Кыргызстанга Airbus учактарын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Кыргызстандын авиапаркын жаңылоо - Airbus үлгүсүндөгү аба лайнерин сатып алуу маселеси талкууланды. Жарандык авиация агенттигинин маалыматына таянсак, 17-июнда Францияда Европа жана Түндүк атлантика чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн авиация органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу жана Ле Бурже эл аралык авиасалонунун алкагында “Индустрия жана инновация күнү” иш-чарасы өтүп, ага аталган агенттиктин башчысы Данияр Бостонов да катышты.

Бостонов Португалия, Түркия, Германия, Испания, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн авиация тармагынын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылат маалыматта. “Индустрия жана инновация күнүндө” Бостонов дүйнөнүн алдынкы лизингдик компаниялары, алардын катарында Blueberry Aviation компаниясынын өкүлдөрү менен пикир алышты. Анда Кыргызстандын авиапаркын жаңылоо, техникалык тейлөө программасын ишке киргизүү, учактардын техникалык абалына мониторинг жүргүзүү системи, Airbus өндүрүшүнөн чыккан учактарды сатып алуу, жүргүнчү жана жүк ташууда эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү темасы талкууланды. 

Кыргызстан лизингге 2 даана Airbus учагын сатып алышы мүмкүн экенин президент Садыр Жапаров 2024-жылы “Airbus Europe” компаниясынын жетекчиси менен жолукканда айткан.

Ал учактарды Бишкек-Париж, Бишкек-Берлин жана Бишкек-Лондон каттамдарына чыгаруу планы бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1176, 27-июнь-3-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан