Борончу Кудайбергенов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Неберенин ырахаты башкача турбайбы»

Белгилүү куудул агабыз Борончу Кудайбергенов маал-маалда хейтерлердин чабуулуна кабылып турат. Бул анын токтоп калбай, иштеп жатканынын белгиси. Ыңгайсыз тамашасы, максаттары, инсан катары бактылуулугу жана башкалар тууралуу кеп салып берди.  

 

– Саламатсызбы, ага? Белгилүү 4 куудул концерт бергени жаттыңыздар эле, жакшы өткөрүп алдыңыздарбы?

– Саламатчылык, концертти жакшы өткөрүп алдык, буюрса. Анткени көптөн бери улуу-кичүү куудулдар биригип концерт коё элек болчубуз. Эсиңерде болсо, “Ар бир айдын алтысы” долбоору жакшы чыккан. Ал токтоп калгандан кийин куудулдар эч эле чогула албай жүргөнбүз. Эмнеге десеңиз, баары эле бош эмес. Күмөндөр Абылов Кыргыз драма театрында иштейт, Абдылда Иманкулов Жалал-Абад театрына иштеп кеткен. Тынар Курбаналиев экөөбүз гана чогуу концерт берип жүрчүбүз. Ошондуктан куудул “аксакалдар” чогулуп концерт берсек деп пландап жүргөнбүз. Төртөөбүз чогуу концерт бердик, чогуу интермедия ойнодук. Буюрса, жакшы болду. Күзүндө дагы бир чогулуп ушундай концерт берсек деп турабыз. 

– Сиздерде туруктуу күйөрмандар бар да, алар эч бир концертиңиздерди калтырышпаса керек...

– Ооба да. Өзүбүздүн баягы туруктуу күйөрмандарыбыз бар, ошолор келип жыргап көрүп кетишет. Бул эми ушундай мыйзам ченемдүү көрүнүш экен, күйөрмандарыбыз биз менен чогуу картайып, бизди кызыктырган нерсе аларды да кызыктырып, бизди ойлондурган нерсе аларды да ойлондурат тура. Куудулдар өзү сөз баккан, нанын сөз менен таап жеген адамдар эмеспи. Күйөрмандарыбыз да ошондой адамдар. Эгерде башка толкунда болушса биздин сатираны кайдан түшүнүшсүн. 

– Канча жылдан бери сахнадасыз. Концерт берерде дагы деле толкундоолор болобу же кадимки иш болуп калдыбы?

– Чын эле канча жылдан бери сахнадабыз, сахна үйүбүздөй эле болуп калыш керек эле, бирок дагы деле толкунданабыз. Ар бир концертте толкундануу жана жоопкерчилик бар. Анткени ар бир чыккан сайын жаңы сатира, жаңы эмгек тартуулап турушуң керек. Ал эми профессионалдар деген ал башка кеп. Алар менен иштешкен да башкача. Майдаланып отурбайсың, жогоруда мен атаган төрт куудул “сен муну аткар, мен муну ойнойм” деп бөлүшүп алып эле ойноп койдук. Кээ бир учурларда ар кимибиз жөндөмүбүзгө ылайыктап сатираны узартып алып жаттык. Бирок канчалык тажрыйбалуу, канчалык такшалган куудул экениңе карабай ар жолкусунда толкундануу болот. Анткени адам өзүнө абдан ишенип алса да жакшы эмес, бул нерсе аны жоопкерчиликтен алыстатып жиберет. “Сахнага чыгып минтип коё берем да, тигинтип айтып койсом деле болот да” десең жаңылышасың. Эски сатирадан бир үзүм, жаңысынан бир үзүм алып аралаштырып, сахнадан турган жериңден “импровизация” кылып деле кете аласың. Бирок куудулдун айтайын деген ою толук болушу керек. Сатиранын аркасында сөзсүз тарбиялык маани болуш керек. 

– Жакында Бек Борбиевди тамашалайм деп хейтерлердин тепкисинде калдыңыз окшойт...

– Ооба, тамашалайм деп ошондой окуя болуп кетти. Ар бир тамашанын аркасында чындык болот эмеспи. Салыштырмалуулуктун аркасынан да ошондой сатиралар жаралат. Тамада болуп той алып барып жүргөндө да Бек менен Нурлан Мотуевдин атын тамашага кошуп кетчүмүн. “Ай, жигиттер, эртерээк үйлөнгүлө, болбосо Борбиев менен Мотуевге тарттырып жиберип куру каласыңар” деп. “Алар деле күнөөлүү эмес, ата-бабабыздан бери “Раймаалы менен Бегимай”, “Жантай менен Ак Мөөр” баштап кетишсе, булар эмне кылышмак эле?” деп тамаша кылып жүрчүмүн. Ошентип учурдун тамырын кармап сатира чыгарып турушубуз керек да.

Ошол видео тарап кеткендин эртеси Бек мага телефон чалды. “Ай, эмне деп эле жатасың? Менден башка айта турганың жокпу, сатираң түгөнүп калдыбы?” деп күлдү. Ал чыгармачыл инсан да, сатираны сатирадай түшүндү. Эми сатираны түшүнүү керек. Күмөндөрдүн өзүнүн стили, Абдылданын өзүнүн стили, менин өзүмдүн стилим бар. Ошого жараша күйөрмандарыбыз бар. Муну туура эле кабыл алышыбыз керек. Хейтерлер эмнени мынчалык талкуулаш керек эле, билбейм.

– Куудулдар мектебин ачуу демилгесин көтөрүп жүрдүңүз эле, ишке ашчудайбы же болбойт бекен?

– Демилге ошол боюнча эле турат. Куудулдар мектебин ачуу үчүн имарат керек болуп жатпайбы, балдарды бир жерге отургузуп алып окутуу керек да. Ал үчүн мугалим айлык да алышы кажет дегендей. Кыргыздын куудулдар театрын ачуу керек. Бул демилгебиз менен президент Садыр Жапаровго да кайрылганбыз. Биздикинен олуттуу маселелер менен алек болуп жатат окшойт да. Көңүл бурулуп ишке аша турган болсо кабарлашса керек. Анда жыргап эле калат элек. Буюрса, ал күн да алыс эместир деп үмүт кылам. 

– Жеке жашоодо эмне кеп? Чоң ата болуп небере жетелеп калсаңыз керек?

– Кудайга шүгүр, жеке жашоодо баары жакшы. Жакшы жаңылыктардан, жакында неберелүү болгонбуз. “Баланын жыты – бейиштин жыты” дегендей эле бар да, небере жыттап, ырахаттанып жашаган жашоо башталды. Неберенин ырахаты башкача болот турбайбы. Убакыттын өтүшү менен адам өзгөрөт экен, жан дүйнөсү, дүйнө таанымы башкача боло баштайт. Мурун анча барктабаган нерселердин баары барктуу көрүнүп, аларды баалай баштайт экенсиң. Жаш кезде көп нерсе баалуу көрүнбөйт. Жашың өйдөлөгөн сайын аткан таңды башкача баалап калат экенсиң. Баткан күндүн кадырын сезесиң. Аба, жер, суу, мекен, үй-бүлө, булар такыр башкача мааниде барктуу сезиле баштайт тура. Айтор, айта берсем толтура. Көп нерсенин баркын билип, аярлап жашай турган куракка келип калдык. 

– Устат-шакирт темасына да кайдыгер эмес болушуңуз керек, ушул тууралуу оюңузду уксак...

– Устаттарым абдан көп. Рахман Разыков агайым болду, Манас Бердибеков, Жаныбек Алыкулов, Күмөндөр Абылов, Абдылда Иманкулов, кыскасы “мен куудулмун” дегендин баары менин устатым деп билем. Көбүнөн жакшы таалим-тарбия, кеңеш алдым. Бирок ушул менин шакиртим деп эч кимди айта албайм. Балким, кимдир бирөөлөргө себепчи болуп жардам бергендирмин, балким, кимдир бирөөнүн колтугунан бир аз жөлөп, жол көрсөттүм. Бирок устат болуу таптакыр башка нерсе.  

– Маегиңиз үчүн рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан