– Ай, жеңе, ушу кийиттер жакшы болду.
– Ээ? Жакшы болсо эле болду, жалгыз кызыбыздан эмнени аямак элек? Себи да жакшы болсун, бактысы бийик болсун.
– Жеңе?
– Ии?
– Тиги Маржандын тоюна сиңдиңизди чакырбай эле койсоңуз болмок
экен... – кошуна келин бүдөмүк бир нерсенин четин кыйыткансыды. Зуура ойлоно түштү. Жооп бергиси келбедиби же эмне деп жооп бериш керектигин билбедиби, белгисиз эле. Кулагын канчалык төшөсө да эжесинин жообун Назгүл уга албады. Таң атканча көз ирмеген жок. Баары той менен алек, бир гана Назгүл эмне кыларын билбей чоочун адамдай, бир четте турду. Башка адамдын тою болсо да бир жөн. Маржандын тою! Тамагына тыгыла калган ызаны араң жутат. Ага болбой көз жашы өзүнөн-өзү агып жатты. “Кара башымды жутайын, эмнеге ыйлайм? Маржан бактылуу болсун” дейт да, кайра эле жаны кейийт.
Маржан үчүн Назгүл Москвада жашап, иштеп жүргөн таежеси гана эле. Андан ашыкты билчү эмес. Үч агасынын көлөкөсүндө чоңойгон кыз эрке болчу. Тою болор күнү да агаларынын ортосунда эркелеп жатты. Зирек, сулуу, боорукер кыз болуп чоңоюптур. Маржанды карап бир ыйлап, бир кубанат Назгүл. Жүзү дал өзүн тартыптыр, бою узун болуп, келбети атасын тарткан экен. Атасы...
Ызасын ичине жутту. Эртең менен бар күчүн жумшап Маржандын жанына барды.
– Маржан...
– Таеже?
– Менин сага белегим бар эле.
Сумкасынан алып чыгып, бриллиант көздүү сөйкө салды. Тургандардын баары таң кала карап калышты. Зуура көрбөйүн да күйбөйүн дедиби, сыртка чыга качты.
– Маржан, бактылуу бол. Мен...
Ыйлагысы келип кетти, бирок өзүн токтотуп турду. Анткени коңшу-колоң, тууган-урук анын жаза тайып жаңылышын каалап тургандай эле. Сүрдөп кетти.
– Рахмат сизге, таеже. Бирок мынчалык кымбатын албай эле койсоңуз болмок. Өзүңүз кыйналып иштеп жүрсөңүз. Дагы жакшы, үй алып алдыңыз.
– Сен мындан да кымбатына татыктуусуң, Маржан!
“Кызым” дей албады. Көмөкөйүндө катылуу турган ушу сөз чыгып кетсе эле бир нерсе болчудай сезилип кетти. Канчалык каалап турса да айта албады. Акысы жоктой сезилди. Анткени ал ажырашып кеткенде эки айлык наристени эжесине берип жатканда жездесинин жалынганы бар. “Назгүл, Маржанымды өзүмдүн кызымдай карайм. Сен эч капа болбо, эч нерседен кем кылбайм. Көзүм өткөнчө атасы болом, бирок кийин кызымдын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып “кызым” деп келе көрбө. Сен жашсың, дагы балдарың болот” деген эле. Байкуш киши аябай жакшы киши болчу, убадасына турду. Маржанды өз канынан жаралган кызынан артык карады. Бирок тоюна жетпей көзү өтүп кетти. Назгүл жездеси айткандай турмушка чыгып, башка балалуу боло албады. Балким, ошондой болсо эки айлык кезинде калган кызы жанын мынчалык сыздатпайт эле. Алаксыйт беле... Ууз сүтүн берип, бейиштей жытын жаттаганын эч унута албай койду. Жарасы ачык боюнча калып, канат берди. Убакыт учту, 19 жыл өтүп, минтип бой жетип тою болуп отурат. Өзү ошо Москвага миграцияга кеткен боюнча анда-санда мекенине келбесе, көп келбеди. Алдында турган жадыраган кыз өз апасы башка экенин билген жок. Таежесинин сулуу, бирок кайгылуу көздөрүнүн сырын окуй албады. “Таежесине окшош” деп коюшчу. Чын эле окшош эле...
ххх
Той ресторанда дүңгүрөп өтүп жатты. Кашы-көзү кара, ыйманы ысык, жадыраган күйөө баланы улам карап коюп жатты Назгүл. Ичи жылыды. Кызын ыйлатпай, капа кылбай багып алат деп ишенип турду. Ылайым бактылуу болсо экен. Дайыма ушу күндөгүдөй кабагы ачык, бактысы мелт-калт толуп турсун ылайым. Той бүткөнчө кызы менен күйөө баласынан көз албай, аларга Жараткандан бакыт сурап дирилдеп турду. Бир кезде босогодон тааныш караанды көзү чалды. Жакшылап караса, мурунку күйөөсү, Маржандын атасы Кылыч экен. 19 жылдан бери көрө элек болсо да дароо тааныды. Жүрөгү шуу дей түштү. Азыр тойду бузуп “менин кызым” деп жибереби деп коркту. Шашыла басып жанына барды. Ал да дароо тааныды.
– Назгүл?
– Сен эмне келдиң?
– Менби, мен көргүм келди.
– Бас, жүрү эшикке...
Жеңинен сүйрөп дегдеңдете сыртка чыгарып кетти. Кылыч анын жетегинде баратып аркасына кылчайды. Кызы менен күйөө баласы ак бийге түшүп жатышкан экен. Эркине койбой Назгүл алып чыгып кетти.
– Эмне керек сага? – деди демиккен аял.
– Менин да кызым. Турмушка чыгат экен деген кабарды укканда тынч ала албай койдум. Жок дегенде бир жолу көргүм келди. Мен эч кимге билинбей эле четте туруп кызымды карап кетип калмакмын. Сен аны да көрсөтпөй койдуң.
– Кызым дебе сен! – деп чаңырып жиберди Назгүл.
– Кызым экени калппы?
– Аны кызым дегенге сенин да, менин да акыбыз жок. Ошону билесиңби сен?
– Билем.
Назгүл энтигип турду. Жылдар бою жыйылган ачуусун, ызасын чыгарып бакырып алмак, балким. Бирок Кылычтын эки ийинин түшүрүп “билем” деп оор үшкүргөнү аны токтотуп калды. Угушуна караганда, Кылыч кийин үйлөнүп, эки балалуу болгон. Эбак эле өзүн, кызын унутуп койду деп ойлогон. “Кызымды бир көрүп алайын” дегени...
Кылычтын абалы мунукунан артык эмес экенин сезди. Дал өзүнүн жүрөгү кандай канап турса, мунун жүрөгү дал ошондой ооруп турганын түшүндү. Шалдырады. Ал арада кызды күйөө бала көтөрүп машинага салганын, баары алакан жайып бата берип, узатып калып калганын көрүштү. Караңгыда жашынып турган эки адам ата-энелик укугун жоготуп койгон эки бечара эле. Экөө кызынын аркасынан караган боюнча ошол жерде тура беришти. Биринчи Назгүл эсине келди. Жөнөп калды эле, аны Кылыч чыканактан ала токтотту.
– Коё турчу.
– Эмнеге?
Колун тарткылап тикчие тиктеген аялга тике карай албай колун аргасыз коё берди.
– Сүйлөшсөк дегем...
– Сөз барбы бизде?
– Сен дайым ушундайсың. Эч өзгөрбөгөн экенсиң. Дайыма кескинсиң, бирөөнүн акыбалына карап ойлонбойсуң. Мурун да сөзгө келбей кетип калгансың. Ошол окуяда менин эч бир күнөөм жок болчу.
– Кандайча? Сен апаң айткан сөзгө ишендиң, мага жапкан жалаага ишендиң. Ак экенимди билип туруп, мени коргоп кала албадың. Мен кетпегенде эмне кылмакмын?
– Анын баары болбогон бир нерсе болчу да, Назгүл. Бир аз убакыт берсең эмне? Мен акыл-эсимди жыйып, бир нерсени түшүнгүчө кызыбызды эжеңе бердиң да кетип калдың. Сени сыйпалап таппай калдым. Москвага кетип калыпсың. Кийин да издедим.
Чын эле ушундай болгон. Болбогон бир жалган жалаанын айынан жаркыраган үй-бүлө жок болуп кеткен. Назгүл эми гана эсине келди. Ошондо жок дегенде бир жолу күйөөсүн укпаган экен. Азыр айтса аныкы эп тура. Бирок бир өмүрлүк ката. Кылычтын андан кийин деле турмушу жыргап кетпептир. Кийинки үйлөнгөн аялы менен да ажырашып кетиптир. Балдарын ала кетиптир аялы. Жалгыз экен азыр. Кыскасы, бул окуядан эч ким бактылуу болбоптур. Күнөөлүү адамды таба алышкан жок. Күнөөлүү делгендер деле эбак жер алдында. Тагдырга таң берди Назгүл. Чынын айтканда, булар бала тура. 19-20 жаштарда баш кошушкан. Бир аз тажрыйбасы болгондо, сабыр болгондо мындай катачылык болбойт беле... Ушунча жыл өзүн курмандык санап, күйөөсүн жек көрүп жүрчү экен. Азыр боору ооруй түштү.
– Назгүл?
– Ии?
– Азыр деле, балким, кеч эмес.
– Кайдагыны айтпачы...
– Мындан аркы өмүрүбүздү бири-бирибиз үчүн өткөрсөк кандай болот? Сенден кийин мен эч бактылуу боло албадым. Сен дагы менден кийин бакыт таба албаган экенсиң. Биз эрте үйлөндүк. Эрте ата-эне болдук. Азыр 40 жашка эми кирдик. Ал эми кээ бирөөлөр кырк жашында биринчи жолу баш кошуп жатышат го. Жашоону жаңыдан баштабайлыбы? Балким, биз үчүн да кеч эместир.
– Кеч эмес дечи?
– Кызыбыз дагы кечирет бизди... Мени тартса кечирет. Кечирбесе деле мейли. Биз анын ата-энеси экенибизди билсе болду.
Назгүл баш ийкей да, чайкай да албады.
ххх
Бир жыл өттү. Кылыч менен Назгүл жарашып, дагы бир кыздуу болушту. Кызы Маржанга чындыкты айтышты. Ортодо 19 жыл таптакыр болбогондой бактылуу жашап жатышты. Жашоодо кээде чын эле эч нерсеге кеч эместей!
Айлин Д.