Кыздар, жигитиңиз менен келечек турмушту пландоодон мурда анын көбүнчө кандай абалда уктаарына көз салганыңыз жөн. Жигиттин кандай абалда уктаганынан кызыктуу көп маалымат биле аласыз. Анткени окумуштуулардын аныктамасына ылайык, уктап жаткандагы абал анын чыныгы мүнөзүн чагылдырат.
“ААЛАМ БОРБОРУ” АБАЛЫ
Кандай жатат? Капталынан, сизге абдан жакын, бетме-бет.
Мүнөзүнүн жакшы жактары. Үйдүн жайлуулугун баалайт. Таза жана жылуу үйдө жатып алып, өзүн ааламдын борбору катары эсептеп, жыргайт. Кызганчаак эмес. Сүйгөнү көзүнө чөп салса, аны трагедия катары эсептебейт.
Жаман жактары. Берилип сүйө албайт. Камкор ата жана күйөө болуудан алыс. Ойнош таап жана таштай берүүгө жөндөмдүү. Бир калыптагы жашоо аны улам жаңы окуя издөөгө түртөт.
Иши. Карьерага умтулбайт. Катуу көзөмөл жүргүзүлбөөчү иштерди тандап алат.
“ТЕҢ САЛМАКТУУ” АБАЛ
Кандай жатат? Жаздыкты (же сүйүктүүсүн) кучактап, капталынан уктайт.
Мүнөзүнүн жакшы жактары. Оор басырыктуу, тең салмактагы, чечкиндүү эркек. Туюктан да жол таап чыгып кете алат. Өз мүмкүнчүлүгүн жана турмуштан эмне алгысы келерин так билет. Төшөктө назик жана жагымдуу. Түрдүү ыкмаларды колдонуп эсиңди оодарат.
Жаман жагы. Ашыкча эле олуттуу жүрөт, жалкоо, кокус ойнош күтсө, анысын таштабайт.
Иши. Жаман жетекчи чыкпайт. Эгер жетекчиси анын ишин баалап, орунга көрсөтсө. Анткени кызмат орунга өзүн көрсөткүсү келбейт жана жулунбайт. Ошол себептүү дайым экинчи ролдо жүрөт.
“КЕП ЖЕБЕС” АБАЛЫ
Кандай жатат? Төшөктө чалкасынан түшүп, туурасынан жатып уктайт.
Мүнөзүнүн жакшы жактары. Камкор ата. Бир сүйсө катуу сүйөт жана ал сезимди өмүрү өткүчө сактайт. Кокус ажырашып кетсе, анда кайра үйлөнбөшү мүмкүн.
Жаман жактары. Эгер жылып кете берип, акырында туурасынан жатып калса, анда ал буйрук бергенди сүйгөн, “кеп жебес” эркек. Булар менен мамиле түзүү кыйын, бирок айым жумшак мамиле кылып, керек жерде ийилип турса, мыкты күйөө боло алат. Өзү каалаган учурда аялын төшөккө сүйрөө адаты.
Иши. Акча көп болуусу үчүн суткалап иштөөгө даяр.
“ТАЯНЫЧ ИЗДӨӨЧҮ” АБАЛ
Кандай жатат? Колу-бутун бүгүп, капталынан бүрүшүп жатат.
Мүнөзүнүн жакшы жагы. Ишенимдүү дос.
Жаман жактары. Сыртынан билинбегени менен, өзүнө ишенимдүү эмес. Ички дүйнөсүнүн кандай экендигин билүү өтө кыйын. Өтө камкор ата боло албайт. Мындай эркекке бекем таяныч боло турган айым керек. Андай айым күчтүү эрктин, катуу мүнөздүн ээси болуп, балдарына кошо күйөөсүн да коргоп турушу кажет. Төшөктө өзүмчүл. Каалаган ыкмада зордоп болсо да кошулууга барат.
Иши. Карьера жасоодон алыс. Бир эле иште, бир эле орунда узакка иштей берет.
“КОРГООЧУ” АБАЛЫ
Кандай жатат? Сизге жабышып, капталынан жатат.
Мүнөзүнүн жакшы жактары. Өзүн сизди жаман адамдардан коргоочу катары эсептейт. Ойнош күтүүдөн алыс. Үйдө башкы роль эркекке таандык деп эсептейт.
Жаман жагы. Төшөктө өзү рахат алууга гана умтулуп, сүйүктүүсүнүн кызыкчылыгын ойлоп койбойт.
Иши. Бир кызмат орунга көтөрүлсө, ал орунда узак жылдар кармалып отура берет.
“ЭРКЕ” АБАЛЫ
Кандай жатат? Убак-убагы менен колун артка таштап, чалкасынан уктайт.
Мүнөзүнүн жакшы жактары. Өзүнө жана жашоосуна ыраазы. Кыйынчылыктар аны улам курчутуп турат. Мындай эркектерди аялдардан жолдуу, башкача айтканда, тагдырдын эркеси деп атоого болот. Анткени булар айымдардын көзүнө бат түшүп, алар азгырып турушат. Демек, ойнош күтүүдө жана сексте мыкты.
Жаман жактары. Өзүмчүл. Кээде кыйкымчылдыгы кармай түшөт. Башкаларга камкордук көрүүнү сүйбөйт.
Иши. Кызмат орундарга жулунбайт. Анткени ишим ансыз деле жакшы дешет.
“КОЖОЮН” АБАЛЫ
Кандай жатат? Көмкөрөсүнөн жатып, акырындап керебеттин ортосун көздөй жыла берет. Жылган сайын жаздыгын жана жуурканын кошо жылдырат.
Мүнөзүнүн жакшы жактары. Жооптуу жана ишине так. Төшөктө өзү менен кошо сүйүктүүсүн да рахатка батыра алат. Өтө чанда гана көзгө чөп салат.
Жаман жактары. Сараң, өз алдынча чечим кабыл алганды сүйөт жана кызганчаак.
Иши. Кызматтан бат көтөрүлөт.
ЭМИ “КАМАСУТРА” ШОКОЛАДДА
Сыртына гүлдөр, гүл желекчелери тартылган көк түстүү оромдогу шоколад сыртынан ичтейди ача бербейт. Бирок аны ача келсең, шилекей гана акпастан, кан тамырлар да катуураак сого баштайт. Анткени шоколадда“Камасутрадагы” сүрөттөр түшүрүлгөн. Мисалы, биринде айым эркектин “алигисин” оозу, тили менен “эркелетип” жатат. Биринде 3 эркек бир айым менен “акробатикалык ыкмада” жыргалга батууда.
Бул шоколад түрү учурда Орусиянын Новосибирск шаарында чыгарылып, 500 рублдан сатылууда. Эл анын баасынын кымбаттыгына карабай сатып алууда. Сыягы бир жагынан жаңылык катары бааланса, экинчи жагынан көрсөтмө курал катары да пайдаланып жатат окшобойбу. Башкысы, бул таттуу балдардын колуна тийбеши керек.
Астра Айдарова
erotika@super.kg