Эрлан Абдыкапаров: “Биз таанышкан күндү унутуп болбойт...”

“Жан шерик” рубрикабыздын бул жолку коноктору – Талас облустук Көк бөрү федерациясынын президенти Эрлан Абдыкапаров менен жубайы Наргиза Кенжекул кызы болду. Он жылдан ашуун чогуу түтүн булатып, эки баланы тарбиялап келе жатышкан түгөйлөр менен алгачкы таанышуусу, үй-бүлөлүк жашоосундагы кызыктар тууралуу пикир алыштык.

 

– Саламатсыздарбы, алгачкы сурообуз экөөңүздөргө тең болсун, качан, кантип таанышып калгансыздар?

Эрлан: – Биз ал күндү эч качан унутпасак керек. 2013-жылы 1-июнда Бишкектеги Асанбай сейил багынан таанышканбыз. Бизди балдызым тааныштырган десем да болот, Наргиза сиңдисин ойноткону алып чыгып, сейил бактан жоготуп алыптыр. Анан мен таап алпарып берип, ошол жерден таанышып калганбыз.

Наргиза: – Билесиздер да, 1-июль – Балдарды коргоо күнү эмеспи. Сейил бакта эл абдан көп болчу, жетелеп жүргөн сиңдимди бир заматта эле таппай калдым. Эрлан аны таап ээрчитип келгенде абдан сүйүнгөм. Чын эле ал күн эсте каларлык болгон.

– Наргиза айым, айтсаңыз, таанышканыңыздарда Эрлан мырзанын кайсы сапаты же мүнөзү сизди кызыктырды эле?

– Башынан эле мага Эрландын чечкиндүүлүгү жана тырышчаактыгы жагат. Менин оюмча, булар мырзаларга эң керектүү сапаттар.

– Эрлан мырза, сиздичи?

– Оор басырыктуулугу жаккан. Таанышканыбызда эле Наргиза келечекте жубайым болорун билгем (күлүп). Анан сабырдуулугу, ачык-айрым мүнөзү жана адамгерчилиги жагат. Жумушка байланыштуу сырт жактарга көп чыгам да, ушул күнгө чейин бир да жолу бул жөнүндө кеп козгоп, куру кызганычка алдырбай, дайым түшүнүү менен мамиле кылат.

– Канча убакыт кыз-жигит катары сүйлөштүңүздөр? Бири-бириңиздерди жакшы эле билдиңиздерби?

Э.: – Кыз-жигит катары бир жылдай сүйлөштүк. Ооба, бизге бир жыл жетиштүү эле болду, бири-бирибизди таанып-түшүнгөнгө.

– Негизи кандай ойлойсуздар, кыз-жигит болуп көпкө жүргөн жакшыбы же эрте баш кошуп алганбы?

Э.: – Билбейм, ар кимге ар кандай болуш керек. Бирок абдан көпкө созуп жүргөн деле жакшы эмес.

Н.: – Бул суроого так жооп бере албайм. Анткени баары сүйлөшкөн адамыңа, мамилеге жана ниетке жараша болот го деп ойлойм.

– Улакчыга жубай болуунун өзгөчөлүгү же кыйынчылыгы эмнеде?

Н.: – Чынын айтсам, бул жөнүндө ойлонбоптурмун деле. Эрлан менен сүйлөшүп жүргөндө эле көк бөрүгө болгон кызыгуусун билип, кабыл алгам.

Э.: – Мен толуктай кетейин. Жогоруда айткандай, сырт жактарга көп чыгам, Бишкекте болгондо деле убактымдын көбү аттар менен өтөт. Наргиза өзү үчүн эч нерсе дебесе да, кээде “балдар сени көрбөй калышты го” деп таарынгансып калат. Чынында эле мен үйгө келгенде балдар уктап калган болот, эртең менен кетип жатканда да уктап жатышкан болот.

– Махрга эмне сурагансыз?

Н.: – Сураган эмесмин. Бирок никебизди кыйган молдо Эрланга “махрга бир нерсе беришиң керек” дегенинен Эрлан “100 миң сом берем” деп убада берип, кийин берген.

– Үйдө кандай ата-энесиздер?

Н.: – Эрлан мээримдүү жана балдарына “жок” деген сөздү айта албаган ата. А мен көп нерсеге уруксат бербеген апамын.

Э.: – Кызым да, балам да мага абдан жакын. Балам мага окшоп аттарды жакшы көрөт.

– Кайсы жердин кызы болосуз? Жаңы үй-бүлөгө бат эле көнүп кеттиңизби?

Н.: – Таластын кызы болом. Жаңы келин болуп келгенде эле кызындай кабыл алышкан. Жылуу сөздөрдү угуп, бат эле көнүп кеткем. Жолдошум төрт бир тууган, баары эркек балдар. Эрлан үйдүн улуусу, мен дагы үйдүн улуу кызындай эле болуп калдым окшойт.

– Кайнененин тарбиясын алдыңызбы же бөлүнүп өзүнчө жашайсыздарбы?

Н.: – Чогуу жашайбыз. Азыркыга чейин апамдын тарбиясын алып, көп нерселерди үйрөнүп келем.

– Таласта "күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр" деп күйөө балага көп кызмат кылдырышпайт дешет, ушул жагынан сизде кандай болду?

Э.: – Кызмат кыла элекмин. Наргиза да мага окшоп бир үйдүн улуусу. Таласка барганда конок болуп эле кайра келем. Баары сыйлап турушат. Эгер кызмат кылышым керек болсо, ал нерседен качпайм.

– Үйдөгү ички эреже, ички мыйзамдарды ким жазат? Сиздердин үйдө эмне кылганга болбойт, мисалы?

Э.: – Биздин үйдө көп нерсени ата-энем чечет. Кеңешип иш кылабыз. Үйдө эмне кылууга болбойт? Үйдө такыр спирт ичимдиктери ичилбейт. Анан сөзсүз тазалык, тартип болуш керек.

Н.: – Атам (ред.: кайнатасы) абдан акылдуу, сабырдуу, орду менен сүйлөгөн киши. Атамдын айтканы биз үчүн мыйзам. Улууларга каяша айткан болбойт. Анан муздаткычты жөн эле ача бергенге болбойт. Тамаша, албетте (күлүп).

– Үй-бүлө бекем болушу үчүн эң зарыл нерсе эмне деп билесиздер?

Э.: – Ишеним, колдоо, жоопкерчилик.

Н.: – Сүйүү, ишеним, түшүнүү жана колдоо.

– Ким көп тамашалайт?

Н.: – Экөөбүз тең көп тамашалайбыз. Бирок мен кээде тамашаны көтөрө албай ыйлап калам.

Э.: – Тамашалашканда аша чаап деле эч нерсе кылбайбыз. Болгону Наргиза аял киши да, сезимтал. Кээде бир аз жашып калат.

– Балдар кандай тарбияланып жатат? Алардын тарбиясына ким көбүрөөк жооптуу?

Н.: – Балдарыбыз, буюрса, акыл-эстүү, жоопкерчиликтүү болуп чоңоюп келе жатышат. Эркеликтери бар бир аз. Алардын тарбиясына ата-эне катары экөөбүз тең көңүл бурабыз.

Э.: – Наргиза ушинтип бардык жерде мени колдоп турат (күлүп). Канчалык аракет кылсам дагы көп нерсе Наргизанын моюнунда болуп калып жатат. Албетте, ата катары балдарымдын жашоосунда, тарбиясында өз ордумду татыктуу ээлегенге аракет кылып келем. Бирок жумушка байланыштуу үйдө көп болбой, балдардын сонун учурларын өткөрүп жиберип жатам.

– Бири-бириңерге “сүйөм” деген сөздү көп айтасыздарбы?

Э.: – Балким, тарбиямданбы көп айта албайм. Бирок дайым иш жүзүндө далилдегенге аракет кылам. Белектерди көп бербесем дагы айфондун үлгүсү жаңырган сайын мен дагы Наргизанын телефонун жаңылап турам.

Н.: – Ал сөздү мен көп эле айтам. Эрлан көп айтпайт, бирок чын эле иш-аракети менен далилдейт.

– Сиздердин үйдө эң көп жасалган тамак?

– Албетте, беш бармак (бир ооздон).

– Маегиңиздер үчүн рахмат. Кичинекей мамлекетиңиздер чоңоё берсин, ийгилик сиздерге.

– Сиздерге да рахмат!

 

 

Асел Нурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1177, 4-10-июль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан