“Япондордо улуттук баалуулуктарды өнүктүргөн кишилерге сүт, айран берип, айлыгын көтөрүп, мамлекет камкордугуна алган сымал бизде да улуттук оюндардын бардык тармагына, айрыкча ат оюндарына көңүл жакшы бурулуп жатат” деген каарманым – көбүнчө үнү менен көпчүлүккө таанымал Бакай Шүкүров. Агабыз ат чабыш оюндары боюнча ага машыктыруучу, усулчу, комментатор болуп бир нече жылдан бери эмгектенип келет. Ушул тармакты ийне-жибине чейин билип, талыкпай эмгек кылып келе жаткан каарманымды ат чабыштагы кубандырган нерселер, пландалган иштер, кандай көйгөйлөр бар экенине кулак салдык.
Ат чабыштын орду...
– Бардык улуттук оюндардын орду бийик, бирдей. Бирок ат чабыш оюндарынын төрөсү – бул аламан ат чабыш. Атты кармай билүү, таптай билүү деген өзүнчө өнөр, ал эми ат чабыштар кыргыздын жүрөгүндө кан-жаны менен кошо жашайт. Анын берген деми – бул намыс. Мисалы, тарыхыбызга, тереңибизге үңүлсөк, Манас атабыздын Аккуласы Каркырада биринчини камсыздап, кыргыз элине намыс алып келген эмеспи. Каныкей энебиздин Семетейди кайра Таласка алып кетейин деп Тайторуну 60 асыйында төлгө кылып чапканын билебиз. 15-кылымдан кийинки кыргыз-казак ортосундагы ат чабышта эмне деген күлүктөр болгон. Мисалы, Кыдыр акенин Тайкашкасы, Атаке бийдин Керкулун күлүгү, Байтик баатырдын Керкашкасы, Матай бийдин Карагери жана башка ушул сыяктуу даңазалуу адамдардын даңазалуу күлүктөрү болгону баарыбызга белгилүү. Булар кыргыздын даңазасын арттырып турган, намыс бербей турган күлүктөрү болгон да. Азыр да ушул максатта эр намысын, эл намысын талашып жаткан күлүктөр өтө арбын.
Көк бөрү менен ат чабыштагы азарт...
– Ат чабышта канча чакырымга чуркаса да аттын күлүктүгү, аны таптаган саяпкердин эмгеги, чаап бараткан баланын коркпой жанындагы аттарды “канткенде ашам, кантип баш байгени алам?” деген умтулуусу сезилип турат. Бул тармакка башын киргизген адам чыга албайт. Мына, ат чабыш оюндарынын улуулугу ушунда. Чыныгы күйөрман болуш үчүн ат чабышты сыналгыдан эмес, жерине барып көрүш керек. Канчалаган чакырымды тынбай, бир дем менен чуркап өтүшүнүн өзү кандай чоң эмгек?! Мында саяпкердин эмгеги чоң, аттын тилин билет. Мисалы, саяпкер мыкты болгону үчүн ортозаар эле ат алдынкы орундарды алышы мүмкүн. Же бир күлүк ат жакшы саяпкерге туш болбой кор болуп жатышы ыктымал.
Ал эми көк бөрү элдин баары канын-жанын берип, сүрөп-колдоп турган кумар оюн. Мында эки балбан жигиттин ортосунда такымга басылганды кыйыны жулуп алуу менен күч сыналат. Көк бөрү уңгусунан, эрежесинен алыстап, кишини, атты какмай көбөйүп, аттын бели сынып жатабы, адамдын буту сынып жатабы, ага карабай эле көмөлөтө сүздүрүп калышкан. Бул көк бөрү тартыш, улак тартыш эмес эле, көк бөрү кагышка алып барды. Эми минтип тыюу салынып турган учуру. Буга себеп оюндар көп. Мисалы, 2023-жылкы Ош облусундагы көк бөрү оюну эл арасында жаңжалды жаратып, “Тез жардам” унаасын талкалаганга чейин барышкан. Андан кийинки Казакстандагы Көчмөндөр оюндарындагы көрүнүштөр. Эреже бузуулардын аягы адам өлүмүнө чейин алып барды. Мындай көрүнүштөр элди бириктирбей, ажырымга алып бараткандай болгон. Быйыл эскертүүнүн негизинде токтоп турат, эми эрежелерди жакшы иштеп чыгып, тартип менен гана оюнду улантуу керек. Элдин купулуна толгон оюн да, баарыбыз уланса деп көксөп турабыз.
Ат чабыш оюндарынын байма-бай өткөрүлүшү...
– Кудайдын кулагы сүйүнсүн, быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу ат чабыш оюндары байма-бай өткөрүлүүдө. Январь айынын аягында эле сынак ат чабыштар болуп, февраль айында чоң-чоң ат чабыштар башталды. Марттан бери айына 3-4 жолудан республиканын булуң-бурчунда мамлекеттик, облустук деңгээлдеги, шерине ат чабыш, той-аштарга байланыштуу чоң ат чабыштар өткөрүлүп жатат. Алдыда 5-июлда туристтик сезондун ачылышы, 25-июлда Айыл чарба министрлигинин Кубогу деген чабыштар пландалган. Август, сентябрда да 2-3төн ат чабыш болот.
Ат чабыштын дагы бир түрү – марафон ат чабыш өнүгүүгө багыт алганын кошо кетпесем болбойт. Бул түрүндө аттын туягынын бекемдиги сыналат. 12-13-июлда Суусамыр өрөөнүндө 120 чакырым аралыкка марафон пландалган. Мындай түрү Казакстанда көп эле өткөрүлөт. Мисалы, 10-майдан 15-майга чейин 5 күн 500 чакырымга чабуу боюнча 19 команданын катышуусунда марафон өттү. Бизден 2 команда барып, бирөөсү 2-орунду алып, 50 миң доллар байге менен кайтты. Мында аттар күнүнө 100 чакырымдан чуркашты.
Бүйүр кызыткан байгелер...
– Байге фонду ат чабыш оюндарынын өнүгүшүнө, ат ээлерине, саяпкерлерге абдан чоң стимул берет. Быйыл тарыхыбыздагы эң чоң байгелер коюлууда. Мисалы, 3-майда министрлер кабинетинин төрагасынын Кубогунда 4 миллион сомдук байге коюлду. Президенттин атынан буга чейин 3 батир, 1 автоунаа коюлган. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 6 миллион сомдук эң чоң байге фонду менен 24-майда Талас Кубогу уюштурулду. Таластык жаш бизнесмен балдар демөөрчүлүк кылып, ат чабыштын популярдуулугун арттыралы, өнүктүрөлү, Кыргызстан ичинде ынтымакты кармайлы деген максатта болду. Бул шеринени ысык-көлдүк ишкерлерге узатышты. Байгелер көтөрүлгөн сайын казактар арбын келип башташты. Бул жакшы саамалык, жакшы жөрөлгө. Ат ээлеринин кеткен чыгымы, саяпкерлердин эмгеги акталып, кызыгууну арттырууда.
Аргындаштырып тукум алуу...
– Акыркы жылдары аттар аябай көбөйдү. Сырттан мыкты жылкыларды алып келип, Кыргызстандагы асыл тукум аттарды аргындаштырып өзүбүздө туулган кулундарды чыгаруу абдан жакшырды. Мурда Европадан, Орусиядан күлүк аттарды алып келип байгелерге кошуп жүрсөк, эми өзүбүздө эле туулган аргымактар аларды утуп койгон учурлар көп. Ат чабыш оюндарынын күйөрмандары үчүн кызуу талкууларды жаратып жаткан кези.
Ат майдан көйгөйү...
– Азыркы көйгөйүбүз – ипподром маселеси. Чолпон-Атадагы жана Оштогу ат майдан эле көзгө көрүнөрлүк. Бишкекте Астанага, Ташкентке курулгандай заманбап, мыкты деңгээлдеги ат майдан курулса жакшы болот эле. Анткени сырттан казактар, башка мамлекеттин өкүлдөрү келсе аларды уялбай, жүзүбүз жарык тосуп алганыбыз жакшы да. Талаа-түзгө, тоонун этегине чаба берген деңгээлден өтүшүбүз керек.
Ат менен кыргыздын байланышы...
– Азыр аттан корккон балдар көп болгону кейитет. Кыргыз баласы ат миниш керек, ат мингендин ден соолукка пайдасы көп экенин врачтар да айтып келишет. Ат минип жүргөн аксакалдар узак жашаган. Балдарга ат мингизүү, тай мингизүү зарыл болуп турган чагы. Мындай балдар келечектүү, нак кыргыз болуп чоңоёт, кыргызды, Манасты тааныйт. Ат менен сырдаш болот. Ат тармагына кетпейт, бирок башка жумушта жүрсө да көкүрөгүнө чоң энергия алат. Азыркы келечек муунубуз атка жакын болсо, улутубуздун уңгусу болгон улуттук ат оюндарыбыз да өнүгүүсүн улантат эле.
Асел Ишенбай кызы