташка тийгендер болот.
Кубаныч, 37 жашта, Бишкек
– Баш жарылганда дароо баш сөөк сынбадыбы деген күмөн кетет. Айрым учурда сынып, ага кошо мээ чайкалып же жанчылып, мээге кан куюлуп кетиши да ыктымал. Мунун белгилери: баштын катуу оорутушу, сынган жерден же мурун, кулактан кандын агышы, шишик, эс-учун кыска убакытка жоготуу же комага түшүп калуу, кусуу, көңүл айлануу, көрүүнүн, угуунун жана сүйлөөнүн бузулушу, теңселүү. Айрымдарда бул белгилер дароо билинсе, башкаларда 2-5 күндөн кийин билиниши мүмкүн.
Эмне кылуу керек? Тезинен “Тез жардамды” чакыруу же ооруканага алып баруу зарыл. Ага чейин ооз, мурундагы канды тазалап баланын дем алышын камсыздоо зарыл. Агып жаткан канды токтотуу үчүн башты бинт же таза жоолук, мата менен таңуу керек. Айрымдар канды жууп салууга киришет. Жуубай эле койгон оң, анткени суу менен кошо инфекция кирип кетүү коркунучу бар.
Ооруканага алып барганда башты рентгенге, компьютердик томографияга тарттырышат. Диагнозго жараша консервативдүү дарылоо же операциялык ыкма тандалат.
БУТ, КОЛ ЧЫКСА ЖЕ СЫНСА...
– Кырсыктап бут, кол чыгып же сынып кеткен учурларда биринчи жардам кандай болушу керек?
Айназик, 28 жашта, Бишкек
– Сөөк сынып, териден чыгып калса ачык сынык, сөөк териден чыкпаса, жабык сынык деп айтылат. Кан агып жаткан жерден өйдөрөөк жип же мата менен таңып, канды токтотуу керек адегенде. Сынып шалактаган бутту же колду түздөгөнгө аракет кылбай, сынган жерге катуу материалдан шак-шак жасап (түз тактай, жыгач, желим), сынган жерге коюп 3-4 жеринен байлап, тезинен ооруканага алып баруу же “Тез жардамды” чакыруу керек. Эгер шак-шак табылбаса, анда сынган бутту соо бутка, ийин сынса денеге таңуу зарыл.
Ачык сынык болсо жарааттын тегерегин йод менен сүртүп, микроб кирбеши үчүн таңып коюу кажет. Сынган учурда операция жасалат. Операциядан кийин бала врачтын айткандарын так аткарбаса, анда сынган сөөктүн бүтүшү кечеңдейт, кыйшык бүтүп калышы же жалган муун жаралып калышы ыктымал. Сөөктө жарака гана кетип, бирок ордунан жылбаса, анда гипс коюлат. Муун чыгып кетсе наркоз берилип, чыккан муун салынат.
ТАРАМЫШТАР ЧОЮЛУП ЖЕ ҮЗҮЛҮП КЕТСЕ...
– Кээде балдар топту туура эмес тээп алганда, кулаганда байламталар чоюлуп же үзүлүп кетет. Мындайда баарынан кандай жардам маанилүү?
Элеонора, 39 жашта, Кант
– Кээде колу-буттун байламталары чоюлуп же булчуң, сөөктөрдөн үзүлүп кеткен учурлар болот. Ал жер катуу оорутуп, шишип, гематома жаралат, кан агат. Үзүлүп кеткен учурда “кырс” деген үн угулат. Ал жерге муздак компресс жасап, ооруган жерди мүмкүн болушунча кыймылдатпай тезинен врачка алып баруу зарыл. Үзүлүп кеткени аныкталса кол же бут иштебей калбашы үчүн операция жасалат. Чоюлуп калса консервативдүү дарылоо жүргүзүлөт, крем сүйкөө сунушталышы мүмкүн.
БАШ, ЧЕКЕ ТОМПОЮП ЧЫКСА...
– Балдар кокустуктун айынан бир нерсени сүзүп башын, чекесин томпойтуп, көгөртүп алган учурлар көп кездешет...
Айнура, 43 жашта, Кара-Балта
– Сурооңуз түшүнүктүү. Томпоюп, көгөргөн жерге алгач 4-5 мүнөт муздак компресс жасап, анан шишикти тарата турган Троксевазин деген гель бар, ошону сүйкөө керек. Анан баланы врачка текшертүү зарыл. Адатта, томпоюп, шишиген жердин астындагы капиллярдык кан тамырлар жарылып, кан чогулуп калган болот. 10 күн ичинде чогулган кан тарабаса, анда аны пункция кылып сордуруп алышат.
ДЕНЕСИНЕ ЗЫМ, БУТАК САЙЫЛСА...
– Баланын денесине зым, бутак, айнектин сыныгы сайылып калса сөзсүз врачка алып барыш керекпи?
Азамат, 26 жашта, Баткен
– Сөзсүз. Эч жерине тийбей ошол бойдон врачка алып баруу зарыл. Анткени сайылган нерсени сууруп алганда кан агышы мүмкүн. Врач өзү тазалап, жаранын көлөмүнө жараша жардам көрсөтөт. Жара чоң болсо тазаланган соң учкай тигилип, жаранын ичиндеги суюктуктар чыгып турушу үчүн резинадан дренаж жасалат. Жаман суюктуктар чыкпай калганда толук кандуу тигилет. Айрым учурларда оор жаракат албай, тери чийилип, тытылып калган учурлар болот. Андайда суутек кычкылы (перекись водорода) менен жууп, кургаганда Левомеколь дары майын сүйкөп, таңып коюу жетиштүү.
КАШЫН, ЭРИНИН ТИЛДИРИП АЛСА...
– Бала кокустуктан кашын, кулак, ээк, эринин учтуу нерсеге тилдирип алса эмне кылуу абзел?
Гүлнара, 34 жашта, Токмок
– Тилинген жердин териси жөн эле сыйрылса, жогоруда айтылгандай, суутек кычкылы менен жууп, таза бинт менен таңуу зарыл. Териси терең тилинсе, врачка алып баруу кажет, ал тазалап тигип берет.
КОШУМЧА КЕҢЕШТЕР
Айрым ата-энелер балдарынын буту сынып же чыгып кетсе дароо сыныкчыга (костоправ) алып жөнөшөт. Бул туура эмес. Алар рентгенге тартпагандыктан сөөктүн абалын билбей туура эмес кылып коюшу мүмкүн. Мисалы, чыккан жерди туура эмес салып же сынган сөөктөрдү бириктирем деп ордунан жылышпай эле турган сөөктү жылдырып жибериши мүмкүн. Булар сөөктүн туура эмес бүтүп, кыйшык өсүп калышын шарттайт. Кийин врачка алып барганда сөөктү кайра сындырып түздөгөнгө туура келет.
Жарааттан улам аккан канды токтотобуз деп ал жерге кумшекер, туз, ун сээп салгандар, кийизди күйгүзүп баскандар болот. Бул баланын абалын ого бетер оорлотуп, кыйнайт. Минтүүгө болбойт!
Эгер жаракат чоң болсо, ал жерди тиктирүү үчүн дароо врачка алып баруу керек. 1 күндөн кийин ал жерге инфекция кирип кеткен болот. Тиккенде тери, эт бири-бирине жабышпай кыйнайт.
Балдарды караңгы жерде ойнотпоо керек. Анткени кырсыктап калуу тобокелдиги жогору. Травматология бөлүмүнө кечки саат 4-5тен түнкү саат 12-1 аралыгында жаракат алып кайрылгандар көп.
Канымжан Усупбекова