Парламент депутаты Миргүл Темирбаева 2025-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Баткен облусунан бир дагы окуучу “Алтын сертификат” албаганын Жогорку Кеңештин 26-июндагы жыйынында айтып чыкты.
– Бул эмнени билдирет? Баткенде билим берүүнүн деңгээли түшүп кеттиби? Же окуучулар тесттин алдында жетиштүү маалымат ала албай калыштыбы? Муну иликтеп чыгыш керек. Буга чейин жылда “Алтын сертификат” алчубуз, быйыл бир дагы окуучу албаганы өкүнүчтүү, – деди Темирбаева.
Депутат буга чейин Баткенде лицей, гимназиялардын бүтүрүүчүлөрү жакшы жыйынтыкка жетишкенин, алар жоюлуп кеткенден кийин жыйынтык начарлап кеткенин эл айтып жатат деп кошумчалады. Жакында Раззаков шаарында аскердик окуу жайды ачуу боюнча концепция кабыл алууга катышканын, анда айтылуу педагог Гапыр Мадеминовдун усулун колдонуу сунушталганын айтты.
– Гапыр Мадеминов Лейлекте нөлдөн баштап өзүнүн мектеп-гимназиясын ачкан киши. Анын усулун республика боюнча кабыл алууга умтулушат. Бирок мектебинин абалы начар, эл жаңы имарат салып берүүнү суранып жатат, – деди депутат.