Тачанка – айтылуу Трондун тукуму

Улуттук оюндардын ичинен көркөмү ат чабыш экени белгилүү. Таза кандуу күлүктөр тууралуу баяныбызды улантып, намыс коргогон дагы бир жылкы Тачанка тууралуу кеп козгойбуз. Тачанка 2024-жылы Аргымак федерациясынын жыйынтыгы менен жыл ичиндеги Таласта жана Суусамырда өткөн эң чоң ат салыштарды жеңгени үчүн жыл мыктысынын бири болгон. Жылдын мыкты аламан күлүктөрү болуп ушул Тачанка, Каракыз, Карагер тандалган.

 

“Энеси айтылуу Трон деген айгырдын кызы”

Трон аттуу айгыр учурда Бишкек шаарынын четиндеги Таш-Дөбө айылында багылат. Анын балдары бүткүл Кыргызстан боюнча алдынкы орундарды алып атагы чыккан күлүктөр. Трон болсо дүйнөгө таанымал АКШда туулган таза кандуу күлүк Секретариаттын неберелеринен болорун айгырдын ээси Касымбек Шаршенкулов белгилеп өткөн. Ал эми Тачанканын теги тууралуу аттын ээси, саяпкери Николай Моргунов буларга токтолду:

– Тачанканы Керим байкеден 8 айлыгында 5 миң долларга сатып алгам. Азыр 4 жашта, бир асый. Тачанканын энеси 7 автоунаа уткан Тачанка аттуу байтал болчу. Энесинин атын бул байталга калтырганбыз. Энеси болсо айтылуу Трон деген айгырдын кызы. Атасы асыл тукум айгырлардын бири Нептуна. Аны Керим байке Казакстандан кымбат баада алып келген экен. Нептунанын күлүк чыккан алгачкы баласы Тачанка болуп жатат. 

“Акылдуу, сезимтал байтал”

“Кыздын сыры төркүнүнө маалым” дегендей, аттын мүнөзүн да ата-баладай болуп калган саяпкери жакшы билет. Бул тууралуу сураганымда Николай Моргунов шаңданып, берилүү менен Тачанканын көк беттик, чапчаңдык, тикчийип турган мүнөзүнө токтолду.

– Тачанка – кылдаттыкты талап кылган сезимтал, акылдуу байтал. Бала тандайт, ар бир чабандес эле чаба албайт бул аргымакты. Чаап, уруп койсо ошол баланы эстеп калат, болду, аны жанына жолотпойт, ушундай кекчил мүнөзү бар. Тазалаганда өзүм тазалайм, мага тынч туруп берсе, балдарды тээп, тиштегилеп жиберет. 4 жылдан бери чогуу жүргөнүбүзгө мени аябай жакшы тааныйт, мага эркелеп да алат. Ошого чабандести акырындык менен көндүрөбүз.

Бул жылкыны тандап калышыма энеси себеп болду. Көлдөгү бир ат чабышта энесинин чуркаганын көрүп “ушундан бир тукум алсак” деп кыялданып койгом. Кийин Тачанка туулганын көрүп, Керим байкеден “сатыңыз” деп барып сатып алдык. 

“Былтыр Таласта Карагер менен биринчиликти талашты”

– Тачанканы алгач Кара-Балтада Биринчи-Май айылындагы тай чабышка салдык, анда биринчи болуп келди. Экинчисин Таласка алып барып, ал жактан да биринчи болуп келип 90 же 100 миң сом уткан. Үчүнчүсүндө бир аз эттүү болгонуна карабай тай чабышка салып жиберип, 6-орун менен келип калды. Бул менин катачылыгым болду. Мындан соң кунан болгонуна чейин чапкан жокпуз. Кунан кезинде Бишкектеги элдик ат чабышта, Ысык-Көлдөгү дагы бир ат чабышта биринчи болуп келип, эки машина уткан. Эки жолу экинчи болуп келди. Былтыр бышты кезинде аламан салышта Суусамырдан CR-V автоунаасын, Таластан акчалай баш байгени утту. Бул эки жарышта тең кыргыз, казактын мыкты делген аргымактары атаандаш болгон. Мисалы, Таластагы ат чабышта мурда Лимузин уткан Карагер менен биринчиликти талашты. Кийин ноябрь айында Казакстанга 34 чакырымдык аламан байгеде үчүнчү болуп келди. Ошону менен эс алууга чыгардым. Эки айдан бери даярдап баштадык, буюрса, августта чапсакпы деп турабыз.

“Аламан байгеде баланын салмагы нормадан 500 грамм аз болсо чаптырбайт”

Атты жарышка салууда канчалаган даярдык баштан өтөт. Баары даяр болуп келип, акыркы жоопкерчилик чабандеске берилет. Жеңишке карай жолдо чабандестин кандай эмгеги, орду бар, салмагы канча болгону жакшы деген суроодо саяпкер буларга токтолду:

– Кээ бири бир чабыштагы акысын алсам болду деп кайдыгерлик кылса, кээ бири көзү күйүп, ат дегенде жанын берген, аттын жеген-ичкенин, дем алганына чейин байкап турган, биринчиликке тырышкан чабандестер болот. Мисалы, Керим байкенин Нурэл деген көрөгөч чабандеси бар эле. Ошол Тачанканы кунан кезиндеги биринчи чабышында эле “бул атты кантип чабыш керек экенин түшүндүм, эртерээк айдаш керек экен, акыркы айлампада алдыга башын чыгарыш керек экен, кийинкисинде утам” деп өзү үчүн жыйынтык чыгарды да, чын эле кийинки чабыштарда эки жолу автоунаа утту. Ал рация да колдонбой, ат менен чабандес бири-бирин сезип марага бет алышчу. Нурэлдин салмагы чоңойгондуктан бир жарым жылдан бери Адилет деген чабандести даярдап келе жатабыз. Ал да “Тачанканын сырын түшүнүп калдым” дейт. Акыркы Таласта болгон байгеге ошол бала чаап, баш байгени алган.

Аламанда алыскы аралыкка чабылгандыктан чабандестин салмагына жеңил болгону эле жакшы, 30 килограммга чейин болсо. Негизи аттын көтөрүмдүүлүгүнө жараша 40-45 килограммга чейин чаптыра беришет. Мисалы, аламан байгеде баланын салмагы нормадан 500 грамм аз болсо чаптырбайт. Ал эми кээ бир атка 500 грамм көп болсо оор келип калат. 

“Алгачкы таптаган аргымагым менен бир нече төө, автоунаа уткам”

Тачанканын ээси, саяпкери Николай Моргуновдун кыргызча сүйлөп жатканы бир эсе сыймыктантып жатса, ат таптап, аны жашоосунун бир бөлүгү кылып алганы ого бетер сүйүнтүп турду. Бул кесиптин ээси болуп калышына эмне себеп болгонун сурасам, бала кездеги жылкыга болгон сүйүүдөн жаралганын айтат:

– Айылдагы ат минип жүргөн балдарды көрүп эле ат чаптыргым келе берчү. Ошол кезде Кара-Балтада биздин айылда Керим Өмүралиев деген байке ат кармап, мен ошол жакка 1997-жылдан тартып чабандес болуп барып жүрдүм. Мектептен качып ошол жакка барчу элем. Азыркы белгилүү ат ээлеринин бири Жекиш Батыркулов менен ошол убакта чогуу эки жыл иштедик. Керим байкеде он жылдай чабандес, жардамчы болуп жүрүп, өз алдымча 2008-жылы ат кармап баштадым. Алгачкы таптаган аргымагым Персик деген байтал эле. Ошол 2 жыл жакшы чуркап, бир нече төө, автоунаа уткан. Ал кезде төө көп ойнотулчу. Андан бери деле көп тай, кунан, аламан чабыштарга аттарды таптап келем. Азыркы тапта да Тачанкадан сырткары Карахан, Блондинка деген аттарды кунан чабышка даярдап жатам.

Менин мектепти оңчулуктуу бүтпөй, жогорку окуу жайга тапшырбай койгонум үчүн ата-энем башында нааразы болуп жүрүштү. Бирок мен ушул тармакты тандаганыма эч өкүнбөйм. Анткени жасаган жумушумдан, аттардан энергия алам, өзүнчө эле бир жашоо. Мындан сырткары ушуну менен нан таап, үй-бүлөмдү багып келе жатам, Кудайга шүгүр.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан