Айдай Кадырова, диджей: “Таң атпай Кыргызстанды ойготуу – менин милдетим”

Шаңдуу үнү менен таң эрте угармандарды ойготуп, маанайын көтөргөн сулуу кыз бар – ал “Кыргызстан обондору” радиосунун диджейи Айдай Кадырова. Эфирде шаңдуу, жашоодо “скромная”, табиятты сүйгөн, жигиттердин тегине маани берген диджей кыз менен жакындан тааныштырабыз. 

 

– Саламатсызбы, Айдай? Алгач сиз менен таанышып алсак, микрофон сизде...

– Саламатсызбы, өзүм тууралуу кыска-нуска айта кетейин. Оштун кызы болом, төрт бир тууганбыз, эки агам, бир эжем бар. Түбүм Оштон болгону менен, Бишкекте өстүм, ушул жактан орто мектепти бүттүм. Азыр 27 жаштын суусун ичип жатам.

– Радиого, диджейликке кантип келип калгансыз?

– Радиого кокустан келип калгам. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте 2-курстта окуп жүргөндө кайсы бир сабактан студиядан үн жаздырып калдык. Азыр эмнеге жаздырганыбыз деле эсимде жок. Үн жаздыргандан эки-үч күндөн кийин кураторубуз “Кыргызстан обондору” радиосуна силерди чакырып жатышат, үнүңөрдү жактырып калышыптыр. Үч-төрт кыз барып келгиле” деп калды. Ал убакта азыркы кесиптешим Азат Муратов дагы биздин университетте, журналистика факультетинде окучу экен. Радиодон ошол байке кабыл алды бизди. Сүйлөтүп көрүп, “бизге жактыңыз, бир жумадан кийин байланышабыз” деп телефон номеримди алып калышкан. Анча деле ишенген эмесмин, бирок бир жумадан кийин чакырышты. Барсам, мени тандашканын айтышты.

“Кыргызстан обондорундагы” устатым Нурзада Жолдошева эже. Ал эфирде кантип сүйлөш керек, өзүңдү кантип абалдан чыгарышың кажет, айтор, радиодогу бардык нерсени ийне-жибине чейин үйрөттү. 2015-жылы баргам, радиодо иштеп жатканыма быйыл 10 жыл болуптур. Учурда “Эрке таң” шоу-программасын алып барам. Таң атпай Кыргызстанды ойготуу – менин милдетим (күлүп). Андан тышкары күн бою бош болгонума байланыштуу, көңүлүмө жаккан башка жумуштар менен алек болом. Кээде жарнамалык роликтерге тартылам.

– Сөз байлыкты кантип өстүрөсүз, балким, диджейлердин атайын ыкмалары бардыр?

– “Күнүгө китеп окуйм” деп мактана албайм. Макал-лакаптарды жаттап, колдон келишинче убакыт таап китеп окуганга аракет кылам. Башка ыкмалар деле жок.

– Эфирдеги кызыктуу окуялардан сурабасам болбос...

– Буга чейин “Эрке таңды” үч диджей алып барчубуз. Бир жолу кесиптешим Абай Темировдун алдындагы, угармандардан СМС келе турган компьютерге бир нерсе болуп экраны ачылбай калды. Шашылышта өзүм СМС ойлоп таап айтышым керек болду. СМС билдирүүнү окуп, аягында аны жиберген адамдын аты-жөнүн, телефон номерин айтуу керек эле. Ойдон токулган СМСти окуп бүтүп, авторун айтайын десем эле оюма эч бир ысым келбейт десеңиз. Анан улуу композитор Атай Огонбаев менен күү атасы болгон Нурак Абдрахманов эсиме түшө калып жатпайбы. “Бул билдирүүнү Нурак жана Огонбай жөнөтүптүр” десем кесиптештерим боору эзилгиче күлүшкөн. Ал окуяны азыр деле эстеп айтып калышат.

– Айдай жумуштан тышкары эмне кылганды жакшы көрөт?

– Айдай баарлашканды жакшы көрөт. Көңүлүмө жаккан, бир толкунда болгон, жашоодогу баалуулуктарыбыз жана дүйнө таанымыбыз окшош адамдар менен баарлашуудан ырахат алам. Анан курбуларым менен тоо коюнунда эс алганды жакшы көрөм. Тоолор мени өзгөчө өзүнө тартат. Эс тарткан сайын жаратылышка башкача тартылдым, эмнеге экенин билбейм. Балким, шаардын кыжы-кужусунан тажап кетемби... Жан дүйнө тынчтыгын тоолордон табам.

– Жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– “Ушул жигитке турмушка чыгам, ушул менин бактым” дей турган мамиле жок. Тилекке каршыбы же бактыга жарашабы, азырынча билбейм (күлүп). Убакыт сааты чыкпай жатат окшойт.

Кандай мырзалар жагат? Сизге даай албай жаткандар болсо кулагына күмүш сырга болсун...

– Мындан 5 жыл мурун “Айдай, кандай мырзалар жагат?” деп сурасаңыз, азыркыдан таптакыр башкача жооп бермек болушум керек. Оюна эмес, боюна карачумун. Келбети мындай болсун, андай болсун демекмин, балким... Чоңойгон сайын талаптар, баалуулуктар башкача болуп калат экен. Турмуш өзү эле үйрөтүп коёт турбайбы. Кандай жердин уулу, ата-энеси кандай, тууганчылбы, мага болгон мамилеси кандай деп тескеп калат экенсиң. Кулк-мүнөзү жакшы, мырзалык сапаттары бийик жигиттерге баа берем.

– Ал эми өзүңүзгө кандай мүнөздөмө берет элеңиз?

– Радиодо быдылдап сүйлөгөнүм менен, жашоодо көп сүйлөбөйм. Көп укканды жакшы көрөм. Жаңы чөйрөгө бат жуурулушуп, аралашып кете албайм, тартынчаакмын десем болот. Ушул сапаттар мени артка тартып келет. Чыр-чатакка жакын эмесмин, ошондой абал жаралса унчукпай койгонду туура көрөм.

Ал эми жакшы жактарымды өзүмдүн айтканым туура болбой калса керек, аны мени жакшы билген адамдар айтканы дурус го. Негизи адам өзүнө жакшы бааны ойлонуп туруп бербесе, бериши кыйын. Мени жакшы билген адамдардан, кесиптештеримден “зирексиң, бир нерсени дароо улай каласың, илип кетесиң” деген сөздү көп угам.

– Социалдык желедеги баракчаңызды карап ал жакка көп көңүл бурбай турганыңызды байкадым. Кызыкпайсызбы?

– Жеке баракчамды алып барууга таптакыр шыгым жок. Контент жаратып катталуучу чогултайын, жарнама ала калайын, жашоомду жакшыртып жиберейин дегенге такыр жөндөм жок экен (күлүп). Чочугансып бир айда бир тарыхча, бир жылда бир пост киргизип коймоюм бар. Тескерисинче, бирөөлөрдүн баракчасын карап, окуп, кээ бирөөнө фанат да болуп кетмейим бар. Өз баракчасына абдан эмгек сарптаган ийгиликтүү адамдарга суктанып коём. Негизи контент жаратуу көп адамдын колунан келе бербейт. Азыр эми жети жаштагы баладан жетимиш жаштагы карыга чейин эле баарыбыздын колубуздан телефон түшпөй калбадыбы. Жашырганда эмне, “лентаны” тез-тез барактай берем.

– Ушул жашыңызда эң чоң турмуштук сабакты сизге ким же эмне берди?

– Жашоонун өзү чоң сабак. Мага турмуштук сабак болгон адамдар болдубу, болбодубу азыр айта албай турам. Адам негизи эле бирөөгө үйрөтүп, бирөөдөн үйрөнүп жашап келебиз да. Турмуштун сырларын, сабактарын өмүрүбүздүн аягына чейин үйрөнүп бүтпөсөк керек.

– Маегиңиз үчүн рахмат, сизге ийгилик каалайбыз! 

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан