(Башталышы өткөн сандарда)
Акбар ойлуу отурду. Эч бир сөзгө кошулбады. Ою таптакыр башка жакта сыяктуу. Мариям канча жылдан бери күйөөсүнүн мындай абалын көрө элек эле. Эмне болду экен деп ойлонуп жатты. Оо, булар жашоодо көп нерседен өтүштү. Эми баары жайына келип, балдары чоңоюп, түйшүктөн арылып калган убактары ушул. Ойлонуп көрсө баары жакшы эле экен, бизнеси, тууган-урук менен мамилелери, балдарынын, өздөрүнүн ден соолуктары ордунда. Эмнеге мынча ойлуу? Аялы адатта унчукчу эмес. Бирок бул жолу эмнегедир жүрөгү тынчсыз. Күйөөсүнүн эмне деп ойлонуп жатканын билгиси келди. А балким, аялдык алтынчы туюму менен Акбардын жүрөгүнүн тынчсыздыгын билип жатты...
– Сага эмне болду?- деди акырын үн каткан Мариям.
– Бир нерсе дедиңби?- Акбар оор уйкудан ойгонгондой болуп аны карап калды.
– Бир нерсе болдубу?
– Жок, эмнеге антип жатасың?
– Бир топ убакыттан бери ойлуусуң, байкасам баары эле жакшыдай, бирок...
– Аа, менби, жакшы эле баары. Мен бир аз эшикке чыгып дем алып келейин. Уйкум качып жүрөт, сени да ойготуп албайын деп бакчада отура турайын дегем,- шашып кетти. Башка эмне дейт эле...
– Наргиза телефон чалды, көптөн бери телефон албай жатканыңды айтты. Атамды сагындым дейт...
Улуу кызы Америкада окуйт. Аны менен да сүйлөшпөгөнүнө көп болуп кетиптир. Бирок ойлору дагы деле бир жерде болбогон үчүнбү же түшүнүксүз күнөөлүү сезими үчүнбү? Белгисиз. Бирок жашоосунда Айкөл пайда болгондон бери кызына телефон чала албай жүрөт. Ал чалса да албай калчу болду.
– Телефон чалам Наргизага, сен кабатыр болбо.
Көздөрүн ала качты. Мариям аркасынан ойлуу карап кала берди. Булар эрте үйлөнгөн. Ата-энелери кичинесинен эле бешик куда болуп коюшкан экен. Ал заманда ата-эненин айтканына каршы чыгуу мүмкүн эмес эле. Каршы чыкканга шылтоо деле жок болчу. Бири-бирине төп келген кыз-жигит болду да калды. Бир-эки жолу көрүшүп, тез эле баш кошушкан. Үйлөнүп эле борборго келишти. Акбар бутуна туруу үчүн эмнелерди гана кылбады. Акылдуу жигит тез эле жашоонун бир ыңгайын тапты. Көп иштерди кылды. Тикмечиликти баш кылып, шоу-бизнести төш кылып, айтор, көп электен өттү. Бирок кайра бардык нерсесинен ажырап калган убакыт да болду. Кайра бутуна турду.
Энеси катуу ооруду, бир тууганын жерге беришти. Айтор, жашоолорунда кандай кыйынчылык болбосун, аркасында унчукпаган зоо сымал ушул аялы турду.
Мариям күйөөсүнөн башка бир дүйнө көргөн жок. Дүйнөгө да анын көзү менен карачу. Төрт баланы төрөп, аларды тарбиялап, үйдө мыкты тыл болуп бере алды. Окуйм, чокуйм, өнүгөт элем деп башка аялдардай шарт койгон жок. Өтө ишенимдүү дос, мээримдүү жар боло алды. Бирок, бирок...
Акбар ушу жашына келгенде гана жашоосунда чоң сүйүү болбогонун түшүндү. Акылын алып учурган, каныңда бууракандап кайнаган, ток ургандай турган ордуңда катып кала тургандай сезим бар экенин Айкөлдөн кийин сезди. Андан өзүн бөлүп көрө албай калды. Бул аялын жаман көргөндөн эмес эле, аялын чексиз сыйлачу, жакшы көрчү, аны менен кошкон тагдырына ыраазы эле. Бирок андагы тогузунчу валдай болуп оргуштаган сезимди Мариям бере албаганы да акыйкат болчу. Балким, жашоо деген ушу экен деп, бар жашоосуна ыраазы болуп өтүп кетмек. Бирок тагдыры ага ушу кызды туш кылды. Жолунан чыгарды. Уктап жаткан бардык сезимдерин селт эттирди.
Анын башына келгендерди көргөндөн бери жаны жай албайт. Айдардын абалын уккандан бери кыздын тагдырына кейийт. Же бир жардам бере алсачы. Бүгүн эле ал тууралуу укту. Ошого ою онго бөлүнүп отурган эле.
– Аскар сулуу ырчы кыз издеп жатыптыр, анын долбоорундагы башкы каарман Айкөл деген кыз эмес беле... Ошол кетип калыптыр. Аскар аябай жини келип жатат,- деди чогуу чай ичип отурган таанышы.
Акбар Айкөлдүн атын укканда жандана түштү.
– Ии, эмне болуптур?
– Ал кыз кетип калыптыр. Баары даяр болгондо долбоорду таштап туруп кетип калыптыр, элестет.
– Кайсы жакка?
– Айылга дейт. “Мээси жок кыз экен” деп сөгүп жатат Аскар.
– Толук айтып берчи, эмне болуп кетиптир?
– Айкөл деген кыз бар го. Жолдошу жол кырсыгына кабылганбы же эмне болгон, аки- чүкүсүн толук билбейм. Кыскасы, жанагы кыз эки жума мурун баарын таштап, "күйөөмдү карайм" деп кетип калыптыр. Өсө турган кыз болчу деп ага бир кайгырып, долбооруна бир кайгырып, кыз издеп жатат Аскар.
– Кайсы айылга?..- деди оозунан сөзү түшкөн Акбар
– Эмне кайсы айылга?
– Тиги кыз.. Айкөл кайсы айылга кетиптир?
– Анысын ким билет...
Ошону менен каршысындагы адам башка жаңылыктарды айтып баштады. Акбар ошондон бери кызыктай абалда. Айкөл кайда кетти? Аны эми өмүр бою көрө албай калабы? Анын мындан аркы тагдыры эмне болот? Кантип анын бул шаарда жок экенине чыдайт? Суроолор көп, жооп жок. Мурун жок дегенде бир шаарда экенине каниет кылчу. Азыр белгисиздик жанын сыздатып жатты. Кааласа таап алышы беш мүнөт дечи, бирок тапканда эмне өзгөрөт? Кайра канайт жарасы, анын кыйналганын көрүп кайра жан азабы башталат. Балким, ушул боюнча эч нерсе болбогондой унутулабы бул кыз... Унутуп коюуга да кыя албаган бир сезим кыйнап жатты аны. Азыр жылдыздуу түндө жаны жай таба албай, өз үйүнө бата албай жатты. Жылдыздуу көктү карады.
– Калаксыз кантип турат кайык көлдө?
Каралдым, кантип жашайт балык чөлдө?
Өмүрлөш түгөйүңдү билип туруп,
Өзүңдү сүйүп калган айып менде...
Кайсы бир жылдары ушул төрт сап ырды жан дили менен созгон ырчыны карап, анын көзүнөн чыгып-чыкпай турган тамчы жашты көргөнү эсинде. Бир келинга ашык болгонун да укканы бар эле. “Кантип ушундай болсун, адам деген акылы менен баарын башкарыш керек го. Жөн эле жинди боло береби?” деп ырчыга астейдил таң калып турганы эсинде. Көрсө, түтүнсүз күйгүзгөн нерсе болот тура жашоодо. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй, акылың бар болуп туруп жок болгон абал болот тура...
ххх
Так ушул жылдыздуу түндө Айкөл да жаздыгына тамчылаган жаштарына ээ боло албай жаткан. Келгенден бери кайын журтунун кылыгы көңүлүнө көк таштай тийди. Кирип-чыккандын баарына кайын энеси “ушул аялын ээрчийм деп барып кырсыкка кабылбадыбы. Балам аял албаса койсун, аман-соо кашымда турса эмне” дей бергени жанын ачытты. Ыйлай бергени тажатты. Башында көңүл бурбай өз ишин кыла берчү. Бирок суу ташты кемиргендей ар бир сөз анын жан дүйнөсүн ыйлатып жатты.
– Айкөл, суу...- деди Айдар.
Ордунан тура калып, терезеде турган суусун алып Айдардын башын көтөрө берип суу ичирди. Энтиге суу жуткан күйөөсүнүн маңдайынан сылады.
Шоола түшүп турган жарыктан анын ыйлаган жүзүн байкады Айдар. Кабагы чытыла берди.
– Ыйладыңбы?
– Жок.
– Алдабачы.
– Ыйлаган жокмун...
– Мына, үнүң да калтырап кетти го. Ыйлапсың...
Айдар оор үшкүрдү. Жанын ачыткан Айкөлдүн ыйы эмес эле, ал баарына акылы жетип турган. Белден ылдый кыймылы жок калган таштай оор денеси болчу. Мындан ары кимдир бирөөнө муктаж болгон абалы болчу.
(Уландысы кийинки санда)