Севиль: «Мурдум оң бетиме жылып кеткенде токтоттум...»

Севилдин ырчылык карьерасындагы ийгилик оту «Artik & Asti» дуэтине келгенден баштап жанды. Учурда анын орус тилдүү мамлекеттердин көбүндө күйөрмандары бар. Спортчу, мугалим же болбосо ырчылык... Бул кесиптердин баарынын күнгөй-тескейин жон териси менен сезип көргөн да, акыркысын тандаган. Музыкалык диплому жок таланттуу ырчы Севиль менен жакындан таанышабыз.

 

Толук аты-жөнү: Севиль Велиева

Туулган жери: Өзбекстан, Фергана

Туулган жылы: 1992-жыл, 20-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Бою: 175 сантиметр

Кесиби: ырчы, «Artik & Asti» дуэтинин солисти

Белгилүү чыгармалары: “Гармония”, “Кукла”, “Мир сошёл с ума”, “За горизонт”, “Вселенная”,
“Гори, гори” жана башка

Өзбек эмес, татар

Өзбекстандын Ферганасында төрөлгөн десе өзбек улутунан экен дебеңиз. Анын ата-теги крымдык татарлар. Севиль 3 жашка чыкканда үй-бүлөсү мекенине кетүү чечимине келип, Украинага көчүп кетишкен. Кичинекейинде жакындары “тыйын чычкан” деп эркелетишчү, анткени бир орунда тура албай ары секирип, бери секирип, анан да көп ырдайт эле. Ашыкча энергиясын бир жакка буруу максатында ыр, бий, жеңил атлетика, ок атуу, барабанда ойноо ийримдерине бара баштаган. Тарсылдаган кызын апасы назик болууга, этикеттин эрежелерин үйрөтүүгө аракет кылчу. Атасы болсо өзүнө тура алган, бекем, эр жүрөк, анан да профессионал спортчу болушун каалап, 5-класстан баштап күрөш мектебине киргизип койгон. Мектепте карате багытын тандаган.

“Апам спортчу болуума, машыгууларга каршы чыкты. Анын оюнча, мен “леди” болуп көйнөк, шиш така кийип, боёнуп-жасанып жүргөндү үйрөнүшүм керек эле. Атам тескерисинче, мен катышкан ар бир кармашка барып, “Севиль, сок! Севиль, теп!” деп сүрөп турчу. Бир жолку кармашта ушунчалык катуу сокку алып, мурдум оң бетиме жылып калган. Бетимди шишик басып, көзүм көгөрүп, мурдум сынып кыйшайган абалымды азыр күлүп эстегеним менен, ошол учурда коркунучтуу эле көрүнүш болгон. Врачтар улам ооруну басаңдатуучу дары беришет. Атам апама кантип айтышты билбей сарсанаа. Ал учурда Украинанын улуттук курама командасында элем. Анан ойлондум, мен баары бир кызмын да, бул жаракат биринчиси болгону менен, акыркысы деп ким айтат?! Өзүмө ушул суроону бердим да, каратени токтотууну чечтим”.

Филолог

Спортто 5 жыл жүрүп, карьерасы карате боюнча күрөң курдун ээси жана спорт чебери болуп жыйынтыкталган. Ата-энеси үчүн ырчылыктын баасы жок эле. Жогорку окуу жайга аттанганда тарых-филология факультетине тапшырган. Студенттик күндөрүнүн алгачкы жылдарынан эле бала кездеги ырчы болуу кыялын ишке ашырууга аракет кылды. Украинада өткөн «Х-Фактор», «Суперзвезда» музыкалык сынактарына катышты. «Люди Т» КВН командасынын мүчөсү болду. Ата-энесинин колун карагысы келбей, жумушка да орношуп алган. “Макдональдс” тамак-аш түйүнүндө алгач кассирликтен баштап, администраторлукка чейин көтөрүлгөн. Окуусун да таштабай, кызыл диплом менен аяктап, магистр наамын алып чыккан.

Ишеними жок ырчылык

Севилдин эч кандай музыкалык билими жок, үйүндө өзү репетиция кылып, күзгү алдында ырдап чоңойгон кыз. Кийин өзү акча таап калганда гана атайын вокалдан сабак алган.

 Бир күнү таежеси Орусияда өткөн “Голос” сынагы тууралуу айтып, ага катышууга үндөйт. Сынакта ырчы Леонид Агутиндин командасында ат салышып, бирок финалга жетпей калган. Ошентсе да дал ушул музыкалык сынактан кийин анын жүзү чыгармачылык дүйнөсүнө таанылып, жеке карьерасын түптөөгө старт бергенин айтат ырчы айым.

“Ата-энем көп убакыт ырчылыгымды кабыл албай жүрүштү. Эми-эми гана ойлору өзгөрүп келе жатат. Алардын оюн өзгөртүш үчүн канча эмгек, чыр, истерика, көз жаш короду. Ырчы катары ордум бар экенин өжөрлүгүмө салып далилдегим келчү. Эч ким мени үйрөткөн жок, окуткан жок дегендей. “Голос” долбоору мен үчүн баарына далилдегенге мүмкүнчүлүк болду”.

“Сүйөм жана сүйүктүүмүн”

Бойдок адамдын артынан сөзсүз сүйүү жаатында сөз ээрчийт эмеспи. Ырчы айым жеке жашоосун жашырганы менен болбой, анын ырчы TONI (Антон Гайворонский) менен кыз-жигит экени тууралуу сөздөр айтыла баштаган. 2024-жылы бир интервьюсунда Севиль ачыкка чыгып, “Антон экөөбүз бири-бирибизди укканды билебиз. Жумуш менен жеке жашоону ажырата алабыз. Бактылуумун, сүйөм жана сүйүктүүмүн” деген.

«Artik & Asti»

Өзүнө таандык ырларды 2020-жылдан баштап чыгара баштаган. Эгер уга элек болсоңуз, “Химия”, “Хулиган” деген чыгармаларын сунуштайбыз. Ошол жылдары орусиялык «Artik & Asti» тобунун популярдуулугу артып турган убак эле. 2021-жылы топтун солисти Анна Дзюба жеке ырчылыкка өтөрүн жар салып угармандарын таң калдырган. Анан топ тарайбы же жаңы солист келеби деп турганда, 2022-жылы «Artik & Asti» дуэтинин жаңы солисти катары Севиль жарыяланды. Албетте, башында Севиль менен Аннаны салыштыруу көп болду, түрдүү сын-пикирлер айтылды. Бирок Севиль бардык сыноодон өттү, анткени ал атасынын күчтүү, эрктүү жана жөнөкөй кызы болчу. Учурда ал балалык кыялына жетип популярдуу ырчы болду, керекпи, алып баруучу болууга да жетишип жатат.

Севиль тууралуу кыскача

* Тамак жасаганды жакшы көрөт. Креветка менен паста жана эттүү пирог “өздүк” тамактарынын катарында.

* Чач жасалгасын өзгөрткөндөн коркпойт. Анын социалдык тармактардагы баракчаларынан түрдүү түстөгү, ар башка чач жасалгалар менен түшкөн сүрөттөрүн табасыз.

* Йоркшир терьер породасындагы ити бар.

 Баалаган кинорежиссёру – Люк Бессон.

* Үйдө тазалыкты баалайт, бардык жер таза, чаң жок болушу керек. Ак байпактарды таңгак-таңгак кылып аларын, бир кийгенден кийин ыргытарын айтат ырчы айым.

* Келбетин бир калыпта алып жүрүү үчүн фитнес менен машыгат.

 

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан