25-26-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын акыркы жыйындары өтүп, депутаттар бир катар мыйзамдарды кабыл алышты. Алардын айрымдарына токтолобуз.
Кыргыз тили жөнүндө...
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү көздөгөн мыйзам долбоору 2-3-окууда кабыл алынды. Мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарын, министрлер кабинетинин төрагасын, өкмөт мүчөлөрүн, сот органдарынын төрагаларын, сотторду, прокурорлорду жана мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билүүгө милдеттендирет. Мындан башка да нормалар каралган документте.
Кыйноолорго каршы борбор жоюлат...
Депутаттар өлкөдө Кыйноолорго каршы улуттук борборду жоюуну караган “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-3-окууда жактырышты. Айрым депутаттар мыйзам долбоору 1-окууда каралганда анда “Кыйноолорго каршы улуттук борбор жоюлат” деген норма болбогонун айтып, мыйзамга каршы чыгышты. Демилгечи депутат Марлен Маматалиев аталган борбор Акыйткатчы институтуна кошуларын билдирди.
ЖМК жөнүндө мыйзам...
Парламент 25-июнда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун кайра иштелип чыккан вариантын үчүнчү окууда кабыл алды. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр кабыл алып, бирок президент Садыр Жапаров кол койбой, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган эле. Мыйзамга жарандык коом да “сөз эркиндигин ооздуктайт” деп нааразычылык билдирген.
Баштапкы мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүгүү министрлигинен каттоодон өтүшү керек деп жазылса, кайра иштелип чыккан вариантта Юстиция министрлигинен каттоодон өтүү жетиштүү деп белгиленди. Интернет сайттар ЖМК катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек деп сунушталып жаткан, кайра “редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болот” деп өзгөртүлдү.
Порнографиялык сайттар бөгөттөлөт...
Өлкөдө порнографиялык сайттарды бөгөттөөчү мыйзам кабыл алды парламент. Бул аракетти демилгечилер “коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн” деп түшүндүрүштү. Депутат Дастан Бекешев мыйзам логикага сыйбай калганын айтып “чоңдордун алкоголь колдонуусуна уруксат берип, бирок порнография көрүүсүнө тыюу салып жатабыз. Мамлекет чоңдорго эмне окуп, эмне көрүүнү чечкен ата-эне болбошу керек” деди.
Психологдорду жарнамалоо көзөмөлдө...
“Жарнама жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизилүүдө, тийиштүү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык, жогорку же кошумча билими тууралуу диплому жок адамдардын психологиялык кызмат көрсөтүүнү жарнамалашына тыюу салынат.