ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 7-июлдан 13-июлга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул аптада өзүңүздү бир нерсе болчудай чыңалуу абалында сезип жүрөсүз. Ички туюмга таянып иш кылганыңыз туура болот. Дүйшөмбү күнү финансыга байланыштуу иш кылбай туруңуз. Шаршемби-бейшембиде бардык көңүлдү жумушка бурганга туура келет. Жумушуңуз ойдогудай жылып жеңилдеп каласыз. Өткөн чакта калган адам жашооңузда кайрадан пайда болушу мүмкүн. Түгөйсүздөр өзүнө ылайык келген адамга жолугуусу мүмкүн, айланаңыздагы бой адамдарга көз сала жүрүңүз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Букачарлардын чөйрөсү алмашат, тагыраагы, жаңы таанышуулар орун алып, келечекте жакшы санаалаштарга айлануусу ыктымал. Өтө бийик кыял коюп алып, анын ишке ашуусун көпкө күтүп калбаңыз дешет жылдыздар. Бизнес тармагында жүргөндөргө аптанын экинчи жарымы пайдалуу келишимдердин ишке кириши үчүн ылайыктуу болот. Балалуу болууну пландап жүргөндөрдүн тилеги аткарылат. Үй жумуштарында күтүлбөгөн жерден туугандардын жардамына ээ болосуз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Апта сиз үчүн жеңил жана оңой башталат. Өзүңүз жөнүндө ушак-айың кеп угасыз, бирок ал сөздөргө теригүүнүн кереги жок. Аптанын ортосунда капчыгыңызга сак болуңуз, коомдук жайларда уурулардын тузагына түшүү коркунучу жогору. Жума күнү жардам сураган адамга кол сунушуңуз керек. Ал адам сизге жакпаса да, ишенич жаратпаса да жардам берип коюңуз. Дем алыш күндөрү киши көп, ызы-чууга оронгон чөйрөдө болосуз, бирок ал атмосфера сизге жагат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Мурдагыдай көпчүлүк убакытты үйдө өткөрүү тартибине бул аптада өзгөрүү кирет. Жеке иштер боюнча же башкалардын чакыруусу менен ар кайсы жакка барганга туура келет. Барган жериңизден энергия алып, позитивдүү маанайда убакыт өткөргөнгө аракет кылыңыз. Аптанын ортосунда жакындарыңыздын жаш балдарын багып берүү өтүнүчүн аткарасыз. Сизге көптөн бери карызын бербей жүргөн адам же акчалай, же кызмат көрсөтүү менен карызынан кутулушу мүмкүн.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жумушуңузда көңүлгө аларлык курч окуялар күтүлбөйт, бардыгы жай ыргакта өтмөкчү. Мындай жай ыргакка көнбөгөн айрымдарга жумуш которуу тууралуу ойлор келет. Туугандар ортосунда пикир келишпестиктер жаралышы ыктымал. Жеке жашоодо түгөйүңүздөн кадам күтө бербей, өзүңүз да демилгечи болгонуңуз жакшы. Апта аягы энергиялык ресурстар бөксөрүп, өзүңүздү чарчаңкы абалда сезесиз. Бир күндү өзүңүзгө арнап, бардык жумуштан баш тартыңыз, жалгыздыкта эс алыңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Өзүңүздү өзгөртүү каалоосу жаралат: адаттарды, кийинүү стилин, чөйрөңүздөгү адамдарды жана башка. Коркпой өзгөртүү киргизе бериңиз, жыйынтыгы сиз күткөндөн да жакшы болмокчу. Ден соолукта көйгөй жаралбашы үчүн уйку режимин жөнгө салыңыз, эрте жатып, эрте туруу керек. Жумушта мурдатан бери топтоп койгон тажрыйбаңыз жардам берет. Достордун бири сизди дос эмес, атаандаш катары гана көрөрүн билип маанайыңыз түшүүсү мүмкүн. Апта соңу үйдө эле болосуз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Ден соолукка көңүл бөлүңүз, сиз күтпөгөн жерден маселе жаралышы мүмкүн. Спорт менен машыгып, маданий жайларга барып, жашооңузга түркүн түс берүү сунушталат. Финансылык абалыңызды жакшырта турган сунуш аласыз. Жан дүйнөңүздүн тынчын алган ойлордон арылуу үчүн медитация жасоо сунушталат. Балдары барлар алардын ийгилигине күбө болуп кубанышат. Бойдоктордо жаңы таанышуулар орун алат, бирок ал таанышуу достуктан романтикага өтпөйт дешет жылдыздар.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Активдүү иш-аракеттерди жасоо убактысы. Негизгиси алдыга кадам жасасаңыз, ийгилик кол алдында болот. Тиш ооруп стоматологдун кабыл алуусунда болушуңуз ыктымал, оорутууну күтпөй алдын ала кабыл алууга жазылыңыз. Аптанын аягында жашаган батириңизден көчүү иштери менен алек болушуңуз мүмкүн. Түгөйүңүздү кызганта турган кадамдардан алыс болуңуз. Сизди эч ким түшүнбөй жаткандай абалда болосуз, бирок мунун баары өзүңүзгө өзүңүз ойлоп тапкан маселе экенин унутпаңыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Апта бир аз жагымсыз маанайда башталышы ыктымал, жетекчилик менен кер-мур айтышуу күтүлөт. Эмоцияга алдырбаңыз, маселе кандай жаралса, ошондой эле тездик менен жок болот. Сиз көзөмөлдөй албаган финансылык коромжулар орун алат. Андыктан каржы жетишсиздиги келип чыгышы мүмкүн. Эски тааныштар менен жолугуп, ортодогу түшүнбөстүктөр, таарынычтар жазылмакчы. Жеке жашооңузга байланыштуу көптөн күткөн жагымдуу окуя орун алат.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Үйүңүзгө сиз анча жактырбаган туугандар келиши мүмкүн. “Жаман тууганды жакшысына алмаштыра албайсың” дегендей, чыдап коюңуз. Аптада өзүңүздү да, жетекчиликти да таң калтыра турган иштерди бүтүрөсүз. Натыйжада карьералык тепкичтен жогорулоо сунушун алышыңыз күтүлөт. Башкалардын түйшүгүн артып жүрүп өзүңүзгө көңүл бурбай калганыңызды байкайсыз. Аба ырайы жакшы болсо таза абада, жаратылыш коюнунда эс алуу моралдык да, физикалык да ырахаттануу тартуулайт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Аптада жоопкерчиликтин, моюнга илинген иштердин көптүгүнөн кайсы бирин аткарарыңызды билбей чачырайсыз. Башкалардын жардамын алуудан коркпоңуз, анткени баарын өзүм жасайм деп жатып ката кетирип алышыңыз толук мүмкүн. Жума күнү “пайдалуу” делген сунуштардан, чакырыктардан баш тартканыңыз оң. Сүйүктүү адамыңыздан жагымдуу сюрприз аласыз. Апта соңу пландалган эс алуунун ордуна үй-чарба жумуштары менен алек болууга туура келет.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Жаңы долбоор, иш баштайм деп турсаңыз, дүйшөмбүнү тандаңыз, ушак-айың кептерге көңүл бурбоо керек. Аптанын экинчи жарымында туугандардын үйүндө болосуз. Бойдоктор, бир эмес, бир нече романтикалык жолугушууга барышы мүмкүн. Убакыттан пайдаланып туура тандоо жасаганга аракет кылыңыз. Кыймылсыз мүлк алуу же үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөнгө ылайыктуу мезгил. Дем алыш күндөрдү достор менен биргеликте пландап, шаан-шөкөт менен өткөрүшүңүз ыктымал.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1177, 4-10-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан