Күлкүлүү турмуштук баяндары, “топа кылдым”, “прикинь” деген сөздөрү менен өзгөчөлөнүп турган блогер бар. Ал – Жазгүл Аматова. Блогерликке кантип келип калганын, жумушун, идеялар кантип жараларын жана башка кызыктарын айтып берди.
– Жазгүл айым, алгач сиз менен жакындан таанышсак...
– Макул. Мен Ноокаттын Кыргыз-Ата айылында туулуп-өскөм. Учурда 43 жаштамын. Жолдошумдун кичи мекени – Алайдын Жүркүн айылы. Мурун Ошто жашаганбыз, азыркы тапта Бишкекте батирде турабыз. Блогерликтен тышкары, Бишкектеги бир соода борборун жууп-тазалап иштейм. Маңдай тер менен акча таап жаткандыктан бул ишимди ачык айтуудан уялбайм. Ал тургай бир жолу катталуучуларымды швабра, чака менен тааныштырып ролик тарткам. Жолдошум базарда соода кылат.
– Блогерликти качан, эмнеден улам баштагансыз?
– Баары мындан 4 жыл мурун Тик-токтон башталды. Кичинемден ырдап, бийлеп, шаңдуу жүргөн адаммын. Бир жолу көп үй-бүлөлөрдө кезиге турган күлкүлүү көрүнүштү диалект сөздөрдү кошуп баяндап Тиктоктон кыска видеоролик тартып жүктөп койсом, жакшы каралды. Эртеси дагы бирди тартып жүктөсөм кароо көп болду. Бул менде ишеним жараткансыды. Ошентип акырындап блогерге айландым. Бир ирет кайгылуу ролик жүктөсөм эл жакшы кабыл албады. Ошондо тамаша жакшы өтөт экен деп жыйынтык чыгардым.
– Мактагандар гана эмес, сизди сындагандар да болуш керек?
– Албетте, бирин-серин терс пикир жазып калышат. Аларга маани деле бербей калдым. Башкысы, көпчүлүккө жакса болду да. Учурда 40 миңдей катталуучум бар.
– Блогерлик сизге киреше алып келе баштадыбы?
– Өзүм тарткан видеороликтер күнүнө 2 миң сомдой акча алып келет. Андан тышкары туулган күн, той ээлерин өзгөчө куттуктоого, бир нерселерди жарнамалоого буюртма түшсө, алардан да ушунча киреше түшүп калат. Жарнамалар 1 мүнөткө чейин созулат. Кыскасы, 1 күндө 2000-5000 сомдун тегерегинде каражат табам. Башында жарнама, туулган күндөр үчүн бекер видеоролик тартып бере берчүмүн. Кийин убактым, идеям, энергиям кетип жаткандыктан төлөнүшү керек деп калгам.
– Киного тартылууга сунуш түшүптүр деп уктум эле...
– Бир тасмага сунуш түшүп, кастингден өткөм. Анан чакырышты эле барсам, “костюмду өзүңүз тиктиресиз, тамак-аш өзүңүздөн болот, акысыз тартыласыз” дешти. Тасма ар кайсы аймактан тартылат экен. Ага убактым жок, анын үстүнө гонорар төлөшпөй тургандыктан баш тарттым. Эгер акы төлөйм деген режиссёрлор чыкса, тартылып бермекмин.
– Убактым жок деп калдыңыз, блогерлик ишиңиз көп убактыңызды алабы?
– Видеороликтерди тартып, жүктөө – менин күнүмдүк башкы ишиме айланды. Бул үчүн тынбай жаңы идеяларды ойлоп таап, күндө ар башкача кийинүүгө туура келет. Видеолорум бири-бирине окшош болуп, катталуучуларым зеригип же кирбей калышпасын дейм.
Эл эртең менен жумушка жөнөгөндөй эле мен да туруп эле ишиме киришем. Кечке иштеп энергиям кетет, чарчайм. Кечке сүйлөп кээде үнүм чыкпай калат. Ошого муздак эч нерсе ичпей, сүт ичип үнүмдү этияттап турам. Бул арада пол жууган ишиме да барып келишим керек болот. Учурда видеороликтердин саны Инстаграмда 300дөй, Тиктокто 600дөн ашык. Бири-бирине окшобойт, бул да эмгегимдин үзүрү. Туулган күн, тойго буюртма түшкөндө каармандар кайда, ким болуп иштейт, кайда жашайт, баарын сурап-билип, ошого жараша тамашалуу кылып куттуктайм. Сөздөрүм адамдын аброюна шек келтирбегидей болушу зарыл. Болбосо, юридикалык жактан жооп берип каласың. Жакпай калса да эмгегиң текке кетет, муну да эске алам.
– Уюлдук телефондон бирөө менен сүйлөшүп жаткандагыдай образыңыз кызык...
– Башында экранга түз карап сүйлөчүмүн. Андайда айткандарым бирөөлөргө тийип калышы мүмкүн экен. Ошондуктан ушул образды ойлоп тапкам.
– Жолдошуңуз, балаңыз блогерлик ишиңизге кандай карайт?
– Жолдошум башында жакшы түшүнбөй, “эл эмне дейт?” дегендей кылып каршы болгон. Бирок кийин түшүнүп, анын үстүнө киреше түшүп жаткандыктан унчукпай калды. Балам, кайын журтум да колдойт. Көчөдөн мени таанып калгандар болуп жатат. Мени менен сүрөткө түшкүлөрү келсе, жакшы сүйлөп, сүрөткө түшүп коё берем. Анткени катталуучуларымды сыйлайм.
– “Топа кылдым”, “э өлаа” деген сөздөр сиздин кадимки лексиконуңузда бар сөздөрбү же атайын образ үчүн ойлоп тапкансызбы?
– “Топа кылдым” деп кичинемден сүйлөйм. Үйдөгүлөр, туугандар мени издеп калышса “баягы топа кылдым кайда жүрөт?” деп калышат. Бул – менин төл сөзүм. “Э өлааны” кийин эле сүйлөп калдым. Бул жакшы сөз эмес, ошого таштайын дейм, бирок сүйлөп көнүп калганга андан арылуу кыйын болууда. “Зор”, “прикинь” дегендер да төл сөзүм. Бирок ишенсеңиз, эл ушул сөздөрдү кызыктуу, башкача угулгандыгы үчүнбү, айтор, сөзсүз кошуп сүйлөшүмдү каалашат. Буга өзүм да таң калам. Күлкүмө келсек, айрымдар “атайын жасап, кылыктанып, чойроңдоп күлөт” дешет. Ал да өзүмдүн табияттан берилген күлкүм. Бирок кээде ролго жараша башкача, жасалма күлгөн учурларым да бар.
– Тамашаларды, юморду кантип табасыз?
– Күнүмдүк эле жашообуздан алам. Мисалы, семирип кеткен аял күйөөсүн күнөөлөгөнү тууралуу видеролигим бар. Бул биздин жашообузду чагылдырат. Жолдошум гречка жебейт. "Манты, оромо, лагман жаса" дей берет. Анан андай камыр тамактарды жей берсең толосуң да. Ошого "сага тийген кезде арык элем, сен семирттиң" деп калсам, ал “сени жакшы бактым да” дейт. Ушундан улам тартылган ролик.
Дагы бир видеоролигимде ооруканада жаткан аял өзүн көргөнү келген күйөөсүнө “азыр мага тамчылатма дары саят, ошону тартып ал да дос-жоролор, кошуналар, менин туугандарымдын вотсап тайпасына жөнөт” дейт. Күйөөсү “эмнеге?” десе, “тамак-аш алып келип турушат, ушуну да билбейсиңби” дейт. Күйөөсү кайра “эмне үчүн кайын журтуңа жөнөтпөшүм керек?” деп сураса, “сенин туугандарың келинибиз оорукчан экен деп мени чанып кетишет” дейт. Ушундай, юмор катары айтылганы менен, ачуу чындыктын үзүмү бар болуп жатпайбы.
Дагы биринде “күйөөмө башка аккаунттан жазсам, ал аялы менен ажырашып, мага үйлөнмөк болгону” көрсөтүлөт. Бул социалдык тармактар кээде тескери жашоого да жол ачып жатат дегендик.
Кыскасы, базар кыдырганда, унаада баратып, тойдо отуруп, айтор, кызыктуу көрүнүштү көрүп же угуп калсам дароо телефонумду алып сүйлөп жаздырып коём. Үйгө барганда аны кеңейтип иштеп чыгып, юмор сөздөрдү кошуп, видеоролик тартам.
– Элге жылмаюу тартуулап жүрө бериңиз! Сизге ийгилик!
Канымжан Усупбекова